Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:50

Нарында жол кырсыгынан үч киши каза тапты

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын районунун Орто-Нура айылында жолдо «Ауди» жана «Мерседес-Бенц Спринтер» автоунаалары кагышып, үч киши набыт болду. Үчөө тең «Ауидинин» жүргүнчүлөрү болгон.

Нарын облустук ИИБнин маалыматы боюнча маркумдардын баары Орто-Нура айылынын тургундары болгон.

Мындан тышкары дагы үч киши түрдүү жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Алардын бири «Ауди» автоунаасынын айдоочусу.

Учурда жол кырсыгынын себептери иликтенүүдө. (MiK)

 

XS
SM
MD
LG