Линктер

жекшемби, 20-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 14:35

Кыргызстанда жол кырсыктары көбөйдү


Бишкектеги жол кырсыктарынан тартылган сүрөт.

2019-жылдын жети айында (январь-июль) Кыргызстанда 3492 жол кырсыгы катталып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында айтты.

Анын маалыматына караганда бул автокырсыктардан 380 адам каза тапкан. Бул 2018-жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу 10 пайызга көп. Андан тышкары былтыр алгачкы жети айдын ичинде 5232 киши жаракат алса, быйыл ал 18 пайызга көбөйгөн.

Разаков «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден бери Бишкекте жол кырсыктары 49 пайызга, Чүй облусунда 50 пайызга азайганын билдирди.

Автокырсыктар Ош шаарында, Баткен жана Талас облусунда дээрлик 50 пайыздан көбөйгөнүн кошумчалап, муну жол кырсыктарын каттоонун жаңы тартиби менен байланыштырды.

- Мурда бизде жол кырсыктарын каттоо тартиби башкача болчу. Автоунаалар сүзүшүп эч ким жабыркабаса, тараптар сүйлөшүп алышып, алар катталчу эмес. Азыр кырсык болсо эле Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып жатат, - деди ал.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясы «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында аткарылган иштер жана жол эрежесин бузгандарга салына турган айыппулдун өлчөмүн азайтуу маселесин карап жатат.

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте быйыл 12-февралда ишке кирген. Анын алкагында жолдорго, көчөлөргө видеокамералар орнотулууда. Долбоорду орусиялык «Вега» концерни ишке ашырып жатат. Долбоордун экинчи этабы боюнча тендердин расмий жыйынтыгы чыга элек. (BTo\ErN)

Пикирлерди көрүңүз (4)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG