Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Жумгалда окуучу мушташтан каза болду


Футболдук беттештен кийинки мушташтардын бири. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.
Футболдук беттештен кийинки мушташтардын бири. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

9-декабрда Жумгал районундагы эки айылдын окуучулары мушташып, бири ошол жерден каза болду. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, 14 жаштагы эки окуучу камакка алынды.

Окуя болгон күнү Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы спорт залга ушул эле айылга коңшулаш жайгашкан Беш-Терек айылынын мектебинин 8-классынын окуучулары волейбол ойногону барышкан. Оюн эки айылдын 8-класстарынын ортосунда болуп, аягында окуучулар ич ара чырдашып, мушташа кетишкен. Такталбаган маалыматтар боюнча бештеректик каза тапкан окуучуну Кызыл-Жылдыз айылынын төрт окуучусу сабап койгон экен. Нарын облустук ички иштер башкармалыгын басма сөз катчысы Медина Султаналиева учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди:

Медина Султаналиева.
Медина Султаналиева.

- Волейбол ойноп атып эле өз ара менен чырдаша кетишкен. Жыйынтыгында 2004-жылы туулган окуучу ошол жерден ээси ооп жыгылып, каза болуп калган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду. Тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ошондой эле кылмышка шектүү эки окуучу Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 94-беренесинин негизинде Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Мушташтан каза тапкан окуучу үч бир туугандын ортончусу болчу. Бул кайгылуу окуя жекшемби күнү кечки саат сегиздер чамасында болгон. Ата-энелер муну мектептеги рекет, салык салуу сыяктуу терс көрүнүштөрдүн натыйжасы катары баалашууда. Маселен, 2018-жылдын ноябрь айында Нарын районунун Жылан-Арык айылындагы мектептин 9-классынын окуучусу дарыяга боюн таштап, сөөгү бир жумадан кийин табылган. Анын чоң энеси Бейшекан Өмүрзакова өткөөл курактагы өспүрүмдөрдүн агрессиялык маанайына мугалимдин кайдыгер мамилеси себеп болуп жатат деп эсептейт.

- Мектептин тарбиясы кетти, - деди ал. - Буларда рэкет деген неме бар. Небереме чоң балдар салык салып жүрдү, неберем аны башка балдардан чогултуп жүрдүбү деп ойлойм. Ар кандай ойлор келет. Бирок кайсынысы чын экенин биле албайм. Негизинен неберем ызанын айынан сууга түштү.

Деген менен Нарын облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Касымбек Мамытов окуучулардын жүрүм-турумуна жалаң эле мугалим жооп бериши керек деген ойго кошулбайт. Анын баамында, ата-энелер, айыл өкмөт, укук коргоо органдары комплекстүү иш алып барганда гана коомчулук бул көрүнүштөн арылат.

Касымбек Мамытов.
Касымбек Мамытов.

- Тилекке каршы, азыр кайдыгерлик күч алды, - деди ал. - Бир нерсе болсо эле азыр мугалимдерден көрүп атышпайбы. Бир жагынан туура, мугалимдер аракет кылышы керек. Алар деле колунан келгенин аткарып атышат. Мына, жолугушууларды өткөрүп атышат, ата-энелер комитети менен чогуу иштеп, ар бир окуучунун үйүн кыдырып атышат. Бир да мугалим окуучуну жаман болсун деп ойлобойт да. Мындан сырткары, билимин берип атат, математикадан, физикадан сабак берип атат, тамга таанытып атат дегендей. Алардын да өз үй-бүлөсү бар. Күнү-түнү окуучуларды кайтарып жүрө албайт. Анализ көрсөткөндөй, өспүрүмдөр жасаган кылмыштын баарын карап көрсөк кечкисин, түн киргенде, жашыруун жерлерден болуп атат. Ошондуктан бул жерден ата-энелер да жоопкерчилигин алышы керек. Ошол эле убакта айыл өкмөт, социалдык кызматкерлер, айылдык кеңештин депутаттары жапа тырмак чогуу иштесе бул көрүнүштөрдү азайта алабыз.

“Азыркы балдар билим берүү же башка интеллектуалдык нерселерге кайдыгер карап, муштум менен маселе чечкен эрежесиз мушташтарды көрүп чоноюп жатканы өкүнүчтүү” дейт билим берүү адиси, психолог Асылбек Жооданбеков. Ал атайын адистер болобу же башка сабак өткөндөр адамдарбы, акыл айтуу менен гана чектелип, окуучуларга үлгү көрсөтө албай жатканы азыркы коомдун мүшкүлү экенин айтты:

Асылбек Жооданбеков.
Асылбек Жооданбеков.

- Биз көпчүлүк убакта акыл айткан коомго айланып калдык. Биз ийри отуруп түз кеңешишибиз керек. Бул коомчулуктун сигналы экенин мамлекеттин деңгээлинде талдап, азыр кайсы бир терс чекке жеткенибизди мойнубузга алышыбыз керек. Азыр биз конкреттүү кадамдарды жасашыбыз керек. Мектептердеги ийримдер көп болушу керек. Мектеп же айыл аралык окуучулардын ынтымагын бекемдешибиз керек. Позитивдүү иш-чараларды көп өткөрүшүбүз керек, “айыл таймаш” же “китеп окуу” деген сыяктуу. Мындайлар азыр Бишкек шаарынын айрым мектептеринде башталып атат. Бирок көп жерде жок.

Мектеп окуучуларынын өлүмү менен аяктаган мындай көрүнүш 2015-жылы да катталган. Жумгал районундагы орто мектепте 10-класста окуган бала 9-класстын окуучусун жертөлөгө алып кирип төшкө урганда ал жыгылып кетип, башынын талуу жери ташка тийген өспүрүм ошол жерден мүрт кеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG