Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:27

Жаңы-Жерде да окуя катталды, Курсан Асанов эл менен жолугууда


Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов ушу тапта Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүп жатат.

«Азаттык» аны менен телефондон байланышып, төмөнкүдөй маалымат алды:

- Бул жакта, Жаңы-Жерде баары көзөмөлдө. Баары тынч. Жаш балдардын инциденти болуп кеткен экен. Ошол боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

Бүгүн, 5-июнда Сокулуктун Төмөнкү Орок айылында да өспүрүмдөр арасында жаңжал чыгып, эки бала ооруканага түштү, алардын абалы туруктуу экенин дарыгерлер айтууда.

Эки адам, алардын бири өспүрүм, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мындан тышкары дагы 30дай адам кармалды. (BTo)

XS
SM
MD
LG