Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Ала-Бука милиция башчысы барымтага алынганбы?


Жогорку Кеңеште Ала-Буканын Сафед-Булан айылынын тургундары райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысын барымтага алып, мурда камакка алынгандардын бирине алмаштырганы айтылды.

Бирок ички иштер министрлиги бул маалымат чындыкка коошпой тургандыгын айтып, аны төгүнгө чыгарды.


Чатакты парламент комитеттери иликтейт


17-октябрь күнү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Сафед-Булан айылында киши өлтүрүүгө шектүү эки адамды кармоо учурунда жергиликтүү тургундар каршылык көрсөтүшкөн. Жыйынтыгында райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Асилбек Бийчиев барымтага алынып, кийин ал камакка алынгандардын бирине алмаштырылгандыгы айтылды.

Бул тууралуу билдирген Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Бөдөш Мамырова мындай чыр-чатактар улуттар аралык мамилеге таасир этиши мүмкүн экендигин айтты:

- Райондук ИИБинин башчысы митингди токтотоюн деп барса барымтага алып алышыптыр. Анан ага алмаштыруу үчүн киши өлтүрүү боюнча кармалган адамдын бирин алып барышып, анан чыгарышыптыр. Бул эмне деген жосун. Анан тигил бошотулган адамды көтөрүп алышкан жергиликтүү тургундар “биз жеңдик” деп кыйкырышып айылына кирип кетишиптир. Сафед-Буланда көпчүлүгү өзбек туугандар жашашат. Буга биз көңүл бурбасак болбойт. Анткени былтыркы Ош окуясы дагы мына ошол Ала-Букада ушуга окшогон майда чырлардан башталган.

Ошол эле кезде мындай маалымат парламент отурумунда ар түрдүү пикирди жаратты. Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков Ала-Букада болгон чатакты иликтеп чыгууну коопсуздук жана укук тартиби комитеттерине тапшырды:

- Бул маселени иликтеп чыгууну Исмаил Исаков жана Турат Мадылбеков жетектеген эки комитетке тапшырабыз. Тез арада тактап чыгышсын. Эгерде чындыгында эле ошондой боло турган болсо бул үчүн жооптуу жетекчилердин жоопкерчилигин карашыбыз керек. Бул эмне деген шермендечилик.


ИИМ барымтага алуу болгонун төгүндөөдө


Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Бөдөш Мамырованын парламент отурумунда айткан билдирүүсүн ички иштер органдары чындыкка коошпогон маалымат катары төгүнгө чыгарышты. Анда райондук милиция башчысын барымтага алуу фактысы болбогондугу көрсөтүлгөн.

Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун түштүк аймагы боюнча расмий өкүлү Жеңиш Аширбаев киши өлтүрүүгө шектелген эки адам учурда Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайында отургандыгына токтолду:

- Бирөөнү мылтык менен атып өлтүрүп коюшкан экен. Ошону кармаганы барганда эл топтолуп “эмнеге келдиңер, кимди кармайсыңар” дегендей түшүнбөөчүлүк болуптур. Анан райондук милициянын жетекчиси элге түшүндүрүп, киши өлтүрүүгө тиешеси бар кылмышкерди кармоо үчүн келишкендигин айтканда тескерсинче барымтага албай эле жергиликтүү эл милицияга жардам көрсөтүшкөн. Учурда мына ошол эки адам абакта олтурушат. Эч кандай барымтага алууга аракет дагы болгон эмес. Бул туура эмес маалымат.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, мергенчилик мылтыгы менен бир адамды атып өлтүрдү деп шектелген Кайрат Акбаров жана бейбаштык менен кармалган Толкунбек Исмаилов экөө тең 17-октябрь күнү Сафед-Булан айылынан кармалышкан. Ошондой эле ал айылдан дагы бир адам кармалып, бирок анын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан боштондукка койо берилгендиги айтылды.

XS
SM
MD
LG