Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

Жаңы-Жердеги окуя боюнча айылда жыйын өткөнү жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сокулуктун Жаңы-Жер айылындагы окуя боюнча ушу тапта айылда жыйын өткөнү жатат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Дүйшөнов билдирди:

- Майда балдар бири-бири менен таарыныша кетиптир. Андай деле мушташ эмес. Эл менен түшүндүрүү ишин жүргүздүк. 40-50дөй киши чыкты, көчөгө. Азыр тарап кетишти. Жабыркагандар жок. Улут аралык эч нерсе жок. Азыр чогулушка киргени жатабыз. Медреседе өтөт чогулуш. Ороктогу окуяга эч байланышы жок.

Дүйшөновдун айтымында, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө беш айыл карайт, эли 1792 түтүн. Анда 26 улуттун өкүлү жашайт.

Бүгүн Сокулуктун Төмөнкү Орок айылында балдар мушташа кетип, эки өспүрүм ооруканага түштү. Эки адам шектүү катары милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Дагы 31 адам шектүү катары Сокулук милициясынын имаратында кармалып турат. Окуя болгон жерге ички иштер министри Кашкар Жунушалиев барды. Азыр абал туруктуу экени расмий айтылды. (BuS)

XS
SM
MD
LG