Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Карыз үстүнө карыз алган Кыргызстан


АКШ доллары жана евро. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШ доллары жана евро. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш бюджетти колдоо үчүн Евразия өнүктүрүү банкынан 100 млн. доллар өлчөмүндө насыя алуу тууралуу макулдашууну жактырды. 

Өкмөт COVID-19 пандемиясы менен күрөшкө сырттан жалпы 800 млн. доллардай акча сураса, ушул күнгө чейин анын жарымына жакынын колуна алды.

Келген акчаны бөлүштүрүп коюу ар бир адамдын колунан келерин айткан айрым депутаттар өкмөттүн карызды көбөйүп жатканын сынга алууда. Буга коомчулукта да нааразылык бар.

Карыздын жаңы бөлүгү

Кыргыз өкмөтү менен Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) ортосундагы насыя алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун парламенттин 3-сентябрындагы жыйынында Финансы министрлиги жактады.

Мекеменин жетекчилиги кабарлагандай, жардам банкка караштуу Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан алынмакчы. Насыянын жаңы бөлүгү толугу менен бюджетти колдоо үчүн жумшалганы турат.

Финансы министринин орун басары Сүйөркул Абдыбалы тегин парламенттеги жыйында буларды билдирди:

Сүйөркул Абдыбалы тегин.
Сүйөркул Абдыбалы тегин.

«Макулдашуунун максаты – COVID-19 пандемиясынын шартында бюджетти колдош үчүн Евразия фондунун каражаттарынан эсебинен 100 млн. доллар финансылык насыя берүү. Ал каражаттар COVID-19 илдетинин экономикага, финансылык жана социалдык секторго тийгизүүчү таасирине каршы турууга багытталат. Насыянын мөөнөтү 20 жыл, анын ичинде жеңилдетилген мөөнөтү 10 жыл. Пайыздык чени жылдык менен эсептегенде 1%. Бул макулдашуунун насыялык бөлүгү Евразия фондунун мөөнөтү жана шарттары менен берилет. Насыялык каражаттарды төлөө республикалык бюджеттин каражаттарынын жардамы менен келишимдик шарттарга ылайык ишке ашырылат».

ЕАӨБ - Евразия Экономикалык Биримдигине кирген мамлекеттердин жана алардын өнөктөштөрүнүн экономикасына көмөк кылуучу финансылык уюм. Анда уюмдагы Орусия, Казакстан, Армения, Беларус, Кыргызстан мамлекеттеринен сырткары Тажикстан да катышуучу болуп саналат.

Банк менен расмий Бишкек насыялык соңку макулдашууга 2020-жылдын 11-августунда кол коюшкан. Бул жөнүндөгү өкмөттүн №435 токтому 24-августта чыккан.

Ошол эле кезде парламенттин айрым депутаттары чет элдик институттардан кайра-кайра жардам алууну сынга алып, бул карыздын көлөмүн көбөйтүп жатканын эскертишти. Депутат Жанарбек Акаев бийлик жалаң карыз менен жан багып жатканын айыптады:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

«Бүгүн биз эртеден бери жалаң ратификацияларды карап жатабыз. Таза суу чыгарууга, канализацияга жана башка нерселерге бүт сырттан карыз алат экенбиз. Эми COVID-19 вирусуна байланыштуу экономиканы колдоого да ала берсек, анда өкмөт бирдеме кылып, өз алдынча да иш кылабы? Же бүт эле ушу карыз менен иш кылабы? Анда биз 11-класстын окуучусун же 1-курстун студентин деле премьер-министр кылып коюп койсок, сырттан карыз алып, аны пенсия менен айлыкка берип коюп отура берет экен да».

Финансы министрлигинин өкүлдөрү парламентте кабарлашкандай, быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу кыргыз өкмөтү сырттан жалпы 773 млн. доллар жардам сурады. Анын 597 млн. доллары насыя.

Ушул күнгө чейин бул сумманын 334 миллион доллары келип түшсө, мунун 205 млн. доллары колдонулду. Калган 129 млн. доллар Улуттук банктын эсебинде турат.

Өкмөт бул каражаттардын баары парламенттин макулдугу менен, мыйзам чегинде алынып, иштетилип жатканын билдирүүдө.

«Өкмөттүн бул боюнча саясаты 2020-жылдын бюджетин жана өзгөчө абалдын бюджетин карап жатканда каралган. Ошондо бизде эки жол турган. Биринчи жолу кризиске байланыштуу биз секвестрге (чыгымдарды кыскартууга) барышыбыз керек болчу. Же экинчи жолу - тышкы карыздын эсебинен чыгымдардын баарын жабыш керек эле. Бюджетти кабыл алганда бизге бекитип бергенсиздер, ошол жерде каралган багытта, ошонун чегинде карыз алуу саясатын жүргүзүп келатабыз. Азыр бул жерде алынып жаткан каражаттардын негизги бөлүгү жеңилдетилген насыялар, азыраак бөлүгү гранттар. Мындан сырткары карызды реструктуризациялоо боюнча да иштер жүргүзүлүп жатат», - деди парламенттин жыйынында финансы министринин орун басары Сүйөркул Абдыбалы тегин.

«Алган карызды эл төлөйт...»

Өкмөт аппаратынын расмий маалыматына ылайык, эл аралык донорлор берген акча каражаттары пандемияга каршы күрөш боюнча чыгымдарга, карантин маалында калктын аярлуу катмарына тамак-аш сатып алууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында буудай сатып алууга жумшалды. Мындан сырткары каражаттын көбү социалдык төлөмдөргө, пенсия, айлык акы, жөлөк пул жана башка төлөмдөргө пайдаланылды.

Арийне, өкмөт чет элдик институттардан жыл башында коронавирус менен күрөшүүгө, экономиканы жана бюджетти колдоого деп каржылык көмөк сураган. Бирок жогоруда көргөнүбүздөй каражаттын көбү бюджетти жабууга жумшалууда. Анткени кайра санактан кийин быйылкы бюджеттин таңкыстыгы 28-30 млрд. сомду түзөрү мурдараак белгилүү болгон.

Депутат Акылбек Жапаров алынган жардам башаламан тартипте иштетилип жатканын айтты:

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

«Азыр мына бюджеттин дефицитин жабууга 100 млн. доллар алып жатабыз. Мурдараак 14 млрд. сомду биз экономикага жардам катары бюджетке бекитип бергенбиз. Мындан тышкары дагы экономикага колдоо кылыш үчүн жардам алып жатабыз. Ушунун баарын бир жерге чогултуш керек. Анан кайтарма негизде жылдан жылга муну көбөйтүп кете беришибиз керек. Анткени айрым жерлерде туура эмес маалымат болгону үчүн «акчанын баары маянага жана пенсияга кетип жатат, бүгүн эле ичип-жеп салдык» деп жатышат. Андай болбошу үчүн бизге келе турган 700 млн. доллар акчаны бир жерге топтоп, фонд түзөсүңөрбү, айтор аны жаңыланып тура турган кылып, бюджеттен акча кошуп туруш керек. Кийин, 20-30 жылдан кийин жоголуп кетпегидей болуп, ушунун пайдасын көргүдөй бололу. Анан келген акчанын бир тыйынына чейин карап турушубуз керек, бул жоголуп кетпеши керек. Болбосо эгемендик алгандан бери 3,5 млрд. доллар грант алдык, эсеп жок, көзөмөл жок, азыр дайынын таппай калдык».

Ошентип Жогорку Кеңеш 3-сентябрдагы олтурумунда жаңы насыя алуу боюнча мыйзам долбоорун үч окууда жактырды. Катталган 75 депутат аны бир добуштан колдоп берди. Демек, анда бекитилген сумма жакын арада кыргыз өкмөтүнө түшүшү керек.

Мурдараак келген карыздардын көбү Эл аралык Валюта Фондунан (ЭВФ) жана Азия өнүктүрүү банкынан (АӨБ) алынган. Дагы бир бөлүгүн Ислам өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк берген. Мындан сырткары Дүйнөлүк банктан кайра дагы жана Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынан, Германия өнүктүрүү банкынан (KFW) да жардам алынышы керек.

Экономика жана саясат боюнча адистердин арасында Кыргызстанда кризистен кийин акчанын массасын көбөйтүш үчүн сырттан акча алууну жактагандар көп. Бирок ошол эле кезде буга караманча каршы чыккандар да жетиштүү.

Саясат талдоочу Гүлжигит Исаковдун оюн ортого салалы.

Гүлжигит Исаков.
Гүлжигит Исаков.

«Албетте, биздин экономика – ички дүң өнүмүбүз быйыл коронавирустан улам 10% артка кетет деп болжоп жатышат. Балким андан да көп түшөт. Бирок ошондо да андан чыгыш үчүн олчойгон карыз ала бербеш керек. Карызды алгандын башы болгондой эле, аягы да болуш керек да. Аны төлөй албагандан кийин аны канчалык азыраак алсак, ошончолук жакшы. Кризистик кырдаалда биз тескерисинче көбүрөөк сарптабаганга үйрөнүшүбүз керек. Чыгымдарды азайтып, оптимизацияга барышыбыз зарыл. Мындан сырткары ички ресурстарды, ошол эле алтынды пайдалануу менен каатчылыктан чыксак болот. Алтындын бир унцийи 1400 доллардан 2000 долларга чейин кымбаттады. Бирок бизде буга да көңүл бурулган жок, чыгымдар да чектелген жок. Бийлик карыз алуу менен гана алек болууда. Анын да көбүн ортодогу аткаминерлер «жеп» кетип жатат го деген шек бар. Анын баарын ким төлөйт? Аны эл төлөйт. Төлөбөсөң күрөөгө коюлган мамлекеттик активдерди ошол чет элдик донорлор алып коюшат», - деди ал.

2020-жылдын 30-июнуна карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы төрт млрд. 773,92 млн. долларды же 362 млрд. 764,15 млн. сомду түзгөн. Мунун 86% тышкы карыз – төрт млрд. 106,72 млн. доллар же улуттук эквивалент менен алганда 312 млрд. 64,01 млн. сом болот. Ошондой эле 14% ички карыз – 667,21 млн. доллар же 50 млрд. 700,14 млн. сом болот.

Финансы министрлиги жыл соңуна чейин мамлекеттик карыз беш млрд. сомдон ашарын моюнга алууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG