Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Нарын: өкмөт башчы жаңжал боюнча үн катты


Нарындагы Борбор Азия университети. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок
Нарындагы Борбор Азия университети. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок

Нарындагы Борбор Азия университетинин студенттери менен жергиликтүү жаштар тобунун чыры жайгарылды. Облус бийлиги эки тарап бири-биринен кечирим сурап, маселе чечилгенин билдирди. Бирок бул окуя коомчулуктун кеңири талкуусуна түшүп, окуянын себептерин тыкыр териштирүү талап кылынды. Бул маселеге өкмөт башчы да көңүл буруп, зарыл чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Нарындагы Борбор Азия университетинин студенттери менен жергиликтүү айрым жаштардын чыры өткөн айдын соңунда баскетбол оюнунан башталган. Анда Борбор Азия университетинин студенттери менен жергиликтүү балдар оюн жүрүшүндө чырлаша кеткен. 8-июнда 100гө чукул жаштар чогулуп, университетке барган.

Облустук бийлик өкүлдөрү катышкан жолугушууда нарындык жаштар тобу чырга катышкан чет өлкөлүк студенттердин кечирим сурашын талап кылышкан.

Чыр дагы ырбап, жыйынтыгында Борбор Азия университетинин окутуучусу чогулгандардан чөгөлөп кечирим суроого аргасыз болгон. Дал ушул окуя коомчулуктун талкуусуна түшүп, нарындык жаштардын аракеттери катуу сынга кабылды.

Коомчулуктун мындай реакциясынан кийин Ички иштер министрлиги "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жаңжалдын катышуучуларына мыйзам чегинде баа берүүнү тапшырды.

Жаштар окутуучулардан кечирим сурашты

Ал эми бүгүн чырга катышкан жергиликтүү жаштар окуу жайдын окутуучуларынан жана студенттеринен кечирим сурап, бир пикирге келгени кабарланды. Муну менен чыр жайгарылганын өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов билдирди:

- Баскетбол боюнча мелдеш болуп, оюн учурунда жаштар чырлаша кеткен экен. Ар кандай сөз айтылыптыр. Бул боюнча кечээ талкуулар болуп, университеттин студенттери кечирим сураган. Ошол учурда "кызуу кандуулукка алдырып, катуу кетип калдык" деп Нарындын жаштары бүгүн кайра кечирим сурашты. "Келечекте кызматташалы, ынтымактуу бололу" деген тилектер айтылды.

Нарында чырдашкандар элдешти
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:37 0:00

Бирок коомчулукта бул окуя жайгарылганы менен анын себебин так аныктоо зарылдыгы белгиленип жатат. Нарын облусунун мурдагы губернатору Алмазбек Акматалиев мындай чырлар кайрадан кайталанбашы үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек деген пикирде:

- Эми кылмыш иши козголду. Мушташ болгон, бирөө токмок жеген. Кылмыш ишин өзүнчө бөлүп алып карап чыгыш керек. Ким күнөөлүү болсо өз жазасын алышы керек. Аны козутуунун кереги жок. Бирок мунун себебин, түпкү маңызын, мотивдерин изилдеш керек. Бул чоң маселе.

Ошол эле кезде айрым эксперттер бул түшүнбөстүктөрдүн орун алышына диний жааттагы айрым туура эмес маалыматтар түрткү болуп жатат деген божомолун айтышат.

Жаңы университет эшигин ачты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:52 0:00

Борбор Азия университетин Эл аралык Ага Хан фонду негиздеген. Бул фонддун башында исмаилиттер башчысы, ханзаада Карим Агахан тургандыктан университеттин Кыргызстанда курулушун туура көрбөгөн дин ишмерлери да чыккан эле.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы директору Орозбек Молдалиев бул багытта элге туура маалымат жеткирүү маанилүү экенин белгилеп жатат:

- Университетти Ага Хан салып жатат, бул жакка келип Нарындагы элди исмаилит кылат экен деген ушак сөздөр көп эле тарап жүрөт. Ал эми фонддун дипломатиялык өкүлү көп эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Нарындагы имамдарды чакырып, "светтик университет салып жатабыз, динге эч тиешеси жок" деп көп жолу маалымат берди. Буга карабай эле туура эмес түшүнүктөр калыптанганы өкүнүчтүү. Муну талдап, экинчи чатак чыкпагандай кылыш керек.

Мындай окуялардын катталышын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жетиштүү иш алып барбаганынан көргөндөр чыгууда.

Нарындагы Борбор Азия университети
Нарындагы Борбор Азия университети

Саясий ишмер Эмилбек Каптагаевдин айтымында, облустук бийлик бул сыяктуу жаңжалдарды алдын алып, мыйзамсыз аракеттерге жол бербеши кажет:

- Жергиликтүү бийлик, милиция, прокурордун баарын отургузуп коюп окутуучуну чөгөлөтүп жаткандын өзү туура эмес. Ошол жерден "эмнеден чыкты, кандай кылыш керек" деп териштириш керек эле. Ойносоң өз ара териштирип ал да, анан ураан чакырып, маселени тескери жакка буруп, козутуу туура эмес. Мындайга жол берген бийлик өкүлдөрү да ката кетирди.

Каптагаев шарты катаал, алыскы аймакка заманбап окуу жайдын салынышы өлкө жергиликтүү тургундар үчүн чоң олжо экенин кошумчалады.

Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинин курулушу 2008-жылы башталган. Былтыр студенттик шаарчанын курулушу бүткөрүлүп, студенттерди кабыл ала баштаган.

Эл аралык деңгээлдеги университетте 71 студент окуйт. Анын 17си кыргызстандык студенттер болсо, калгандары Тажикстан, Казакстан, Ооганстан жана Пакистандан келген жаштар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG