Линктер

ишемби, 16-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 05:05

«Коопсуз шаардын» аймактагы иши кечеңдеди


Бишкек.

«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабы кандай аткарылды? Экинчи этабы эмне үчүн кечеңдөөдө?

Аталган долбоор жол кырсыктарын жана кылмышты азайтууга өбөлгө түзө алдыбы? Тендерди өткөрүүдө коррупция барбы?

«Коопсуз шаар» канткенде жарандардын коопсуздугуна чындап кызмат кылат?

«Арай көз чарай» талкуусуна Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматтык технологиялар долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Калыбек Акматов, жол коопсуздугу боюнча эксперт Чынара Касманбетова жана Ички иштер министрлигине караштуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг бөлүмүнүн башчысы Нурбек Молдогазиев катышты.

«Азаттык»: - Калыбек мырза, 2019-жылдын мартынан баштап Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймактарында аппараттык-программалык комплекстер орнотулуп, «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабы иштей баштады эле. Кандай жыйынтыктарды айтсак болот?

Калыбек Акматов.
Калыбек Акматов.

Калыбек Акматов: - Бул долбоор быйыл эле башталган жок, анын негизи эки-үч жыл мурда эле түптөлө баштаган.

Мамлекеттик органдардан сырткары жеке компаниялардан, жарандык коом тарабынан да көп демилгелер болгон. Биздин комитет 2016-жылы түзүлгөндөн бери мындай долбоорлорду ишке ашырууну координациялап келет.

«Коопсуз шаар» долбоорунун максаты – жол кырсыктарын жана кылмыштарды азайтуу, жалпы эле элибиздин коопсуздугу үчүн кам көрүү.

2018-жылы өкмөттүн тапшырмасы менен «Коопсуз шаар» долбоору биздин комитет тарабынан иштелип, тендер өткөрүлүп, биринчи этабын ишке ашырууну орусиялык жеке компания утуп алган.

Алгач Бишкектин 38 көчө кесилишине аппараттык-программалык комплекстер орнотулуп, ишин баштаган. Андан бери бир топ убакыт өттү. Албетте, элде долбоорду колдогон да, сын айткан да ой-пикирлери бар. Жакшы жагын айтсак, «Бишкекте айдоочулардын жолдо жүрүү маданияты калыптана баштады» деген пикирлерди көп угабыз, иштин негизги натыйжасы ушул деп ойлойм.

Биздин кийинки этаптарда республиканын аймактарына ушул долбоорду жеткирүүнү көздөп жатабыз.

2020-жылдын февраль айынан баштап Ысык-Көл, Нарын облустарынын аймактарында, март-апрель айларынан баштап республиканын башка аймактарында да программаны ишке ашыруу боюнча масштабдуу иштер жүрөт.

«Азаттык»: - Нурбек мырза, кечээ ИИМдин коллегиясында 2019-жылдын тогуз айында былтыркы жылга салыштырганда республика боюнча жол кырсыктары 12 пайыздан көбөйүп кетиптир.

Өлгөндөрдүн саны 9 пайызга, жарадар болгондор 14 пайызга көбөйгөнү айтылды. Ушундан улам «Коопсуз шаар» долбоору али өз натыйжасын бере элек десек болобу?

Нурбек Молдогазиев.
Нурбек Молдогазиев.

Нурбек Молдогазиев: - «Долбоор натыйжасын бере элек» дегенге каршымын.

Камералар коюлган жерлерде жол эрежелерин бузуу, жол кырсыктары бир топ азайды, б.а. 45 пайызга чейин азайды. Ал эми камералар жок жерде, чоң-чоң трассаларда тилекке каршы жол кырсыктары азайган жок, жабыр тарткандар, адам өлүмү да көп болууда.

«Азаттык»: - Чынара айым, сиздин жеке баамыңызда «Коопсуз шаар» долбоору жол эрежесин сактоодо же адамдардын аң-сезиминде болобу, өкмөттүн ишиндеби, биздин коомдо кандай өзгөрүүлөргө таасир эте алды?

Чынара Касманбетова: - Чындыгында долбоор башталгандын эртеси эле камералар коюлган көчө кесилиштеринде кадимкидей тартип болуп калганы байкалды. Эрежени бузса чоң айып пул болорун ар бир айдоочу сезе баштады. Видео көзөмөлдөн качып кете албай турганыбызды ар бирибиз түшүндүк.

Чынара Касманбетова.
Чынара Касманбетова.

Ылдамдыкты текшерген көчмө камералар да өз жемишин бере баштады десек болот. Айдоочулар «кайсы жерде камера бар, кайсы жерде жок» деп кооптонуп айдап калганын байкап жүрөм.

Мурда «стоп линия» деген түшүнүк айдоочуларда жок болчу. Экинчи линиядан маршруткалар деле, баары эле бурулуп кете берчү. Азыр баары биринчи катарда тизилип кезегин күтүп, шашпай айдап калышты.

Бул долбоордун кириши айдоочулардын жүрүм-турумуна чейин таасир этип жатканын байкоого болот. Ошентсе да жалпы республика боюнча статистикалык талдоо жүргүзгөндө жол жүрүүдөгү, көчөлөрдөгү коопсуздук боюнча абал оор бойдон турат.

Жол кырсыктары көбөйгөн, мурдагы жылга салыштырганда өлгөндөр да көбөйгөн. Айдоочулар тараптан да нааразылык көп болууда. «Кээде айрым жол белгилери боюнча эрежени бузбайын десең да бузууга мажбурсуң» дегендер көбөйдү. Анткени жол белгилери туура эмес коюлган учурлар бар, кээ бир жол белгилери жаңыдан кирип жатат, аны түшүндүргөн маалыматтар жетишсиз.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG