Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:40

Таластагы оюнчук автоматтын дүрбөлөңү


Таласта үлпөт тойдогу автомат тууралуу видео монтаж экени аныкталды.
Таласта үлпөт тойдогу автомат тууралуу видео монтаж экени аныкталды.

Таластагы үлпөт тойдо автомат атылганы айтылып, Интернетке тараган видео социалдык тармактарда түрдүү нааразычылыкка жем таштады.

Бул көрүнүштү кээси көпкөндүктүн жеткен чеги катары сыпаттаса, айрымдар мындай жосунсуз жоруктар коом үчүн коркунучтуу мүшкүлгө айланарын айтып коңгуроо кагышууда.

Таластагы үйлөнүү тоюнда автоматтан ок атылганы тууралуу видео социалдык тармакка жекшемби күнү желдей тарады. Анда үйлөнүү тоюндагы кортеж “Манас-Ордого” кетчү жолдо баратканы, машиненин терезесинен чыгып алган эки адамдын бири колундагы автоматтан өйдө карай аткылап жатканын көрүүгө болот.

Талас облустук милициясы видеонун чоо-жайын ошол эле күнү иликтеп, тасма былтыр (2018) күз айларында тартылып монтаждалганын, андагы автомат оюнчук экенин аныктаган.

Окуядан кийин тойдун ээси Канатбек Жапарбеков милицияга сурак берип чыкканы маалым болду. Талас шаарынын 21 жаштагы тургуну Интернетке тараган видео боюнча буларды айтты:

- Биздин кортеждин артындагы бир унаага менин үкөлөрүмдү өзүнчө отургузганбыз. Базардан майда-чүйдө алып жаткан учурда менин Канат деген досум кичинекей иниме 300 сомдук оюнчук автомат белек кылган. Анан күмбөзгө кирип бараткан жерде бир аз токтогонбуз. Ошол жерден алдыдагы унаада отургандар автоматты сурап сүрөткө түшүп жатышкан. Видеого арттагы унаадагылар тартып алышыптыр. Кимиси тартканын билбейм. Бишкектен жыйырмадай досум келген болчу.

Алмазбек Жумабеков.
Алмазбек Жумабеков.

​Канатбек Жапарбеков монтаждалган тасманын Интернетке кантип тарап кеткени тууралуу кабары жок экенин айтты.

Ал эми жергиликтүү милиция тасманы монтаждоого тиешеси бар бир нече тургун аныкталганын билдирип, бирок алар тууралуу кенен маалымат берген жок.

Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмазбек Жумабеков бүгүнкү күндө алардын жоопкерчилиги каралып жатканын кабарлады:

- Айнектен чыгып алган балдар боюнча унаанын шоопуруна административдик чара көрүшүбүз мүмкүн. Анткени ошондой көрүнүшкө айдоочу жол берип жатат да. Болжолу азыркы мыйзам менен 1000 сомдой айыппул салынат же эскертүү берилет. Калганына эч нерсе кыла албайбыз. Негизи мыйзамда ошондой. Видеону монтаждап Интернетке чыгарган балдар да такталды. Алар менен иштейбиз. Жоопкерчиликке тартуу боюнча акылдашабыз. Так айта албай жатабыз. Анткени биздин мыйзамдар алмашпадыбы.

Ал арада Интернетке тараган видео социалдык тармактарда түрдүү пикирлерди жаратты.

Коомдук ишмер Айбек Турдалиев бул көрүнүштү көпкөндүктүн жеткен чеги катары сыпаттады. Ал жаш балдардын мындай жоругуна үстүртөн көз жумду мамиле кылбай, анын түпкү тамырына көнүл буруу зарыл экенин айтты:

Айбек Турдалиев.
Айбек Турдалиев.

- Бул көпкөндүк. “Ал автомат жасалма” же “оюнчук” деген күндө деле балдар көргөн нерсесин кайталап жатат. Бул тарбияны кандай алганынан болсо керек. Кавказ, Иран, Ирак элдеринин тоюндагы көрүнүштөр кыргыздар үчүн өөн, жат көрүнүш. Эгерде күч органдары “эми жаштар ойноп жатат. Мындай нерсе алардын өмүрүндө бир жолу болот экен” деп үстүртөн карап, эч кандай реакция кылбай жүрө берсе, анда мындай иштер кайталана берет. Анан бул кадимки көрүнүшкө айланып калат. Мындай нерселерге “боло берет да” деп көз жуумп койсок аягы жакшылыкка алып келбейт.

Ал эми педагог Таалай Каскеев мындай окуялар коом үчүн коркунучтуу экенин эскертти:

- Менимче бул абдан жаман көрүнүш, көйгөй. Бул көрүнүш Кыргызстанда криминал күчтөр авторитетте деген ойду жаратат. Себеби, жаштар аларды үлгү катары көрүп, баалуулуктары такыр башка тарапка кеткендей сезилип жатат. Бул абдан туура эмес көрүнүш.

Жекшемби күнү бул видео Интернетке тараганы коомчулуктун үрөйүн учуруп, көпчүлүгү аны чыныгы автомат катары кабылдаган. Өлкө аймагында үйлөнүү үлпөттөрүндө кортеждегилер бейбаштык кылган учурлар байма-бай учурап жүрөт. Буга чейинки жолдун баарын тосуп алып, автоунаа айдап, жол коопсуздук кызматкерине кол көтөргөн жаштардын окуялары да коомчулуктун эсинен чыга элек.

"Азаттык+": Караларды пир туткан жаштар. 26.01.2018

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG