Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:30

Кара-Сууда мушташка аралашкан 30дай окуучу кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Сууда мушташкан мектеп окуучулары боюнча териштирүү башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, 22-ноябрга караган түнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө балдардын тобу мушташып жаткандыгы жөнүндө телефон аркылуу маалымат түшкөн. Милиция окуя болгон жерге барып, мушташып жаткан 31 окуучуну кармаган. Алар Кара-Суу районунун Жоош жана Сарай айыл аймактарынын 10-11-класстарынын окуучулары экени аныкталган.

Мушташ учурунда 15 жаштагы окуучу денесинин көп жеринен миздүү нерседен жараат алган. Ал дароо Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилген. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жабырлануучунун абалы канааттандырарлык экендиги айтылууда.

Ал эми окуучулардын ата-энелерине эскертүү берилип, тиешелүү мекеменин кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө башталды. (MdN\ErN)

XS
SM
MD
LG