Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

«Коопсуз шаар - 2»: коңулдагы тирешүү


«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы боюнча тендердин жыйынтыгы 23-августта жарыяланат.

Буга чейин ага Бириккен Араб Эмираттарынан, Орусиядан жана Кытайдан төрт компания катышып, биринчи турдун жыйынтыгы боюнча дубайлык компания тендерден утуп чыккан.

Орусиялык БИС компаниясы ага атаандаш болгон башка бир орусиялык «Вега» компаниясы менен кытайлык «Shenzhen Sunwin» компаниясын сотко берди.

Буга чейин Мамлекеттик сатып алуу департаментине караштуу көз каранды эмес комиссия анын бул доосун кароодон баш тарткан.

Жыйынтык чыкканга чейинки арыздануу

Кыргызстандагы «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы боюнча 5,7 млрд. сомго бааланган тендерге төрт компания катышып, анын үчөө жыйынтыктоочу турга өткөн болчу. Анын ичинен орусиялык БИС компаниясы ага атаандаш башка бир орусиялык «Вега» компаниясы менен кытайлык «Shenzhen Sunwin» компаниясынын техникалык сунуштамалары «сынактын талабына жооп бербейт» деген негизде Мамлекеттик сатып алуу департаментине караштуу өз алдынча комиссияга даттанган.

Бирок Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, тендердик комиссиянын башчысы Кубаныч Шатемиров кийинки турга өткөн үч компания тең тендердин талаптарына туура келет деп табылганын белгиледи:

«Ал арызды Мамлекеттик сатып алуу боюнча департаментке караштуу өз алдынча комиссия карап, бирок канааттандырган эмес. Биздин маалымат боюнча алар сотко арыздана элек болчу. Арыз берүү эми алардын өз укугу. Биздин тендердик комиссия бардык катышуучулардын документтерин карап, мыйзамга ылайык, үч компанияны биринчи турдан өткөрүү боюнча чечим чыгарганбыз. Тендердик комиссияга ИИМ, УКМК, Башкы прокуратура жана Транспорт министрлиги сыяктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген».

Ошол эле кезде тендерге катышкан тараптардын айрым өкүлдөрү орусиялык БИС компаниясы үстөмдүк абалга жетиш үчүн сынактын жыйынтыктоочу туруна жеткирбей, тендерди үзгүлтүккө учуратууга аракет кылып жатканын айтышууда. Ошондуктан ал компания өзү деле биринчи турдан өткөнүнө карабай, бул боюнча тендердик комиссиянын чечимин өз алдынча комиссияга даттанганы белгиленди. Бул жагдай тууралуу жарандык активист Мирлан Орозбаев мындай дейт:

«Тендер өткөрүүнүн негизги мазмуну - кайсы компания мамлекетке ыңгайлуу шартты сунуш кылса, ошону тандап алуу. Тендердин жыйынтыгы толук чыга электе эле жанагы компаниянын квалификациялык талаптар боюнча өз алдынча комиссияга жана сотко арызданып жатканы таң калычтуу. Өзүнө ишенген компания аягына чейин күтүп, анан жыйынтыктоочу чечим чыкканда ошол боюнча арызданса дурус болмок. Бул жерде алдын-ала эле арызданып, соттошууга баратканы бул компаниянын тендерде жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ишенбей, аны үзгүлтүккө учуратууга аракет кылган кандайдыр бир пландары бар экенинен кабар берип турат».

Бирок БИС компаниясынын расмий өкүлү Юрий Катютин муну четке кагып, жыйынтык чыкканга чейин комиссияга жана сотко даттанган аракеттерин мындайча түшүндүрдү:

«Эгерде биз бул тендерди үзгүлтүккө учураткыбыз келсе, анда биз аны башкача кылмакпыз. Биз экинчи турга өттүк. Ошондуктан биз аны үзгүлтүккө учуратпайбыз. Биз аягына чейин сынакка катышууга даярданып жатабыз. Тендердин камсыздандыруу төлөмүн да төккөнбүз. Биз бирок квалификациялык талаптар боюнча эки компаниянын экөөнө тең даттандык. Бул эки компанияны тендерге катыштырууда мыйзам бузулду деген ойдобуз. Бирок биздин арызды өз алдынча комиссия кароосуз калтырды. Эми биз бул маселе боюнча сотко арыз берип жатабыз».

Калыстыкты кармануу аракети

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашырууга орусиялык «Вега» концерни да кызыкчылыгы бар. Бул компания долбоордун биринчи этабын жеңип алган. Сынакка кытайлык «Shenzhen Sunwin» деген компания да катышып жатат. Компаниянын расмий сайтында көп сандагы видео, фото маалыматтарды ыкчам талдоого жөндөмдүү экени көрсөтүлгөн.

Бул компания 1997-жылы Кытайдын Шэньжэн шаарында негизделген. Тендерге Дубайдын «ALT Technology LLC» деген компаниясы да катышып, бирок квалификациялык талаптарга жооп бербейт деген негиз менен сынактан четтеген. Буга чейин орусиялык компаниялардын бирине артыкчылык берип, сынактан утуп чыгууга өбөлгө түзгөн учурлар боюнча дооматтар айтылган болчу.

Дастан Догоев.
Дастан Догоев.

Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дастан Догоев эки орусиялык, бир кытайлык компаниянын ортосундагы сынакта калыстыкты камсыз кылуу милдети турганын белгиледи:

«Бул долбоор боюнча тендерге катышкан тараптарга бирдей шарт түзүлүп, алардын бардыгынын кызыкчылыгы мыйзам чегинде корголот. Мен буга жекече кепилдик берем. Жетекчи катары мен ушундай шарттарды түзүп берүүгө даярмын. Албетте, тендердик комиссия жеңүүчү компанияны аныктаган акыркы чечимин чыгарганга чейин эле кандайдыр бир «оюндар» болушу мүмкүн. Эгерде ошондой аракеттер аныкталса, ошондой көрүнүштөргө жол берген тиешелүү кызматкерлер жоопко тартылат деген ишенимдемин. Биз ошондой нерселерге жол бербешибиз зарыл».

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабынан утуп чыккан компания Кыргызстандын жети облусунда, республикалык маанидеги эки шаарда, 15 райондук, облустук маанидеги шаарда жана 73 калктуу конушта видео байкоочу жабдууларды орнотуп, жол эрежесинин бузулушун каттайт.

Беш жылдык долбоор 5 млрд. 791 миллион сомго бааланган. Анда жалпы өлкө боюнча 314 көзөмөл камера-комплекси орнотулары көрсөтүлгөн. Долбоордун биринчи этабында «Вега» компаниясы 35 миллион долларга 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон болчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG