Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Ала-Букада жаштардын чатагы арбыды


Ала-Бука районуна кире бериштеги жазуу.
Ала-Бука районуна кире бериштеги жазуу.

Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда жаштар арасында топ-топко бөлүнүп, мушташуу фактылары көбөйдү. Буга аймактагы лидерликти талашуу себеп болуп жатканы айтылууда.

Тургундар чыр-чатактардын алдын алуу жаатында майнаптуу иштер жүргүзүлбөй жатат деп райондук укук коргоо органдарын күнөөлөп келет. Ал эми жергиликтүү бийлик жана милиция абал талкуу жарата тургандай олуттуу эмес деген ойдо. Ага карабай, учурда айылдарда түшүндүрүү иштери күчөтүлгөн.

Таяктан электрошокко

Райондогу жаштар арасындагы мушташтын акыркысы 12-январда катталган. Сары-Талаа жана Ала-Бука айылындагы уландардын чатагы бычакташуу менен аяктаган. Олуттуу жабыркагандар жок болгону менен мушташ жергиликтүүлөрдүн арасында кооптонууну күчөткөн. Учурда окуя иликтенип, тергөө амалдары жүрүп жаткандыктан, күнөө кай тарапта экени тууралуу маалымат милиция тарабынан ачыкталган жок.

Жаңы жыл алдында да райондун борборундагы базарда мушташ чыгып, Сары-Талаа жана Ала-Бука айылдарынын жаштары тарапма-тарап болуп, чоң ызы-чуу жаралган. Бирок окуя тууралуу эч жерде сөз болбой, басылып калган болчу.
Өткөн жылы да райондогу Сафед-Булан мазарында аймактагы жаштардын мушташы чоң чатакка айланып кете жаздап, айыл аксакалдары жана укук коргоо органдарынын кийлигишүүсү менен токтогон.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, соңку кездери мушташтын түрлөрү өзгөрүп баратат. Мисалы, мурда кол менен же болбосо таяк, таш колдонуп урушушса, азыр бычак, электрошок сыяктуу каражаттарды колдоно башташкан.

Ымаланы бекемдөө аракети токтой элек

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму тарабынан түзүлгөн “Ынтымак жарчылары” тобунун активисттери үч жылдан бери аймактагы жаштар арасында ымаланы бекемдөө иштерин жүргүзөт. Топтун мүчөсү Фархат Атабаев “Азаттыкка” билдиргендей, чыр-чатактардын көбөйүшүнө аймакта лидерликти талашуу себеп болууда:

- Түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бирок жаштар аябай агрессивдүү болуп калган. Канчалык кеп-кеңеш бербе, баары бир мушташтар арбын катталууда. Бул абалга аябай катуу чара көрүш керек. Мушташкандарды мыйзамдуу түрдө жазалоо зарыл. Чатакташкан тараптарды милиция кармап кетсе, артынан топтолуп туугандары барат да, бошотуп алышат. Ушундай абал улана берсе, анда мушташтар азайбайт.

Ушул эле пикирди айылдын дагы бир тургуну Камчыбек Камбарбеков да колдоп, чыңалууну азайтуу үчүн укук коргоо органдарынын кескин аракеттери зарыл болуп турганын айтат:

- Күндө жыйын, күндө чогулуш. Мушташтар көбөйүп кетти. Район акими баш болгон жетекчилер күн сайын экиден айылга барып, эл менен жолугат, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Буга чейин деле андай аракеттер болгон. Бирок майнаптуу натыйжа бере элек. Мунун баары мушташкандардын жоопко тартылбай жаткандыгынан...

Райондук бийликтин жетекчилиги да маселени чечүүдө негизги ролду укук коргоо органдары ойношу керектигин айтат. Акимдин орунбасары Гүлжан Асанова белгилегендей, райондук администрация дайыма ынтымактуулукка чакырган идеологияны жайылтуу менен алектенет:

- Өткөн жылдарга салыштырмалуу мушташтар азайды десек болот. Дагы да азайтууга тынымсыз аракеттерди көрүп жатабыз. Ал үчүн аксакалдардын, аялдардын, жаштардын тобун чогуу иштешүүгө чакырганбыз. Ымаланы жакшыртууга багытталган идеологияны жүргүзүп жатабыз.

Маселе талкууга себеп боло албайт

Райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Асылбек Бийчиев Ала-Букадагы жаштардын мушташы анчалык олуттуу көйгөй эместигин “Азаттыкка” айтып берди. Бийчиевдин оюнча, уландардын мушташы бир гана Ала-Букада эмес, бардык эле аймактарда катталып тургандыктан, активисттер көтөрүп жаткан маселе чоң талкууга себеп боло албайт:

- Жаштар арасындагы мушташтар боюнча ылайыктуусуна кылмыш иштери козголуп, профилактикалык жумуштар такай эле жасалып жатат. Мушташкан жаштар арасында гана эмес, ата-энелер менен да сүйлөшүүлөр жүрүп, чатактарды болтурбоого бардык аракеттер жумшалып жатат. Айылдарга барып, жарандар менен жолугуп, мушташууну азайтуу чаралары көрүлүүдө.

Асылбек Бийчиевдин айтымында, мушташуулар Кылмыш-жаза кодексинин “бейбаштык” беренеси боюнча каттоого алынат. 2013-жылы милициянын журналына андай 17 учур жазылса, быйылкы жылдын алгачкы жыйырма күнүндө эле бейбаштык боюнча төрт кылмыш иши козголгон.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жаштар арасындагы бейбаштыктардын катталышы боюнча Жалал-Абад жана Чүй облустары биринчи орунда турат. Андан кийинки катарда Ош облусу. 2010-жылдагы калабага чейин улан-кыздар арасындагы чатактар тиричилик көрүнүшү катары сыпатталып келсе, соңку үч-төрт жылдан бери аралаш улуттар жашаган аймактардагы мушташуулардын этностук мазмунуна көбүрөөк көңүл бурула баштаган.

"Азаттык" жакынкы күндөрү жаштар арасында күч алып бараткан агрессиянын себептерине арналган атайын баяндар топтомун сунуштап, бул жаатта бардык аймактардагы абалга көз салмакчы.

XS
SM
MD
LG