Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Жонунан кайыш тилинген кыргыз тили


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз тили өлкөнүн эгемендик жылдары кемелине келип, мамлекеттик тилге айландыбы? Жок, арсар абалда. Андан качан чыгат?

Кыргыз тилинин келечегине тынчсызданган жарандар «Фейсбукта» «Кыргызча туура жазабыз» деген топ түзүп, азыр анын мүчөлөрүнүн саны эки миңге чукулдады. Арийне, элдин баары кыргыз тилинде туура жазат деген куру кыял. Береги ыктыярдуу топтун жаралышына мамлекеттик мекемелерде даярдалган ырасмий кагаздардагы каталар, чоң кызматтагылар менен депутаттардын чала сабаттыгы түрткү бергени талашсыз.

Ырас, мамлекеттик макамы бар кыргыз тилин коюңуз, ырасмий макамдуу орус тилин да кызмат адамдары орто мектептин деңгээлинде билерин былтыр 27-мартта эл аралык жыйын айкын кылган.

Ошондо орусиялык 40, кыргызстандык 31 ректордун маңдайындагы минбарда «Первый Форум ректоров вузов Российской Федерации Кыргызской Республики «Развитие науки и образования - инвестиции в будущее»» деген жазуу бажырайып турду. 13 сөздө үч ката!!! Президент С. Жээнбеков ошол минбарда туруп сүйлөдү.


Ал эми Ч. Айтматовдун 90 жылдыгын утурлай Ала-Тоо аянтында орнотулган утурумдук экспозициядагы каталар жөнүндө сөз жок!

Элибизде «Эсиң барда этегиңди жап» деген макал бар. Биздин аткаминерлер мамлекеттик тил түгүл ырасмий тилди да чала билерин жана алардын жогорку билиминин деңгээли орто мектептин деңгээлине барабар экенин дүйнөгө ашкере кылган окуядан кийин 31 ректор (өлкөдөгү ЖОЖдордун саны 31ден туура 2 эсе көп) добулбас кагып, окуу жайларындагы билимдин сапатын жакшыртуу маселесин кырынан коюшу керек болчу! Антишпеди.

Бүгүн Жогорку Кеңештеги, өкмөттөгү сабатсыздык аскияга айланып, виртуалдык дүйнөнү аларды шылдыңдаган мемдер чайып кетти.

Маселеге бийлик өзү көңүл бурбагандан кийин коом өзү, медиа көтөрүүдө. Ал эми «Азаттык» радиосу укурукту узун таштап, «Кыргыз тилин кантип илимдин тилине айлантабыз?» деген талкууну арнады. Анда козголгон проблемаларга ким кызыкса, «Азаттыктын» сайтына баш багып (18. 05. 2020), кенен таанышса болот. Ошон үчүн ага токтолбой, өз оюмду ортого салайын.

Империялык шириден бошонуунун эстон жолу

1) Кыргыз тилине байланыштуу көйгөйдүн башаты эрктүү Кыргызстандын туңгуч президенти А. Акаевдин демилгеси менен орус тилине ырасмий макам берүүгө барып такалат. Аны түзөтүш үчүн Конституциядан жанагы макамды (1-бөлүм, 10-берене, 2-пункт) алып салуу абзел. Натыйжада республиканын ырасмий тили жөнүндөгү 2000-жылкы мыйзамы өзүнөн өзү жокко чыгат. Кыргыз тили ырасмий колдонуудагы жалгыз тил болуп калат.

2) «А. Акаев кыргыз тилине кийгизип кеткен ширини сыйрып салуу өлкөдөгү орустардын укугун тепсейт» деген кеп шоона эшпейт. Постсоветтик 13 өлкөдө улуттук тил - мамлекеттик тил. Алардын ичинде Латвияда (орустар калктын ~32,0% түзөт), Эстонияда (24,8%) жана Украинада (~17,0%) орустар Кыргызстандагыдан алда канча көп (5,5%). Ырас, Беларуста беларус жана орус тилдери мамлекеттик тил, ал эми Тажикстанда орус тили улут аралык катташуу тили макамына ээ. Казакстанда биздегидей. Литва, Латвия, Эстония - Евробиримдиктин мүчөлөрү. Евробиримдиктин дагы бир мүчөсү Словакияда мадьярлар элдин 8,5% түзөт (464 миң), бирок мамлекеттик тил - словак тили.

