Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Бири-бирин аябаган балдар


Түркстан шаарындагы зомбулук. (Видеодон алынган сүрөт).
Түркстан шаарындагы зомбулук. (Видеодон алынган сүрөт).

Акыркы күндөрү Казакстанда окуучулар аралашкан кылмыштар удаа-удаа катталып, коомчулуктун үрөйүн учурду. Бери дегенде төрт шаарда болгон мушташтын видеосу Интернетке тарады. Тартип сакчылары бул кылмыштарды тыюыш үчүн атайын комиссия түзүүнү сунуш кылып жатышат.

Актөбө облусунун Шалкар шаарында 26-январда болгон мушташ бир өспүрүмдүн өмүрүн кыйды. 10-класстагы Мирасбек Давлетияр бир айдан кийин 16га чыкмак.

Ал талаадагы муз аянтында, өз ара «район» деп бөлүшүп алган аймактын балдары менен мушташа кеткен. Жүрөк тушка бычак жеген өспүрүмдү белгисиз бирөөлөр оорукананын алдына таштап кеткен. Аны өтүп бараткандар көрүп калып, ичкери алып кирген.

Мушташ болгон жер.
Мушташ болгон жер.

- Келгенде абалы өтө оор эле. Дароо эле медициналык жардам көрсөтүлдү. Ага карабастан жарадар өспүрүм 15-20 мүнөт ичинде үзүлүп кетти, - деди райондук оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Есенгали Копенов.

Мирасбектин сөөгү дүйшөмбүдө коюлду. Ал окуган №6 мектептин директору Алия Оспанова ушул окуядан кийин Асылбек Сабыр аттуу 10-класстын окуучусу кармалганын, дагы бир нече бала күбө катары сурак бергенин билдирди.

Шалкардын прокуратурасы «Киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Экинчи мушташ Түркстан шаарында болгон. Учурда үч мектептин окуучуларына байланыштуу иликтөө жүрүп жатат. Алар башка бир мектептин үч баласын мазактап, аёосуз сабап, аны видеого тартып, 21-январда таратышкан.

Зомбулук көрсөткөндөр 9-класстын окуучулары экендиги, алардан кичүү балдар жабыркаганы, окуя 18-январда болгону кийин такталды.

Тасмада көмкөрөсүнөн жерге жыгылган бир баланы үчөөлөп тепкилеп, бири үстүнө секиргени тартылган. Сабагандар “тилиңди тамеки менен күйгүзөбүз” деп коркутуп, чөгөлөп кечирим суроону талап кылып жатышат.

- Балам үйгө үстү-башы ылай болуп келди. “Эмне болду?” дегенибизге бир ооз сөз айтпады. Эртеси сабакка барды. Эки-үч күндөн кийин видеону көрүп жүрөгүбүз ооруду. Өмгөктөтүп, таманын жалатыптыр. Полицияга арыз жаздык. Медициналык текшерүү "баланын денесинде так жок" деди. Бирок так баланын ичинде калып жатпайбы..., – дейт жабырлануучулардын биринин апасы Маржан Аманкулова.

Ички иштер министрлиги “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

Шектүүлөрдүн биринин апасы Бахытгүл Онгарбаева басма сөз жыйынын өткөрүп жатып көз жашын төгө кечирим сурады:

- Балдардан, алардын ата-энелеринен, үй-бүлөсүнөн кечирим сурайм. Уулум үчүн мени кечиргиле... Уулум ушундай ишке барат деп ойлобоптурмун. Жүрүм-туруму дурус, сабагын жакшы эле окучу.

Баласы үчүн кечирим сураган апа.
Баласы үчүн кечирим сураган апа.

Кызылордо шаарында тартылган үчүнчү видео өткөн бейшембиде тарады. Анда даараткананын ичинде бир нече өспүрүм курдашын аёосуз уруп жатканы тартылган. ИИМ бул окуя өткөн жылдын 10-январында болгонун тактады.

Ошондон бери ата-энелерден арыз түшпөсө да “Адамдар тобунун бейбаштыгы” беренеси боюнча иликтөө иштери башталган. Бул беренеге ылайык айыптуу Казакстанда беш жылга чейин соттолот.

Төртүнчү видео тасма Карагандыдан чыкты. 26-январда эки мектептин 4-классынын окуучулары түш ченде мушташа кетип, бирөө жабыркаган.

Кызылордо шаарындагы зомбулук учуру тартылган тасмадан сүрөт.
Кызылордо шаарындагы зомбулук учуру тартылган тасмадан сүрөт.

Балдар аралашкан кылмыштарга байланыштуу Ички иштер министрлиги өспүрүмдөр боюнча чукул комиссия чакырууну сунуш кылып жатат. Мекеме болгон окуяларды талдап, натыйжалуу чара көрүш керек экенин билдирүүдө.

Казак мыйзамдарына ылайык, 14кө чыккан жаран Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренеси, анын ичинде “Бейбаштык” үчүн да жоопко тартылат.

“Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштын алдын алыш үчүн ата-энелерди жана мугалимдерди балдарга кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган куракка жеткенин жана акылсыз жоруктарга барбашы керек экенин эскертип турууга чакырабыз”, - деп айтылат министрликтин ошол эле билдирүүсүндө.

Акыркы күндөрү белгилүү болгон бул окуялар коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Казак Интернет айдыңындагылар мыкаачылыкка барган өспүрүмдөр үчүн бири ата-энени, башкасы мектепти жана бийликти айыптап жатышат.

Окуучулардын мушташынан айынан өмүр кыйылганы коңшу өлкөдө биринчи жолу катталып жаткан жок. Ошентсе да акыркы бир жумада удаа-удаа болгон көрүнүштөр элдин үрөйүн учурду.

Бул өзүнөн кичүүлөргө чоңсунуудан тартып мектеп рэкетчилиги, көчө-көчө болуп бөлүнүп жүрмөй, бет келген жерден мушташа кетмей адат дагы эле тыйылбаганын көрсөттү.

Кыргызстанда кыйылган өмүрлөр

Коңшу өлкөдөгү бул маселе Кыргызстанда да курч. Акыркы эки айда эле окуучулар ортосундагы чырдын айынан Нарында жана Баткенде эки өспүрүм жашоо менен кош айтышты.

9-декабрда Жумгал районундагы эки айылдын окуучулары мушташып, бири ошол жерден каза болду. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, 14 жаштагы эки окуучу камакка алынган.

Андан он күн өтпөй Кызыл-Кыяда эки окуучу адам өлүмүнө шектүү катары кармалган. Анда балдар сабактан кийин мушташа кетип, тогузунчу класстагы бир бала жүрөк тушка тийген катуу соккудан көз жумган.

Мындан тышкары "Азаттык" өткөн жылы Бишкекте, Таласта, Кара-Сууда, Түптө окуучулар жапырт мушташканы тууралуу жазган.

Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту токтотуш үчүн түрдүү жыйындар, мектептерде эскертүү чаралары өткөрүлүп жүрөт. Бирок статистика андан оңдуу майнап чыкпаганын көрсөтүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG