Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Түптө окуучулардын мушташынан эки бала жабыркады


Кыргызстандагы балдардын мушташы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы балдардын мушташы. Иллюстрациялык сүрөт.

Түп районунда 11-класстын окуучулары мушташа кетип, андан эки окуучу жабыркады. Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, алар аймактык ооруканада дарыланып, чыгып кетишкен.

Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов окуучулардын чыр-чатагы боюнча териштирүү жүрүп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, окуя жума күнү, 18-майда Түп районунун Түп айылында болгон. Жалпы республикалык тестке келген Байзак айылы менен Кең-Суу айылынын 11-классынын окуучуларынын ортосунда мушташ чыккан.

- Бул боюнча милицияга кайрылуу түшүп, райондук ички иштер бөлүмүндө факты катталган. Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, иликтөө жүрүп жатат. Бул иштер аяктаса, окуяга баа берилет, - деди Усубакунов.

Усубакуновдун айтымында, мушташкан балдар оор жараат алган эмес.

Мунун алдында айрым маалымат каражаттары Түптө тест тапшырганы келген окуучулар арасында жапырт мушташ чыкканын, андан бир окуучунун тиши сынып, бири эс-учун жоготконун жазган. Алардын экөө ушул кезге чейин ооруканада жатканы айтылган. (AsM\ErN)

XS
SM
MD
LG