Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Жол кырсыктары өткөн жылга салыштырмалуу 12,3 пайызга көбөйдү


Бишкек-Ош жолундагы кырсыктардын бири.
Бишкек-Ош жолундагы кырсыктардын бири.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, ушул жылдын алгачкы тогуз айында 4694 жол кырсыгы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,3 пайызга көп. Жол кырсыгынан баш-аягы 529 киши каза болуп, былтыркыга салыштырмалуу 9,2 пайызга жогорулады. Өткөн жылы 484 адам өлгөн. Ал эми жаракат алгандар 6353төн, 7265ке көбөйүп, 14.3 пайызга жогорулады. Бул тууралуу 28-октябрда ички иштер органдарынын 9 айдагы ишмердигинин жыйынтыгы боюнча коллегиясында айтылды.

Жыйында автоунаалардын көбөйүшү кошумча тоскоолдуктарды жаратып жатканы белгиленди. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, автоунаа паркы 2010-жылдан тартып үч эсе көбөйүп, бүгүнкү күнү 1 миллион 348 миң машинеге жеткен. Ошол эле учурда автоунаа жолдору талапка жооп бербейт.

ИИМдин маалыматына караганда, Бишкектин көчөлөрү 40 миң автоунаага эсептелген. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, борбордо 420 000 машине бар. Бишкек-Торугарт менен Балыкчы-Ананьево-Каракол жолдору 7000 машинеге ылайык болсо, жайында бир күндө 40 миң автоунаа өтөт. Министрлик жол кырсыктарынын көйбөйүшүн бирден-бир себеби катары ушуну көрөт.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кырсыктардын алдын-алуу боюнча иштер убагында уюштурулбагандыктан автокырсыктар болуп жатканын сынга алды. Жыйынтыгында ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси ээлеген кызмат ордуна ылайыксыздыгы эскертилген тартип жазасына кириптер болду жана кыска мөөнөттө ишти колго албаса мындан да катуу чаралар көрүлө тургандыгы эскертилди. (BTo)

XS
SM
MD
LG