Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:16

Спорт: кылмышка же мелдешке?


"Азаттыктын" архивиндеги бул сүрөттүн макалага тиешеси жок.
"Азаттыктын" архивиндеги бул сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Спорт менен машыккан жаштар ийгиликке жетүүгө умтулушат. Бирок айрым учурда алар ар кандай себептерден улам криминалга аралашып же кимдир бирөөгө курал болуп калууда.

Жалпы спортчуларга көлөкө түшүргөн жоон билектер кимдер? Кыргызстанда саясатчылар, акчалуу ишкерлер спортчуларды өз кызыкчылыгына кантип пайдаланат? “Азаттык+” бүгүнкү чыгарылышта жаш спортчулар чөйрөсүнүн күңгөй-тескейин көрсөтөт.

20-октябрь күнү Олимпиадалык резерв мектебинин элүүдөн ашык тарбиялануучусу кошуна №38 мектептин имаратына бастырып кирип, окуучуларды сабап кетишти. Балдардын колдорунда таш, таяк, союл болгон. Жаңжалдан мугалимдер да жабыркап, имараттын терезелери талкаланды. Бир ай мурун аталган эки мектептин балдары мушташып, үч окуучу бычак жеген. Ушундай эле мушташ 2010-2011-жылдары да катталган. Окуяны териштирүү үчүн өкмөт комиссия түзүп, Олимпиадалык резерв мектебинде окуу 9-ноябрга чейин токтотулду.

Спорт: кылмышка же мелдешке? (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:40 0:00

Келечекте өлкө намысын талашып, Кыргызстандын желегин желбиретчү жаш спортчулардын мындай жоруктары байма-бай катталууда. Мугалимдерди, ата-энелерди көзгө илбеген ээн баштар кимден үлгү алып, кандай түшүнүк менен тарбияланып жатышат?

Спорт: кылмышка же мелдешке? (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:19 0:00

Кыргызстанда спорт чөйрөсүн саясий максаттарга пайдалануу кадыресе көрүнүшкө айланды. Саясатка аттангандар, ири ишкерлер спорт залдарды ачып, ага жаштарды тартып, жоон билектердин армиясын көбөйтүүгө аракет кылышат.

Президент Алмазбек Атамбаев акчалуу кишилер тарабынан ачылган спорт клубдарында көбүнчө болочок криминалдар жана маселени кара күчкө салып чечүүгө багыт алган жаштар тарбияланып жатканын айткан жайы бар.

Спорт: кылмышка же мелдешке? (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:41 0:00

Акыркы убакта спорттун эрежесиз эр уруш түрүнө ыктаган жаштар арбыды. Муну интернетте чымыр денелүү кыргыз балдарынын бычылдаша согушуп жаткан ар кандай мелдештерге тартылган видеолордун көптүгүнөн деле байкоого болот.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG