Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:48

Эгемен Кыргызстандын өсүшү менен өксүгү


Кыргызстандын эгемендигин майрамдоо. Ош, 31-август, 2018-жыл.
Кыргызстандын эгемендигин майрамдоо. Ош, 31-август, 2018-жыл.

Кыргызстандын эгемендик алганына 29 жыл толду. Эгемендик тарыхында Кыргызстан эмнеге жетишти жана эмнени жоготту, эркин мамлекеттин эртеңки келечеги кандай?

29 жылдык эгемендик тарыхында Кыргызстандын жетишкендигине жана кемчиликтерине берилген баа ар кандай. Айрымдар бул мезгил өлкөнүн толук өзгөрүшү үчүн кыска гана убакыт экенин айтса, кээ бирлер Кыргызстан эгемендиктин башатындагы максаттарга жете албай жатат деген пикирде.

Кыргызстандын учурдагы абалына жана турумуна калыс баа бериш үчүн эл аралык рейтингдерде алган ордуна көз чаптырып көрөлү.

Экономикалык эркиндикке жетише элек...

2020-жылдын июль айында Дүйнөлүк банк жер жүзүндөгү өлкөлөрдүн экономикасынын абалы боюнча баяндама жарыялады. Ал өлкөлөрдүн ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) жана улуттук дүң өнүмүнүн (УДӨ) негизинде даярдалып, экономикалык, социалдык жана саясий тармактардагы ээлеген позициясы талданган.

Бул изилдөөдө эгемендигинин 29 жылдыгын белгилеп жаткан Кыргызстандын орду кандай?

Дүйнөлүк банктын эсебине ылайык, ИДӨнүн көлөмү боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү 203 мамлекеттин ичинен 142-орунду ээлеген. Тагыраагы, Кыргызстандын ички дүң өнүмү сегиз миллиард 355 миллион доллар же 590 миллиард сом деп эсептелип, ар бир жаранга бөлө келгенде 1200 доллардын тегерегинде каражат туура келет.

Мурдагы Советтер Союзунан чыккан өлкөлөр менен салыштырганда бул рейтингде Кыргызстандан артта Тажикстанды гана көрүүгө болот. Түштүк-батыштагы коңшунун ИДӨсүнүн көлөмү сегиз миллиард 117 миллион доллар деп эсептелген. Бул рейтингде Борбор Азиядагы коңшулар болгон Казакстан 54, Өзбекстан 81, ал эми Түркмөнстан 93-орунду ээлеген.

Кыргызстан эгемендик алгандан тартып дал ушул экономикалык багыттагы кыйынчылык, өндүрүштүн жолго коюлбаганы башкы маселеге айланды. Экономикалык кубаттын начарлаганынан улам өлкө толук өз алдынча саясат жүргүзүшү кыйын болуп жатат.

Дипломат, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов экономиканы өнүктүрмөйүн эгемендик жөнүндө кеп кылуу кыйын экенин белгиледи:

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

«Учурда Кыргызстанда экономикалык саясат бар деп айтыш кыйын. Саясат - грант же насыя алуу жана тышкы карызды көбөйтүү. Андан башка багыт же көз караш жокко эсе болуп, багытын таппаган кеме сыяктуу абалдабыз. Азыр экономика деп мигранттар которгон каражаттарды, аз-маз алтын сатканыбызды, андан сырткары «Дордой», «Кара-Суу» сыяктуу базарлардагы алып-сатууну, бир аз электр энергиясын сатууну гана айта алабыз. Ошондуктан экономикалык толук эгемендикке жетиштик деп айтыш кыйын».

Бешимов белгилегендей, учурда Кыргызстандын экономикалык саясаты көбүнчө тыштан алынган насыялардын, гранттардын эсебинен болуп, четте иштеп жүргөн мигранттар которгон акчага көз каранды болуп жатат.

Акыркы жылдары дал ушул тышкы карызга байланышкан маселелер эгемендикти коргоо жаатындагы кыйынчылыктар менен кошо карала баштады. 2020-жылдын июнь айына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы төрт млрд. 773 млн. долларды түздү. Анын төрт млрд. 106 млн. доллары тышкы, 667 миллион доллары ички карыз болуп саналат.

Тышкы карыздын кыйла бөлүгү же бир млрд. 775,13 млн. доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет.

Кыргыз бийлиги мындай абалды көбүнесе мойнуна алып, тышкы карыздын көлөмүн азайтуунун жол-жобосу каралып жатканын кабарлаган. Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы билдирүүлөрүнүн биринде мамлекет насыя алуу саясатын өзгөрткөнүн айтты:

«Буга чейин алынган карыздарды, биз – мамлекет, төлөшүбүз керек. Мына буга чейин беш жыл, 10 жыл мурун, 15-20 жыл мурун алынган карыздарды төлөй турган учурлар келди. Кээ бир беш жылдык мөөнөт менен алынган оор насыялардын төлөө мөөнөтү да келип калды. Мөөнөтүн узартуу боюнча тынбай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ал эми азыр биз насыя саясатын өзгөрттүк. Беш жылдык кыска мөөнөттүү насыя алганды токтотуп жатабыз. Дүйнөдө жүгүртүүдө акча көп. Бирок биз тышкы карыздын жүгүн мындан ары жеңилдетишибиз керек. Ошондуктан алсак да жеңилдетилген насыяларды, айрыкча гранттарды издеп жатабыз. Ал боюнча иштеп жатабыз».

Өлкөнүн ИДӨсүнүн көлөмү эгемендик алган 1991-жылдагы статистика менен салыштыра келгенде болжол менен алты миллиард доллардан ашык арбыганын көрүүгө болот. Бирок бул жерде инфляцияны эске алуу зарыл.

Кыргыз экономикасынын кыйла бөлүгүн камтыган Кумтөр кени.
Кыргыз экономикасынын кыйла бөлүгүн камтыган Кумтөр кени.

Адистер эгемендик жылдарындагы Кыргызстандын экономикалык өнүгүү көрсөткүчүнө талдоо жүргүзүп, өлкөнүн ички дүң өнүмү номиналдык түрдө көбөйгөнүн эске алганы менен экономиканын өсүш сапатынын индекси көп учурда терс көрсөткүчкө ээ болуп келет.

Ал эми дагы бир маанилүү көрсөткүч - адам потенциалынын өнүгүү рейтинги боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү ортодон төмөн өлкөлөрдүн катарында. Тагыраагы Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча 189 өлкөнүн ичинен 122-орунду ээлеген.

Дагы бир кызыктуу көрсөткүч - калктын бактылуулук деңгээли боюнча рейтингде Кыргызстан соңку жылы 153 өлкөнүн ичинен 74-баскычта орун алган.

Ишкерликке жагымдуу шарт түзүлө элек

Ал эми ишкерлик үчүн түзүлгөн шарттарды иликтеген Дүйнөлүк банктын «Doing Business» рейтинги боюнча Кыргызстан быйыл 80-орунду ээледи. Бул рейтингде өлкө мурдагы жылдарга салыштырмалуу он орунга артка кеткенин көрүүгө болот. Кыргыз бийлиги кийинки жылдары бул индекс боюнча алдыңкы 50 өлкөнүн ичине кирүү максатын койгону менен бул милдет ишке аша элек.

Эгемендик жылдары бул рейтингде Кыргызстандын эң жакшы көрсөткүчү 2010-жылы катталып, анда ал 41-орунду ээлеген эле.

«Балансы жок» тышкы саясат, баш ооруткан чек ара

Дал ушул экономикалык өз алдынчалык толук камсыз болбогону өз кезегинде мамлекеттик тышкы саясатты тең салмакта жүргүзүүгө жолтоо болуп жатканы айтылып келет.

Расмий түрдө кыргыз бийлиги көп багыттуу тышкы саясат жүргүзөрүн жарыялаган. Адистер бул чөйрөдө расмий Бишкек эгемендиктин алгачкы жылдарында Батыш өлкөлөрү, постсоветтик чөлкөмдөгү өнөктөштөр, Кытай баштаган чыгыштагы өлкөлөрдүн ортосунда баланс табууга аракет кылганын белгилешет.

Бирок акыркы жылдары бул тармакта Орусияга гана басым жасалып, көп багыттуу саясат деген формалдуулукка айланып бара жатканын айткандар арбын. Алардын бири тарыхчы, жазуучу Арслан Капай уулу:

Арслан Капай уулу.
Арслан Капай уулу.

«Айтылуу Макиавелли «адатта карапайым эл караңгы болот, аларды элита башташы керек» деп айткан. Тилекке каршы, элди баштайт деген кыргыз элитасы да караңгы болду. Биздин элита чогулуп, «жети өлчөп бир кесип» улуттун тагдырын, анын келечегин талкуулай албай койду. Анын кесепетин бүгүн көрүп жатабыз. Кыргызстан совет заманында болгондо «Орусташуу саясатынан кантип кутулабыз?» деп жүрчүбүз. Эгемендик алгандан кийин деле кайрадан Орусиянын көзүн караган саясатка моюн сунуп бердик. Орус менен мамиле курууда өзүнчө эле кадыр-барк алып келген жобону иштеп чыгып алдык. Орус лидери менен сүйлөшкөн, жолуккан кыргыз саясатчысы кыйын эсептелип калды», - деп соңку абалды сүрөттөдү.

Аймактык бүтүндүк - эгемендиктин негизги белгилеринин бири. Бул багытта Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чек аралары толук такталбай, утур-утур чыр-чатактар чыгууда.

Кыргызстан менен Өзбекстан 1379 чакырымдай чектешет, анын ичинен 85% такталган. Бул өлкө менен чек араны тактоодо акыркы жылдары аз да болсо жылыштар байкалып келет. Бирок Тажикстан менен чек араны тактоо түйшүктүү ишке айланды.

Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери эки өлкөнүн чек арасында.
Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери эки өлкөнүн чек арасында.

Бул өлкө менен Кыргызстандын жалпы чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын 519 чакырымы такталган, калган бөлүгү шарттуу чек ара сызыгы боюнча турат. Такталбаган чек араларда жер, суу, жол, жайыт талаштан улам тез-тез чыр чыгып турат.

Акыркы он жылда кыргыз-тажик чек арасында эле 150гө жакын чатак чыкты. Алардын айрымдарында курал колдонулуп, эки тараптан набыт кеткендер болду.

Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени чечүү кыйын болуп жатканын мойнуна алып, абалды «минада отургандай» деп сыпаттаган болчу.

Ал эми буга чейин эки өлкө ортосундагы чек ара чатактарын чечиш үчүн Орусия ортомчу катары катышууну да сунуш кылган жайы бар.

Коррупция эгемендикке коркунуч келтире баштады

Кыргызстан эгемендик алган алгачкы күндөн тартып эле эң башкы мүшкүлдөрдүн бири коррупция маселеси болуп калды. Бул терс көрүнүш өлкөдөгү эки ыңкылапта жарандардын нааразылыгын жараткан башкы себеп болгону айтылып келет. Муну өлкөнү башкарган беш президент тең мойнуна алып, ар бири өзү башкарган мезгилде коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө убада берген.

Эл аралык «Transparency International» уюмунун дүйнөдөгү коррупцияны кабыл алуу деңгээли боюнча жарыялаган баяндамада быйыл Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 126-орунга жайгашкан. Жемкордук жокко эсе абал деген 100 упайдын ичинен 30 упай алган расмий Бишкек коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарындагы кызыл чекте орун алды. Былтыр өлкө 132-орунда болчу.

Кыргызстан менен катар эгемендикке жетишкен мурдагы СССРге кирген өлкөлөрдүн ичинен Эстония, Литва, Латвия жана Грузия жемкордуктун деңгээли төмөн алгачкы 50 өлкөнүн катарына кошулса, калгандары коррупция кеңири жайылган топто жүрөт.

Жалпысынан өткөн 30 жыл аралыгында Кыргызстан дал ушул коррупциялашкан мамлекеттердин тизмесинен чыкпай келатат. Эл аралык уюм Кыргызстанда экономикалык бюрократия, саясий жемкорлук, трайбализм экономикалык өнүгүүгө жолтоо болууда деп эсептейт. Анткени өлкөдө коррупциянын жайылышына ыңгайлуу шарттар дагы эле толтура.

Өлкө бийлиги коррупцияга каршы күрөш жаатында маанилүү жетишкендиктер бар экенин, бул багыттагы күрөш улантылып жатканын айткандан тажабайт.

Анткен менен Кыргызстанда өткөн башка да сурамжылоолордо коррупция эң башка маселелердин бири катары аталган. Борбор Азиядагы коррупция маселесин изилдөө институтунун директору Эркайым Мамбеталиеванын айтымында, Кыргызстанда коррупциянын кесепети өлкөнүн эгемендигине таасир этчү мүшкүлгө айланды:

Эркайым Мамбеталиева.
Эркайым Мамбеталиева.

«Коррупция маселеси өлкө эгемендиги менен түздөн-түз байланышта болуп, таасирин тийгизүүдө. Дал ушул терс көрүнүштүн айынан билим берүү, саламаттык сактоо жана башка тармактардагы абал начарлап, чабал болуп калганын көрүп жатабыз. Коррупция дегенди жалаң эле паракорлук деп түшүнбөшүбүз керек. Маселен, кадрдык коррупциянын айынан мамлекеттик кызматка деңгээли жок, билими, тажрыйбасы төмөн адамдар келип өлкөнүн абалынын начарлашына жол ачып жатат. Дагы бир жагдай - биз коррупциялык көрүнүштөр аркылуу коомго моралдык сокку уруп, элдин аң-сезимин бузуп алдык. Бул оңой менен калыбына келбеген, кесепети абдан оор процесс. Анын кесепетинен экономикалык эле эмес, идеологиялык жактан да көз каранды болчудай абалга бара жатат. Эң кейиштүүсү - мындай көрүнүш эртең өз алдынчалыкты жоготууга алып барышы мүмкүн».

Мамбеталиева белгилегендей, эгемендик жылдары билим берүү, саламаттык сактоо тармактары оор акыбалга туш болуп, кыйынчылыктар көбөйдү.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жүргүзгөн билим берүүнүн деңгээли боюнча индексте (Edication Index) Кыргызстан 2019-жылы 189 өлкөнүн ичинен 67-орунду ээлеген. Бул рейтинг өлкөдөгү жалпы билим алгандардын санын, жашы жеткен адамдардын сабаттуулук деңгээлин өзүнө камтыйт.

Ошол эле кезде мындан он жыл мурун эл аралык PISA уюму өз иликтөөлөрүнө таянып, Кыргызстанда мектеп окуучуларынын билим сапаты эң төмөн деген жыйынтыкка келген эле.

Билим берүү жана саламаттык сактоо тармагындагы маселелер айрыкча пандемия учурунда ого бетер ачыкка чыкты.

Сөз эркиндигиндеги жетишкендикти сактап кала алдыкпы?

Кыргызстан эгемендик алгандан тартып эле негизги баалуулугу катары демократияны, адам укуктарын жана сөз эркиндигин сактоого басым жасап келген. Дал ушул тармактарда өлкө Борбор Азия чөлкөмүндө лидер болуп саналып, ал эгемендик жылдарындагы негизги жетишкендик катары аталып жүрөт.

Cөз эркиндигин коргош үчүн Бишкекте өткөн жүрүштөрдүн бири.
Cөз эркиндигин коргош үчүн Бишкекте өткөн жүрүштөрдүн бири.

Дүйнөдө басма сөздүн абалына көз салган «Freedom House» эл аралык уюму жарыялаган жылдык баяндамасында Кыргызстан 2020-жылга карата сөз эркиндиги жана адамдын эркиндиги жаатында жарым-жартылай эркин деген өлкөлөрдүн катарына кирди.

Уюм жүргүзгөн изилдөөдө Кыргызстан мүмкүн болгон 100 упайдан 39 упай ээлеген. Былтыркыга караганда бир упай көбүрөөк алганы менен эркин өлкөлөрдүн катарына кошула албай жүрөт.

Эл аралык уюм Кыргызстанда чөлкөмдө сөз эркиндигинин абалын салыштырмалуу жакшы деп баалаганы менен бул багытта маселелер абдан көп.

Кыргызстандын имиджи кандай?

Негизи эгемен Кыргызстандын жетишкендиги жана кемчиликтери жөнүндө сөз кылганда бир катар мамлекеттер жана уюмдар дал ушул демократиялык баалуулуктарга жана сөз эркиндигине өзгөчө маани беришет.

Кыргызстан эгемендик алган күндөн тартып эле Борбор Азия чөлкөмүндөгү демократиялуу өлкө катары сыпатталып келген. Ал түгүл 1990-жылдарда «Борбор Азиядагы демократия аралчасы» деп аталса, кийинки он жылдыкта бийликти бир колго топтогон президенттерге каршы чыккан эки ыңкылап менен дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурду. 2010-жылы аймакта алгачкылардан болуп парламенттик башкаруу системасына өткөнүн жарыялады. Буга карабай дүйнөлүк аренада Кыргызстан өзүнүн татыктуу ордун азыркы учурга чейин таба албай жатканын айткан пикирлер арбын.

Коомдук ишмер, экономист Эмил Үмөталиев дал ушул сөз эркиндигин жана демократиялык баалуулуктарды коргоого өзгөчө көңүл буруш керек экенин айтты:

Эмил Үмөталиев.
Эмил Үмөталиев.

«Демократиялык өзгөрүүлөр жаатында коңшуларга караганда биз 20 жыл мурун үлгүлүү орунда элек. Бирок учурда дүйнөлүк коомчулук бизди демократияны өнүктүргөн өлкө катары тааныбай бара жатат. Андай өлкөлөрдүн катарына кирбей да калдык. Бүгүнкү күндө Кыргызстан Кремлдин тегерегинде айланчыктап, бул өлкөнүн чоң геосаясатына баш ийген акыбылда калып турабыз. Демократия деген бул үзгүлтүксүз процесс, аны күн сайын үйрөнүүгө аракет кылып, дүйнөдө демократия орноткон мамлекеттердин чемпиондору менен карым-катнашты жандандыруу зарыл. Бирок биз учурда демократия орнотууда көптөгөн каталарды кетирип, аны бекемдей турган эрежелерди сактабай, тетирисинче терс эрежелерге баш ийип калып жатабыз. Элдин добуш сыйлабай, эл добуш сатып алчу түшүнүктөрдү орнотуп, демократиялык чөйрөнүн сый-урматынан алыстап бара жатабыз».

Мына ушундай объективдүү көрсөткүчтөрдү эске алуу менен Кыргызстан эгемендик алыш үчүн учурдагы койгон максатына канчалык жетти жана эмнелерди кылыш керек деген суроо жаралат.

Кыргызстандын Көз карандысыздык декларациясына кол койгон Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов кыргыз бийлиги мындай максаттарга толук жетише албай жатканын белгилейт:

Медеткан Шеримкулов.
Медеткан Шеримкулов.

«Биз ушу мамлекетти түзүп, түптөп жатканда биздин оюбуз абдан тунук, жакшы эле. Алдыга коюп жаткан максатты жеңил нерсе катары кабыл алып, «бизге үч жыл, ашып кетсе беш жыл керек» деп айтчубуз. Беш жыл ичинде өлкөбүздү алдыңкы мамлекеттердин катарына кошуп кетебиз деген үмүт, ишенич да бар болчу. Бирок тагдырдын, тарыхтын жазмышы биздин ойго төп келген жок».

Президент Сооронбай Жээнбеков болсо Эгемендик күнүнүн алдындагы маегинде өткөн 29 жылдагы ар бир окуядан сабак алуу менен гана өлкөнүн эгемендигин бекемдөөгө мүмкүн деген пикирин айтты:

«Эгемендиктин баасы менен баркын түшүнүп, баалай билиш үчүн жылдар керек экен. Эгемендикке ээ болгон бул жылдары мамлекетибиз көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Ошону менен бирге көп жеңиштер, жакшылыктар болду. Элибиз жамандыкта биригип, жакшылыктарда чогуу кубанды. Мына, кечээ жакында COVID-19 илдети менен күрөш күчөп турган кезде да, биздин кадырман элибиз биримдигин көрсөттү. Бул илдет да биздин кандай эл экендигибизди, мамлекет экенибизди сынады. Мындай сыноолор аз болгон жок. Биздин мамлекеттүүлүгүбүздү, эгемен өлкө экендигибизди сынаган оор мезгил 2010-жылга туш болду. Алгач апрель окуясы, андан кийин коогалаңдуу июнь окуясы болгонун унутпайбыз. Ал эстен чыкпайт. Айрыкча июндагы Ош коогалаң окуясы мамлекетибиздин тарыхында оор мезгил, оор күндөр катары кара тамга менен жазылып калды. Мына ошол окуялар тынчтыктын, биримдиктин баасын билгизди. Эгемендиктин баасын сездирди. Мамлекеттүүлүк деген эмне экендигин эске салды. Эл үчүн да, бийликтегилер үчүн да чоң сабак болду. Андан сабак алдыкпы, жокпу - бул да туура коюлган маселе. Бул окуялардын маанисин биз азыркы муунга гана эмес, келечектеги муунга да сиңирип, жеткиришибиз керек. Бул окуялар бир гана мен үчүн эмес, кийинки мамлекет башчыларына, жалпы саясатчыларга сабак болушу керек»

Ал эми коомдук ишмер Алмаз Кулматов соңку тарыхтагы окуяларды эске алуу менен Кыргызстандын мындан аркы абалы үчүн жоопкерчиликти эске салды:

«Эл жакшы жашоого тарыхый, моралдык жана саясий акысы бар, татыктуу. Башынан нечен азап-тозокту кечирди. Элдин дарамети жетиштүү, эмгекчил жана намыскөй. Өлкөдө байлык, экономикалык ресурстар киши башына ченесе калкынын саны бизден эселеп көп өлкөнү гүлдөтүүгө жетет. Географиялык шартыбыз жаман эмес. Система да жаман эмес. Демократиялык институттар калыптанып калды. Ушундай эле саясий система, мамлекеттик түзүлүш, ушундай эле Конституция менен биздикинен алда канча кичинекей аймакта жашаган, калкынын саны биздин бир облуска тең келбеген, кен байлыктан куржалак өлкөлөр жакшы оокат кылып, бардар жашап, дүйнөгө таасир этип, кубаттуу мамлекет катары орду бар. Кыскасы өткөнгө, коңшуларга, географиялык абалга, эми пандемияга, башка көрүнгөн нерсеге шылтабай, келечекке оодара салбай, ушул жерде жана азыр толук эгемендикти, чыныгы эркиндикти камсыз кылууга шарттар жетиштүү. Кеп эркте, абийирде жана акыл-билимде».

Ошентип Кыргызстан 29 жылдык өз алдынчалыгын кезектеги парламенттик шайлоонун алдында белгилеп жатат. Бир катар байкоочулар бул саясий өнөктүк өлкөнүн алдыдагы беш жылдык келечегин аныкташ үчүн абдан маанилүү экенин айтышууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG