Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

Бишкекте жол кырсыгында мүрт кеткендер 17 жашта болушкан


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

9-сентябрда Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинде катталган автокырсыктан каза болгон төрт бала тең 17 жашта болгон. Алар «Шкода Октавия» автоунаасында баратышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка караганда, андан тышкары кырсыктан жети киши жабыркады.

Жол кырсыгы болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин беш куткаруучусу, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ыкчам тергөө тобу, «Тез жардам» кызматынын төрт бригадасы иштеди.

9-сентябрда «Шкода Октавия» жеңил унаасынын айдоочусу Айтматов проспектиси менен түндүктү көздөй кетип баратып, карама-каршы тилкеде келаткан №8 автобус менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил машинедеги төрт киши ошол жерде мүрт кеткен. (BTo)

XS
SM
MD
LG