Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:12

Тойдон кийин ок аткандар камакта


Жайыл районундагы үлпөт тойдон кийинки атышуу боюнча эки адам камакка алынды.

Милиция иликтөө иштери уланып жатканын кабарлады. Ок чыгарууга чейин жеткен Степное айылындагы окуяны бийлик өкүлдөрү жаштардын бейбаштыгы деп мүнөздөдү.

Жайыл районунун Степное айылындагы жаштар арасында ок атышуу боюнча жалпы 28 адам кармалган. Сурак учурунда анын экөө куралдан ок чыгарганы аныкталган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Нурбек Токтосунов соңку жагдай боюнча буларды билдирди:

- Курал-жарак атылды деген маалымат боюнча кармалган балдардын автоунааларына тинтүү жүргүзүлүп, аңчылык мылтыгы (дробовик) табылган. Бул боюнча Кылмыш кодексинин 234-беренеси (ээнбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, мылтык көтөрүп жүргөн эки бала Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Калган балдар сурактан кийин кое берилген. Азыр тергөө амалдары жүрүп жатат.

Токтосунов белгилегендей, алынган куралдын мыйзамсыз же мыйзамдуу экени иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталат.

Алдын ала маалымат боюнча жаштардын чыр-чатагы 22-июлда үлпөт тойдогу келишпестиктен келип чыккан. Ал күнү Степное айылында кыз узатуу болуп, жергиликтүү жаштар күйөө баланын досторун "арак куйгула" деп мажбурлашкан. Өз ара тиреше кеткен балдар эртеси чырды териштиребиз деп чогулуп, ортодо мушташ чыгып, атышууга чейимн барган. Андан беш адам жеңил жараат алып, ооруканада бир сыйра дарылангандан кийин чыгып кетишкен.

Окуянын чоо-жайын Степное айыл аймагынын башчысы Николай Будко айтып берди.

- Бул кадимки эле турмуштук чыр-чатак. Ошол күнү кыштакта 18 жаштагы кыз турмушка чыгып, узатуу тою болуп жаткан. Күйөө болчу жигит классташтары менен тойго келет. Анан биздин айылдагы кыздын классташтары да барып, күйөө балдарга тийишип, арак куюп бергиле дептир. Тигилер макул болбой коюшат. Ошентип келише албай, акыры чырдашып кетишет. Кыз узатуунун эртеси күнү, ошол той болгон үйдөн алысыраак эле жерде чырды териштиргени чогулушат. Бир сыйра мушташып кеткенден кийин коноктор ала келген куралы менен асманга ок чыгарышат. Бирок октун чачырандылары жергиликтүү бир нече тургунга тиет. Калганы силерге белгилүү. Ал эми жараат алгандар жабыр тарткан эмес, азыр алар үйүндө жүрөт. Жаштар өз каталарын моюнуна алып, кечирим сурап отурушат.

Жергиликтүү бийликтер бул окуяда эч кандай уюшкан кылмыштуу топтордун жана криминалдык күчтөрдүн катышы жоктугун айтып, чуу көтөрбөөгө чакырууда. Милиция болсо фактынын чыныгы себептери иликтөөнүн жыйынтыгынан кийин аныкталарын билдирди.

Ушул тапта жаңжал орун алган аймакта жана Степное кыштагы баш ийген Жайыл районунун башка айылдарында түшүндүрүү иштери күчөтүлгөн. Район акиминин биринчи орун басары Нурил Алымбаев мындай деди:

- Мындай окуя биздин райондо биринчи жолу болуп жатат, буга чейин катталган эмес. Азыр чатак орун алган Степное айылы менен Алексеевка айылына барып, жеринде биримдикке жана сабырдуулукка чакырган иштерди өткөрдүк. Мындан башка айылдын активдерин жана жаштары администрацияга чакырып профилактика чараларын жүргүздүк.

Деген менен соңку окуядан криминогендик жагдайдын белгилерин байкагандар да бар. Серепчи Төлөгөн Келдибаев жаштар куралды каяктан алганы суроо жаратканын белгиледи:

- Биз мындай кылмыштардын алдын алуу үчүн мыйзамсыз курал сатуунун алдын алып, ошого тыюу салып алышыбыз керек да. Мына ошол куралдар кайсы жактан келип жатат, аны кимдер, кантип сатып жатат, баарын аныктап, чара көрүүбүз керек. Эгер алар сатылбаса, жаштар куралды кайсы жактан алып жатат? Ошол себептүү ушул иштерди жүргүзбөй эле курал аралашкан окуяларды жоебуз дегенибиз бекер кеп.

Келдибаев соңку эки-үч жылда эле өлкө аймактарында атышуу менен коштолгон окуялар беш-алты жолу катталганын кошумчалады:

- 2013-жылы Кара-Суу шаардык кеңешин шайлоодо каршылаштар ок атышып, бир адам оор жараат алып, эки жолку операциядан кийин өзүнө келген. Мен билгенден былтыркы жылы жайда эле Ошто жүздөй бала арматура менен мушташып, анын аягы да атышуу менен бүткөн. Эми Чүйдө, Жайыл районунда болуп жатат. Эми келе жаткан президенттик шайлоого байланыштуу дагы криминалдык топтор жана жергиликтүү деңгээлдеги уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү баш көтөрөт. Жалпы тирештин шары менен алар да калчылдашып, атышкан окуялар орун алышы мүмкүн. Күч кызматтары муну алдын алуу чараларын көрүшү керек.

Бул Кыргызстанда жаштар арасындагы биринчи мушташ эмес. Өткөн май айынын аягында Нарындагы Борбор Азия университетинин студенттери менен жергиликтүү айрым жаштар баскетбол оюну учурунда чырдаша кеткен. 8-июнда 100гө чукул жаштар чогулуп, университетке барган. Облустук бийлик өкүлдөрү катышкан жолугушууда нарындык жаштар тобу чырга катышкан чет өлкөлүк студенттердин кечирим сурашын талап кылышкан.

Чыр дагы ырбап, жыйынтыгында Борбор Азия университетинин окутуучусу чогулгандардан чөгөлөп кечирим суроого аргасыз болгон. Бул окуя коомчулуктун талкуусуна түшүп, нарындык жаштардын аракеттери катуу сынга кабылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG