Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:21

Ошто кыздардын мушташы иликтенүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Ош шаарындагы эки мектепте окуган кыздар ортосундагы мушташтын айынан бири ооруканага түшүп, абалы канааттандырарлык экени маалым болду.

Мектеп жетекчилери бул окуя рэкетчилик менен байланышы жоктугун жана чатак бирин-серин гана учур экенине ишендирүүдө. Кантсе да милиция менен бажы кызматкеринин кыздары катышкан бул чыр адистерди кабатырга салды.

18-сентябрда болгон окуя анын катышуучуларынын бири интернетке мушташ тууралуу жазып жибергенден кийин гана белгилүү болуп отурат. Чатакка катышкан кыздардын айтымында, алардын чырында чоң деле маселе болгон эмес экен.

Кыздар кинодон, турмуштан, ар башка жагдайлар терс тарбия алып, рэкетчиликти мода көрүп атканы да ушуга алып келип атат.

Шаардагы “Кыргыз-түрк достугу” деп аталган №52 мектептен №14 мектепке которулуп келген 9-класстагы Роза аттуу окуучу кыз ал жердеги жаңы курбалдаштары тарабынан жерип-бөлүүгө кабылат. Анан ал мурдагы мектебинен эки-үч досун чакырып, жаңы мектептин кыздары менен көйгөйдү чечүү үчүн мектептен сыртка чыгышат. Натыйжада келише албаган эки тараптын "көзүрлөрү" мушташа кетишет. 14-мектептин окуучу кыздарынын бири окуяны мындайча сүрөттөдү:

- Айзат бизге телефон чалып, 52-мектептин кыздары менен сүйлөшүп келели дешти. Анан биз макул болуп барсак, Айзат менен тигилердин Бегимай деген кызы сөзгө келбей эле мушташып кетишти. Акыры Бегимай Айзатты баса калып уруп салды. Биз ажыраталы десек, экөө такыр болбой койду. Акыры ал Айзатты кечирим суратып атып, анан коё берди. Биз ошо боюнча таркап кеттик.

52-мектептин чырга аралашып калган окуучусу да окуянын ушул эле версиясын айтууда:

- Сабактан чыгып үйгө кетип баратканыбызда Бегимай деген досубуз телефон чалып чакырып калды. “Кулатов кичирайону жакка келгиле, сүйлөшөбүз” деп айткан. Барсак, ал Айзат деген кыз менен мушташа кетти. Себебин биз такыр билбейбиз. Бул жерде эч кандай рэкетчилик жок, биз ал кыздарды тааныбайбыз, алар бизди тааныбайт. Экөө эле мушташканы болбосо биздин колубуз эч кимге тийген жок.

Оштогу мектептердин бири
Оштогу мектептердин бири

Бирок баары бир окуучу кыздар окуянын чыныгы себебин ачык айткылары келген жок. Мушташты деген Бегимай менен Айзат аттуу окуучулардын бири милиция кызматкеринин, экинчиси бажы кызматкеринин кызы экендиги аныкталды. Алардын ата-энелери окуя боюнча комментарий берүүнү каалашпады. Тек гана жабыр тарткан окуучу Айзаттын абалы канааттандыраарлык экенин кабарлашты.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов жагдай тууралуу буларды айтты:

- Негизи мектептерде класс жетекчилер окуучулар менен такай тарбиялык иштерди алып барып атышат. Бул бирин-серин гана орун алган окуя. Ушул окуучу кыздардын мушташы Ош шаарындагы мектептер арасында быйылкы жылы катталган биринчи факты. Анын үстүнө бул эки тараптын жөн гана пикир келишпестиги болгон. Окуучулардын ата-энелери да маселени келишим жолу менен чечишкенин айтып, “силер биздин балдарыбыздын турмушуна, келечегине зыян келтирип, ар кимге окуя тууралуу маалымат бербегиле” деп талап кылып атышат. Эми мындай пикир келишпестиктер окуучулар арасында эле эмес, чоң кишилердин арасында да болуп, ал тургай соттошууга чейин жеткен учурлар кездешет. Окуучулардыкы өз алдынча каралып калгандыгы үчүн гана “окуучу мушташты” деп эле дүрбөлөң болуп кетет. Ошол себептүү азыр биздин мектептерде рэкетчилик бар деген маалымат жалган. Биз азыр мындай маселелерди жоюунун үстүнөн тиешелүү аракеттерди көрүп атабыз.

Калаа милициясы да соңку үч-төрт жыл аралыгында шаардагы мектептерде рэкетчилик же балдар-кыздар ичиндеги ыдык көрсөтмөй аракеттер дээрлик жоголгонун белгилеп келишкен. Ал эми серепчилер акыркы фактыны мектептердеги рэкетчилик кыздарга ооп кеткендигинин далили катары санашууда. Жергиликтүү байкоочу Химия Сүйөркулова мындай деди:

- Эркек балдардын арасында рэкетчилик бар экенин билип, анан эркек балдарга гана түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Эркек балдарды көбүрөөк көзөмөлдөйбүз. Бирок ошол эле кезде кыз балдарга маани берилбей калып жатканы үчүн мектептердеги рэкетчилик соңку учурда кыздар тарапка ооп кетти. Рэкет болуп "салык" салгандар кыздар аркылуу акча чогултуп калган көрүнүштөрдүн жок эместигинин да бир далили ушул окуя. Мындан сырткары кыздар кинодон, турмуштан, ар башка жагдайлардан терс тарбия алып, рэкетчиликти мода көрүп атканы да ушуга алып келип атат.

Серепчи Химия Сүйөркулова Ош шаарындагы мектептерде рэкетчилик уюшкан формага ээ болгону үчүн, аны милиция да, мектеп жетекчиликтери да байкабай калып жатканын ортого салды:

- Эгер мектепте рэкетчилик жок деп айткан киши болсо, анда анын баласы же мектепте окубайт, же өз кызыкчылыгы үчүн жалган айтып аткан болот. Балдары 7-8-9-10-11-класстарда окуган ата-энелер муну абдан жакшы билет болуш керек. Анткени кээде балдары башы-көзү томуюп же акчасын алдырып жибергенин алар билет. Рэкетчилик азыр мурдагыдай өтө курч эмес, бирок ал жоголгон да жок. Балдар арасындагы рэкетчилик азыр жашыруун, уюшулган формага өтүп кеткени үчүн адистешпеген көзгө ал байкалбайт. Негизи эң коркунучтуу формасы мына ошол жашыруун форма.

Кантсе да соңку факты боюнча милиция тергөө иштерин баштады. Ош шаарындагы 60тай мектептин мугалимдери болсо чукул жыйынга чогулуп, балдар арасындагы рэкетчиликке бөгөт коюу жана алдын алуу маселелерин чукул талкуулап калышты. Буга чейин калаада балдар рэкетчилиги дээрлик жоголду деп, жалпы жонунан эле эсептелип келсе, акыркы факты эми жагдайга башкача кароого мажбур кылчудай.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG