Линктер

шаршемби, 18-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 13:42

«Коопсуз шаар»: айып пулду азайтуу аргасы


Бишкектеги жол кесилиштерине орнотулган камералар.

Жол эрежелерин бузуунун сегиз түрү боюнча айып пулду азайтуу жөнүндөгү өкмөттүн мыйзам долбоору, Жогорку Кеңештин кароосуна октябрдын башында киргизилет. Ага ылайык суммасы 3000 сомдук айыптар 1000 сомго чейин төмөндөйт.

Айрым депутаттар өкмөткө бул сумманы дагы азайтууну сунуштап жатышат. Бирок аткаруу бийлиги айып пул өтө эле төмөндөп кетсе «Коопсуз шаар» долбоору өзүн актабай, өкмөткө акча түшпөй каларын жүйө келтирди.

Жол эрежелерин бузуунун сегиз түрү боюнча айыптарды азайтууну көздөгөн мыйзам долбоорун Ички иштер министрлиги иштеп чыккан. Ал колдоо тапса жол белгилеринин талаптарын аткарбагандар, автоунааны туура эмес жерге токтоткондор, машинелердин ортосундагы коопсуздук аралыкты сактабагандар, жол чыракты карабай айдагандар, автоунаадан ашып өтүү эрежесин жана тыюу салынган сигналдарды колдонуу тартибин бузгандар азыркыдай 3000 эмес 1000 сом айып төлөйт.

Өкмөт Жогорку Кеңеште айыптардын суммасын азайтуу боюнча бир нече жолу демилге көтөрүп, жарандар нааразылык акцияларына чыккандан кийин ушундай чечим кабыл алган.

Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын 13-сентябрдагы жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков айыптарды түшүрүүнүн дагы бир себебин атады.

Жеңиш Разаков.
Жеңиш Разаков.

"Биз 14 жол эрежесин бузуунун сегиз түрүнө жеңилдик берүү боюнча сунуш киргиздик. Бул айдоочулардын гана күнөөсүнөн эмес жолдун инфраструктурасынан, жолдун тардыгынан айдоочулар эрежени бузуп алган беренелерге туура келет».

Тартип бузуу жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү боюнча өкмөттүн бул мыйзамы учурда коомдук талкууда турат. Жеңиш Разаковдун айтымында, ал октябрь айынын башында парламенттин кароосуна киргизилет.

Расмий маалыматка караганда, «Коопсуз шаар» долбоорунун камералары жол эрежелерин бузууну каттап баштаган 4-марттан ушул күнгө чейин жалпы 554 миң 410 токтом толтурулду. Анын ичинен 227 миң 881и айып пулду төлөп, бюджетке 280 млн. 885 миң сом түштү. 127 миң айдоочу айыпты «Кыргыз почтасы» жеткирип берген айып токтомдордун негизинде, калганы мобилдик тиркемелер аркылуу төлөгөн.

Кайгуул милиция башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов «Коопсуз шаардын» алкагында төлөнгөн айыптар 41 пайызды түзгөнүн, бул жакшы көрсөткүч экенин айтты.

Ыманалы Саркулов.
Ыманалы Саркулов.

«Биз башында анализ кылганда бир жылдын ичинде айып төлөмдөрү 18-25 пайызды түзөт деп эсептегенбиз. Анткени почта менен жеткирүү, элдин айыпты төлөө ыкмасы жана банктар менен көп маселе бар болчу. Бирок анын баары тез арада чечилип, айыптын 41 пайызы төлөндү. Мисалы Казакстан «Коопсуз шаарды» мындан 10 жыл мурда киргизген. Бирок аларда 53-60 пайыз эле айып пулдар төлөнүп жатат. Биз ушундай темп менен эки жылдын ичинде төлөмдөрдү 80 пайызга чейин жеткиребиз деп турам».

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында бир жол эрежесин бузуунун баасы, башкача айтканда чыгымы 250 сомго чукулдайт. Айып пулдан түшкөн акчанын 214 сому долбоордун биринчи баскычын ишке ашырып жаткан «Вега» компаниясына тиет.

24 сом «Кыргыз почтасына» берилет жана 4 сом 60 тыйын айып токтомун басып чыгарууга кетет. Учурдагы мыйзам менен жол эрежесин бузган айдоочуга салына турган эң төмөкү айып - 3000 сомду алсак, анын 250 сомго жакыны чыгымга кетип, калганы бюджетке түшөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу ушундан улам айыптардын өлчөмүн дагы түшүрүү сунушун киргизди.

Алтынбек Жунус уулу.
Алтынбек Жунус уулу.

«Айыптын баасы жалпылап алганда 250 сом экен. Биз андан бизнес жасап, айыптарды 3000-5000 сом кылбай, эң төмөнкү айыпты 500 сомго чейин түшүрбөйлүбү. Мурда айып пул 100 сом болчу. Аны дароо 3000 сомго көтөрүп салдык. Бирок жарандардын жашоо-турмушу 30 эсе өскөн жок да. Айыпты азайтсак «Вега» компаниясынын акчасы, башка чыгымды жабат экен. Биз пайда көрбөсөк да коопсуздукка коркунуч келтирбеген жол эрежелерин бузуулардын айып пулун 500 сомго чейин төмөндөтөлү. Антпесе эл муну бизнес катары көрүп, акчанын баарын «Вега» алып кетип аткандай кабыл алууда».

Депутат ошол эле кезде ичимдик ичип машине айдагандарга жазаны күчөтүп, аларга 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул салууну сунуштады. Административдик кодекске ылайык, азыр мас айдоочуларга 17 500 сом айып салынат.

Эми «Коопсуз шаардан» түшкөн акчанын дайын-дарегине токтолсок. Финансы министрлигинде долбоордон түшкөн акча үчүн атайын эсеп бар. Министрликтеги каражат биринчи кезекте Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетке берилет.

Комитет ал каражатты долбоорду ишке ашырган компанияга, техникалык операторлорго жана «Коопсуз шаар» автоматташтырылган маалыматтык тутумун иштетүү үчүн жумшайт.

Мындан сырткары, түшкөн каражат Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыкка (ЖКККББ) берилет. Бул мекеме өз үлүшүнүн эсебинен токтомдорду автоунаа каражаттарынын ээлерине жеткирүү үчүн почта кызматтарына акча жумшайт.

Калган сумманын 5 пайызы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК), 15 пайызы ЖКККББнын Мониторинг борборуна бөлүштүрүлөт. Андан соң акчанын 25 пайызы өз алдынча башкаруу органдарына, беш пайызы Транспорт жана жолдор министрлигине ыйгарылат. Калган акчанын 50 пайызы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна которулуп, калганы бюджетке түшөт.

Депутат Зиядин Жамалдинов «Коопсуз шаар» долбоору иштеп баштагандан бери жолдо тартип орногонун эске салып, айып пулдарды түшүрүүнү сындады.

Зиядин Жамалдинов.
Зиядин Жамалдинов.

«Азыркы иштеп жаткан мыйзам туура. Биз мыйзамды сыйлабай эле эл «айыптын суммасын чоң» десе эле аны түшүрө койгонубуз туура эмес. Мыйзамды бузбасын. Айып да төлөбөйт да. Биз айыпты канчалык түшүрсөк жоопкерчилик ошончо төмөндөйт. Негизи бул туура эмес».

Өкмөт «Коопсуз шаар» долбоорунун негизги максаты жол коопсуздугун сактоо деген менен долбоор иштегенден бери статистика артка кеткен. Маселен, 2019-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанда 3492 жол кырсыгы катталып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16 пайызга көбөйгөн.

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте быйыл 12-февралда ишке кирген. Анын алкагында жолдорго, көчөлөргө жол эрежесин бузган айдоочуларды каттаган жана адамды жүзүнөн таануу функциясы бар видеобайкоо камералары орнотулууда. Долбоорду орусиялык «Вега» концерни ишке ашырып жатат.

«Коопсуз шаар - 2» долбоору үчүн тендер жарыяланып, анын жыйынтыгы чыга элек. Ал сынакта долбоорду ишке ашыруу үчүн кытайлык «Shenzhen Sunwin» компаниясы 2,6 млрд. сом сунуш кылган. Ал эми «Вега» компаниясы долбоорду ишке ашыруу үчүн 4,8 млрд. сом, орусиялык БИС компаниясы 5 млрд. сом сунуш кылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (21)

XS
SM
MD
LG