Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:26

Мамкаттоо: Машиненин саны нормадан үч эсе көп


Бишкек.
Бишкек.

Соңку тогуз жылда Кыргызстанда машинелер үч эсе көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 2010-жылы 444 миң машине катталган болсо, бүгүнкү күндө 1 миллион 348 миңге жетти.

Милиция автопарк көбөйгөнү менен жол инфратүзүмү оңолбой жатканын, ошонун айынан жол кырсыктары көбөйгөнүн белгилөөдө.

Ири шаарларда абал айрыкча оор. Бишкекте, мисалы, жолдор 40 миң машинеге ылайык болсо, 420 миң автоунаа катталган.

Бир суткада жети миң машинеге ылайык курулган Бишкек-Торугарт жана Балыкчы-Ананьево-Каракол жолдору аркылуу 40 миң автотранспорт каражаты каттап жатат.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, ушул жылдын алгачкы тогуз айында Кыргызстанда 4694 жол кырсыгы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 12,3 пайызга көп. (RK)

XS
SM
MD
LG