3) Эстониядагыдай Конституцияда «иш кагаздары кыргыз тилинде толтурулушун жана бардык мамлекеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлери кыргыз тилинде сүйлөшүүсүн талап кылуу - ар бир жарандын укугу; кыргыз адабий тили ырасмий колдонулчу кыргыз тилинин негизи болсун» деп жазылууга тийиш.

4) Эстониядагы сыңары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн алты же жети жылдык программасы (стратегиясы) иштелип, аны жүзөгө ашыруунун финансылык булактары так көрсөтүлүшү керек. Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө Эстонияда Тил боюнча инспекцияга жүктөлгөн.

Эстонияда Тилди кызматтык милдеттерди аткарууга зарыл деңгээлде билүүнүн шарты жана колдонуу жобосу калкка кызмат көрсөтүү, жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу, аскер кызматы, соттор, прокуратура, адвокатура, нотариат жана башка тийиштүү кызматтар жөнүндө мыйзамдарга да киргизилген.

Евробиримдик өлкөлөрүнүн арасындагы келишимге ылайык, Эстониянын ар бир жараны Европарламентке, Европанын акыйкатчысына, Еврокомиссияга ж.б. мекемелерге эстон тилинде кайрылганга да, жообун эстон тилинде талап кылганга да укуктуу. (Кыргыз тилдүү жарандарыбызда Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагында эстондордой укугу жок экени элибиз империялык каамыттан эмгиче бошоно албай жүргөнүн айкын көрсөтөт).

5) Жогорудагы кадамдарды жасамайынча, А.Акаев, К. Бакиев, Р. Отунбаева, А. Атамбаев кыргыз тилинин мойнунан албаган каамыттан келерки 20-30 жылда да кутулбайбыз. Антип айтууга саясий да, аскердик да факторлор жетиштүү.

6) Өйдөдө айтылган иштердин жыйынтыгында кыргыз тилинин колдонуу чөйрөсү кеңейип, мамлекеттик тилди тийиштүү деңгээлде билбегендердин өмөттүк мекемелерде иштешине бөгөт коюлмак. Букаралардын, айрыкча мансапка кызыккандардын кыргыз тилин үйрөнүшүнө чоң стимул болмок. Ошондой эле кыргыз тилинин илимдин тилине айланышына да олуттуу түрткү бермек.

Кыргыз тили стимулга да муктаж

Жакшы стимулсуз көп иш эптеп-септеп жасалары совет заманын көрүп калган улуу муунга катар бүгүнкү жалчыбаган маяна алган мугалимдер менен дарыгерлер да төтөн сонун билишет. Ал эми тил проблемасы - экономикалык категория. Анткени англис, немис, корей жана башка өнүккөн элдердин тилин билүү алардын чет өлкөдө билим алуу, жумушка орношуу шансын жогорулатарын бүгүнкү жаштар «эки жерде эки төрттөй» билишет.

Ушул жерде сөздүн кыябы келип тургандыктан, 1999-жылы көйкашка лингвист, Калифорния университетинин профессору Вяч. Вч. Иванов (1929-1919) тилдердин өлүп жоголушу боюнча суроомо берген жообунан үзүндүнү сунуш этем.

«...бул процесс баштапкы билим берүү менен өтө тыгыз байланышкан. Балдар англис тилин окууну каалайт. АКШда жарым миллиондой адам сүйлөгөн навахо тили бар. Бул тилде жарым миллиондой калк сүйлөгөнүнө карабай, навахо тили жок болот. Анткени навахо тилин окутуш үчүн жетишерлик шарт түзүлгөнү менен келечекте өсүп-өнгөн адам болом деген балдар өз эне тилин окууну каалабайт.

Эгерде сиз навахо мектебинде окусаңыз, анда келечегиңизге балта чаптыңыз. Америкада англис тилин билбей коомдо татыктуу орунга жетүү мүмкүн эмес...» (Караңыз: «Чүй баяны», 1999, 24-29-сентябрь.)

Чоң илимпоздун сөзү соңку жылдары орус класска барган балдардын, ошондой эле англис, корей, кытай ж.б. тилдерге кызыккандардын көбөйүшүнүн бир жүйөсүн түшүнүктүү кылат.

Иллюзия жана чындык

«Кыргыз тилин кантип илимдин тилине айлантабыз?» деп аталган талкууда Элмурат Кочкор уулу Эстония төбөлсүздүк алган 1991-жылы «эстон тилине караганда орус тили өлкөдө басымдуулук кылган» деген сөзүнө тактоо киргизе кеткенди туура таптым. Бул эстон тилинин саясий-экономикалык ролун бекемдөө аракетинин үзүрүн түшүнгөнгө маанилүү.

1989-жылкы эл каттоо боюнча эстондор өлкө калкынын 61,5%, башка элдер 48,5%, анын ичинде орустар 30,3% түзгөн. СССР убагында ырасмий түрдө эстон тили орус тили менен бирдей макамга ээ эле. Бирок реалдуу турмушта славян тектүүлөр эстондорго орус тилинде кайрылууга даабай калганына өзүм күбө болгом. 1983-жылы жайында псковдук орус, ташкенттик корей жана кыргыз үч дос Тартуга Псковдон учуп бардык. Сергей аэропорттун сыртынан бир эстонго кайрылып, жооп ала албаган соң: «Мындан ары барган жерибиздин баарында силер сүйлөшкүлө, соода кылгыла. Өтүнүч. Дайым ушундай, булар» деди. Поездде кайта келатып, плацкарт вагондо чогуу отурган башка орустар да алдагыдай тажрыйбасын айтышты.

Ушундай эле жагдайга Литвада жана Латвияда күбө болгом. 1980-жылы Вилнюста фотография көргөзмөсүнүн ачылыш салтанаты баштан-аяк жалаң литва тилинде жүрүп, ораторлор литвача сүйлөп жатты. Ырас, «Советское фото» журналынын башкы редакторуна сөз берерде орусчага өтүп, москвалык сыйлуу конок орус тилинде сүйлөдү. Болду! Жыйын улуттук тилде уланды.

1986-жылы кышында Ригада бир айлык курста болдум. Ал кезде Аламүдүндө РИВСти (районная информационно-вычислительная станция) жетектечүмүн. Арабызда азербайжан, армян, казак, литва, орус ж.б. улуттар бар. Биринчи сабак - отчётторду автоматташтыруу. Мугалим өз тилинде саламдашып, сабакты баштады. Биз чурулдап, латышча билбегенибизди айтып, сабак токтоду, мугалим жетекчиликке кетти.

Окууда жүрүп пневмония болуп, Риганын ооруканаларынын биринде 10 күндөй жаттым. Палаталарды кыдырып, оорулардын ал-акыбалы менен таанышып жүргөн башкы дарыгер мага латыш тилинде кайрылды, ошондо. Коштоп жүргөн эки ассистенти мен Кыргызстандан экенимди айткан соң ал суроосун орусча улантты.

Бул мен айткандай окуя ошо кездеги Фрунзедеги (бүгүн Бишкек) кайсы бир ырасмий жыйында же ооруканада же мекемеде болушу мүмкүн беле? Жок, албетте! Ырас, чылк кыргыздар иштеген редакциялар менен Жазуучулар союзунда болсо болгондур!

Муну айткан себебим - мурдагы Кыргыз ССРи менен советтик Балтика республикаларында түпкү улуттун тилинин абалы эки башка болгонун жана мурда 20 жылдай өз мамлекети болгон эстон, латыш, литвалыктарда эне тилинде сүйлөө мүдөөсү кыргыздарга караганда күчтүү болгонун окурмандын эсине сала кетүү.

Айтмакчы, 1993-жылы Кыргызстанга келген америкалык ыктыярчылардын көбү эки жылдан кийин орусча шыр сүйлөп, кыргызча анча-мынча сөздөрдү үйрөнүп кайткан.

Бир нече жыл мурда Бишкекте университетте сабак берген америкалык менен сөздөн сөз чыгып, кыргыз тили жөнүндө сурадым. Ал эмне деди, билесизби? «Кыргызстанда жүргөндө мамлекеттик тилди үйрөнүүнүн кажети жок, орусча билсең жетишет» деди. Бул эмнени жышааналайт? Кыргыз өкмөтү Эстониядагыдай системалуу иш жүргүзбөсө, ырасмий мекемелердеги кош тилдүүлүк кылым ортосунда да токтоору күмөн.

Эне тилди жайылтуунун 15 жылдык программасы

Эстонияда 2018-жылы өткөрүлгөн изилдөө акыркы алты жылда келгиндердин арасында эстон тилинде эркин сүйлөй билгендер жылына 1% көбөйүп жатканын айгинеледи.

Өкмөттүн стратегиясына ылайык, 2010-2017-жылдары жүргүзүлгөн системалуу чаралардын негизинде терминдердин бирдиктүү базасындагы эстон тилиндеги терминдердин саны 50 миңге жеткен. Эстон тилинин алты академиялык сөздүгү чыгарылган.

Бала бакчалардагы эстон тилдүү балдар көбөйүп, ага улай мектептерде, гимназияларда, кесиптик жана жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилде окугандар көбөйүп, орус тилинде окугандар азайган.

ЖОЖдордо окуган, эмгектенген чет элдиктер көбөйгөндүктөн, англис тилинде окутулган сабактардын үлүшү арбыган.

Ошол эле кезде ЖОЖдордун окуу программалары мамлекеттик тилде жана англис чет тилинде түзүлгөнү менен докторанттар эмгегин сөзсүз эстон тилинде коргосун деген талап жок. 2010-жылы чет тилде жакталган, бирок резюмеси эстон тилинде жазылган диссертациялар бардык диссертациялардын 80% түзсө, 2017-жылы бул көрсөткүч 95% чыккан.

2010-жылга чейин эле Тарту университетинин экономика факультетинин педагогдору 104 окуулук жазышкан. Бул бир гана факультет 20 жылда экономика илими боюнча эстон тилинде жазып чыгарган китептери.

2013-жылы 10-ноябрда ЖОЖдорду эстон тилине өткөрүү аягына чыгып, 54 962 студент (91,6%) эстон тилинде, англис тилинде 2968 (4,9%), орус тилинде 1912 (3.2%) студент окуган.

2014-жылы январда орус тилдүү эки чоң менчик окуу жайынын (Экономика жана башкаруу институту менен Эстон-америкалык бизнес академиясынын) лицензиясы токтотулуп, жалгыз менчик ЖОЖ калтырылган.

Босоголош Латвиянын Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамына (2000-жылы 1-сентябрда күчүнө кирген) ылайык, дээрлик бардык мамлекеттик ЖОЖдордо окуу латыш тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Орто мектептердин 10-12-класстары менен кесиптик-техникалык окуу жайларында кеминде сабактардын 60% латыш тилинде өткөрүлөт. Буга да Латвия коому канааттанбай, 2019-жылы 1-сентябрда Сейм «Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам» кабыл алды.

Эстонияда жыл сайын 14-мартта Эне тил күнү белгиленип, 27-июнда эстон лингвисти Й. В. Вескинин илимий мурасына арналган конференция өткөрүлөт. Биздин Б. Юнусалиев, Ж. Мукамбаев, С. Кайыпов сыяктуу мээнеткеч окумуштуулар атындагы стипендия да бар. Стипендия эстон филологиясы факультетинин 3-4-курсунун студенттерине жана магистранттарга жылына бир жолу берилет. Суммасы 450 евро.

Мамлекеттик тилдин кадырын көтөрүш үчүн 2004-жылдан бери эстон тилин изилдөөгө жана жайылтууга чоң салым кошкон жарандарга Ф.Й.Видемман атындагы мамлекеттик сыйлык берилет.

Университеттер үчүн эстон тилиндеги эң мыкты окуулук үчүн 2011-жылдан бери сыйлык ыйгарылат.

Мындай системалуу жүргүзүлгөн аракеттердин аркасы менен Интернет мейкиндигиндеги эстон тилиндеги ресурстар кеңейип, эстон тилдүү интернет-чөйрөнүн аброю көтөрүлдү.

2018-жылы Эстониянын улуту бөтөн, курагы 15-74 жаштагы букараларынын 43%дан 54%га чейинки бөлүгү эстон тилин жакшы деңгээлде билебиз деп эсептейт. Муну Маданият жана социалдык иштер министрликтеринин суранычы боюнча өткөрүлгөн изилдөө аныктады.

Эстон өкмөтү мамлекеттик тилде сүйлөгөндөрдүн катары көбөйгөнүнө кампайып калбады. Быйыл октябрда өкмөт эстон тилин бардык тармактарда колдонууну кеңейтүү боюнча 15 жылдык жаңы программаны бекитет.

Эгемен өлкөбүздүн 30-жылдык тарыхында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Эстония менен Латвиядагыдай иштер жасалдыбы? Ким тизмектеп айтып бере алат? Же эне тилибизди аздектеп алуунун ордуна мурдагыдай эле чырпык башын сындырбай отура беребизби?

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (55)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG