Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 21-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 11:49

Чүйдө жол кырсыгынан беш адам каза болду


Бишкектеги жол кырсыктарынан тартылган сүрөт. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Чүй облусундагы Ивановка айылынын тушундагы жол кырсыгынан беш адам каза болду.

Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматынын Чүй облустук башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кырсык 25-октябрда түштөн кийин болгон. Батыштан чыгышты көздөй бара жаткан “Тойота-Камри” үлгүсүндөгү автоунаа жол четине коюлган парапетти сүзгөн.

Анын жыйынтыгында үч адам мүрт кетип, экөө ооруканага жаткырылган. Бирок алар ооруканадан үзүлгөн. Каза тапкандардын арасында балдар да бар.

Учурда жол кырсыгы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө башталды. Алдын-ала маалымат боюнча кырсыкка учураган автоунаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта бара жатып, автоунааны башкара албай калган.(BkA)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG