Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Мугалимдин өлүмү муундун өксүгүн көргөздү


Маркум Али Абубакар. (Сүрөт анын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.
Маркум Али Абубакар. (Сүрөт анын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.

Бишкектин чок ортосунда нигериялык жарандын токмоктолуп өлтүрүлүшү өлкөнүн беделине сокку ура турганы айтылууда.

Мындай агрессия социалдык чыңалуу күчөп турган коомдогу тарбиянын кесепети катары каралып, токтоосуз чара көрүүгө убакыт жеткенин айтып, коңгуроо каккандар да болду.

Алинин өлүмү коомду беймаза кылды

Бир катар кыргызстандыктар социалдык тармактарда Бишкекте 20 жылдан бери балдарга англис тилин үйрөтүп келген нигериялык Али Абубакардын өлүмүнө байланыштуу көңүл айтып жатышты.

Айрым дүйнөлүк маалымат сайттары "Кыргызстанда нигериялык жаран улуттук жек көрүүнүн курмандыгы болду" деген мазмундагы жаңылыктарды жарыялады.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев мындай кабарлар өлкөнүн беделине чоң сокку ура турганын билдирди.

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

"Бул абдан өкүнүчтүү иш болду. Бир зөөкүрдүн айынан эл аралык маалымат каражаттарына "Кыргызстанда чет элдик мугалимди уруп, өлтүрүп коюшту" деген кабар тарап, дүйнөгө жакшы эмес жагыбыздан таанылып отурабыз. Мындай маалымат өлкөбүздүн беделине залакасын тийгизет. Негизи эле мен биздин коомдо, айрыкча жаштар арасында агрессия күч экенин байкап жүрөм. Индиялык же пакистандык студенттерди да жолдон тосуп алып, ыдык көрсөткөн учурлар бар экен. Ал тургай милиция кызматкерлери алардан акча талап кылган учурлар боюнча бизге арыз-даттануулар түшкөн. Соңку мезгилде Кыргызстанда меймандостук, толеранттуулук, айкөлдүк, кечиримдүүлүк деген сапаттар четке сүрүлүп, алардын ордуна маселени радикалдуу жана агрессивдүү ыкма менен чечүүгө ынтызар маанай күчөгөнүн көрүүгө болот".

Нигериялык 34 жаштагы Али Абубакар Бишкектеги «Cambridge School» мектебинде сабак берчү. Анын сөөгү 5-июлда Байтик айылындагы Чоң-Арык көрүстөнүнө коюлду.

Али Абубакарды акыркы сапарга узатуу учуру.

Чет элдик жаран Бишкекте жерге берилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:02 0:00

Инвестиция менен туризмдин санаасы

Чет элдик медиада бул окуя Кыргызстандагы криминалдык кырдаалдын күчөшү катары мүнөздөлүп, жаңылыктардан чагылдырылышы өлкөнүн туризм тармагына жана инвестициялык климатына терс таасирин тийгизиши мүмкүн дегендер бар.

Парламент депутаты Максат Сабиров Бишкектин чок ортосунда чет элдик жаранга кол салган окуяны кокустук деп атоого мүмкүн эмес деп эсептейт:

Максат Сабиров.
Максат Сабиров.

"Чынын айтканда мындай нерсени кокустук деп айтууга болбойт. Эгерде биз "туризмди өнүктүрөбүз, чет элден инвестиция тартабыз" десек, анда биз чет өлкөдөн келген конокторго, туристтерге жана инвесторлорго аяр мамиле кылышыбыз керек. Негизи кайсы гана өлкө болбосун коомдук-саясий кырдаал туруктуу болгондо, коомдук тартипке көңүл бөлүнүп, адамдардын коопсуздугу корголот. Бизде билим берүүнүн жана тарбиянын абалы начар. Ошондуктан тарбияны бала бакчадан башташыбыз керек деп айтып жүрүп, үнүбүз жетпей койду. Баланы жашынан тарбиялай албасак, чоңойгондо пайдасы жок да. Мына ошонун кесепетин тартып жатабыз.

Интернеттеги социалдык тармактарда бир топ блогерлер чет элдик мугалимди уруп, өлтүргөн кылмышкер мыйзамдын бардык катаалдыгы боюнча жазаланышын талап кылышты.

Уруп өлтүрүү үчүн жазанын укуктук чарасы

Кылмыш укугу боюнча адистер токмоктун мындай кесепеттерин денеге оор жараат келтирүүдөн адам өлүмүнө алып келген жагдай катары карашат. Ошондуктан Жазык кодексинде ал карасанатайлык менен адам өлтүрүүдөн айырмаланып турат.

Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев бул окуя тергелип бүтмөйүнчө бир жактуу баа берүү туура эместигин айтып өттү:

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

"Бул ишти бир жактуу улуттук жек көрүүнүн кесепети катары кабыл алуу туура эмес. Укуктук термин менен айтканда, денеге оор жараат келтирип, анын кесепетинен адам каза тапкан жагдай өзүнчө берене менен каралат. Бул атайылап адам өлтүрүүнү көздөп, карасанатайлык кылуу эмес. Уруша кетип, адамды талылуу жерге муштап койсо, каза болуп калган учурлар көп катталат. Мен адамды өлтүрө урган кишини актагым келбейт. Бирок ал деле адам өлтүрөйүн дебесе керек. Эми бул ишти териштирип, каза тапкан чет элдик жарандын жакындарына бир кишинин туура эмес аракети үчүн бүтүндөй өлкөгө баа берүү туура эмес экенин түшүндүрүү керек. Укук коргоо органдары да буга окшогон окуялардын алдын ала турган жана коомдук тартипти чыңдоого багытталган чараларды күчөтүп, иштен жыйынтык чыгарууга тийиш".

Кабатыр кылган "калдык муун"

Бир зөөкүрдүн иши бүтүндөй коомдун бетине чиркөө болгонун мисалга тарткан айрым жарандар бул окуяны жаштар арасындагы адептин, жүрүм-турумдун жана тарбиянын начарлашынын кесепети катары карашты. Алардын бири - алып баруучу Эркин Рыскулбеков:

"Азыркы жаштар - 1990-2000-жылдары төрөлгөн балдар да. Мына ошол кезде ата-эне, коом жана мамлекет тарабынан алардын тарбиясына жана билимине көңүл бурулбай, каралбай калган жагдайдын кесепетин азыр көрүп жатабыз. Биз ошондон эч сабак албай койдук. Ошол эле соода борборунда бир жылдай мурун анда иштеген соодагер жигит кардарды уруп, өлтүрүп койгон. Азыр эми өзүбүздүн жарандар калып, чет элдиктерге асыла башташты. Бул өтө кооптуу. Бул окуя биздин коом үчүн кандай муун өсүп келе жатканын айгинелей турган абдан коркунучтуу коңгуроо. Биз буга карата кандайдыр бир чара көрбөсөк, кеч болуп калышы мүмкүн", - деди Эркин Рыскулбеков.

Буга чейин балдар менен өспүрүмдөргө билим жана тарбия талаптарын күчөтүү маселеси мамлекеттик билим берүү саясатын камтыган концепцияда каралса да, бул тармакта ата-эненин, коомдун жана мамлекеттин жоопкерчилиги жогорулабай жатканы сынга алынган болчу.

"Азаттыктын" архиви: Караларды пир туткан жаштар

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG