Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Дарыгерлер Төмөнкү Орокто жабыркаган эки бала боюнча маалымат берди


Төмөнкү Орок айылы. 5-июнь, 2019-жыл.
Төмөнкү Орок айылы. 5-июнь, 2019-жыл.

Чүйдүн Төмөнкү Орок айылындагы окуядан жабыркаган эки бала Бишкектин №3 балдар ооруканасында дарыланып жатышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, бир бала ыкчам терапия палатасында, экинчиси нейрохирургия бөлүмүндө. Экөөнүн тең абалын дарыгерлер туруктуу деп баалап жатышат.

Бүгүн, 5-июнда Чүйдүн Төмөнкү Орок айылында мечитте Айт намаздан кийин чыгып баратып үч өспүрүм бала уруша кетип, мушташ чыккан.

Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене («Ээнбаштык») менен катталды.

«Эки адам дароо убактылуу кармоочу жайга киргизилген, бирок жабыркаган баланын туугандары нааразылык билдирип, мыйзамга дал келбеген иш-аракеттерди кылышкан» деп билдирди милиция өкүлү.

15 үйдүн терезеси сынганы да кабарланды. Бир жерде жыйылып турган чөп өрттөлгөн. 25-30 киши Сокулук милициясына жеткирилди.

Окуя болгон жерге ички иштер министри Кашкар Жунушалиев барды.

Алгач бир бала жабыркады деген маалымат тараган. (AiN)

XS
SM
MD
LG