Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-май, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 07:12

Кыргыз тилин кантип илимдин тилине айлантабыз?


Иллюстрациялык сүрөт.

Прагадагы студияда уюшулган талкуу кыргыз тилинин азыркы абалына, кыргызча билим алуунун көйгөйлөрүнө арналды.

«Азаттык»: Бүгүн биз «Эмне үчүн эгемендүүлүктү алгандан бери кыргыз тили Кыргызстанда илим-билимдин, өнүгүп өсүүнүн тили болбой жатат?» деген маселени талкуулайлы деп чогулдук. Анын чоң себеби катары, Анкарада окуп, билим алып жаткан блогер Элмурат Кочкор уулунун «Кыргызстанда коомдук аң-сезимди өнүктүрүп калыптандыра турган фундаменталдык гуманитардык илим-билим боюнча китептер жетиштүү жазыла элек же болбосо которула элек» деген ойду бизге жазганы болду. Бул ой мага кызыктуу сезилди.

Чындыгында бүгүн кыргыз тили саясаттын тилине айланып калды окшойт. Бирок коомдук аң-сезимди өстүрө турган, дегеле бардык тармакта илим-билимдүү, маданияттуу адистерди даярдап бере турган башкы тилге айлана элек. Ушул маселени талкуулайлы деп чогулдук.

Онлайн талкууга филология илимдеринин доктору, «Тил билги» автордук мектебинин негиздөөчүсү Үмүт Култаева, Жогорку Кеңештин депутаты, Эл аралык маселелер боюнча комитеттин төрага орун басары Абдувахап Нурбаев, билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча эл аралык эксперт, Казакстандагы Назарбаев университетинин доценти Дүйшөн Шаматов, Түркиядагы Эржиес университетинин дин философиясы жаатындагы докторанты Элмурат Кочкор уулу катышты.


Үмүт айым, сиз жогорку окуу жайлардагы абалды жакындан тааныган адам катары айтсаңыз, бизде коомдук аң-сезимди калыптандырып өнүктүрө турган, фундаменталдык гуманитардык тармактагы философия, психология, тарых жана башка илимдер боюнча кыргызча сапатуу жазылган же которулган эмгектер барбы, жетиштүүбү?

Үмүт Култаева: - Мен ушул «Коомдук аң-сезим» деген сөздү «Улуттук аң-сезим» дегенге алмаштырат элем. Анткени улуттук тилибиздин талапка ылайык деңгээлде өнүгүшү үчүн коомдук аң-сезимден мурда улуттук аң-сезимибиз жогорулашы керек. 70 жыл бою биз өзүбүздүн тарыхты талапка ылайык окубадык. Анын ордуна Советтер Союзунун тарыхын окугандыгыбыз эч кимге жашыруун деле эмес. Натыйжада биздин улуттук аң-сезимдин жакшы бир күүгө келе албай жатышы бүгүнкү күндө ачыкка чыгып отурат. Айтматов айткандай, өз убагында кетирген каталарыбыз бүгүн мина сыяктуу жарылып, бизди жаралап турган кези.

Ката жазгандан, сүйлөгөндөн эч ким уялбай калды. Мунун мисалы катары чоң масштабдуу иш-чараларда, чет өлкөдөн келген ректорлордун алдында Билим берүү министрлиги тарабынан ката жазылган жазуулар болгондугун айтсак болот.

Улуттук аң-сезимдин жетиштүү калыптанбай калышын шарттаган факторлордун бири катары өз учурунда тарыхый чыгармалар да талапка ылайык окулбаганын айтсак болот. «Кандуу жылдар», «Сынган кылыч» куугунтукталып, авторлору абакка алынды. Так ушуга окшогон себептерден улам улуттук аң-сезим жараланып турат.

Кыргыз тилиндеги булактар тартыш

«Азаттык»: - Анда кепти билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров мырзага узатсам. Нурлан мырза, кыргыздын акылдуу, билимдүү интеллигенциясы эмне үчүн балдарын жапырт орус тилдүү мектептерге берип жатат? Буга ошол ата-энелер келечекте балдары жогорку окуу жайларда кыргыз тили аркылуу жеткиликтүү билим ала албай калат деген тынчсыздануусу себеп болгон жокпу?

Нурлан Өмүров: - Бул жагдайды шарттаган бир канча себебин санап өтүү мүмкүн деп ойлойм. Мисалы, кыргыз тилинде окуу китептеринин жетишпестигин булардын бири катары атасак болот. Алардын сапаты тууралуу да азырынча талапка жооп берет деп айтуу кыйын.

Дагы бир фактор катары, жогоркуу окуу жайларында сабактар кыргызча өтүлгөн чакта да андагы окуу материалдары, интернет булактарынан колдончу булактардын да кыргыз тилинде жетиштүү болбой жатышын кошо кетүү керек.

Ал эми китеп которуу маселеси тууралуу бул жакта (министрликте) бир канча маселелер, анын ичинде системага байланыштуу көйгөйлөр да бар. Алсак, терминдерди кыргызчалаштыруу маселеси булардын башында келет. Бул тууралуу стандартка ылайык иш-чара жүзөгө ашырыла элек экен. Мындан сырткары да бир канча маселелер бар, бирок ага карабай акырындык менен болсо да ишти алдыга жылдыруу керек.


«Азаттык»: - Элмурат, сен бул маселени көтөргөн демилгечисиң. Өзүңдүн айтайын деген ойлоруң бар эле. Анда сөз сенде.

Элмурат Кочкор уулу: - Негизи бул маселени эки себептен улам көтөргүм келген. Булардын бири - окуу жайлардагы колдонмо кыргызча китептердин жетишсиздиги. Муну Нурлан мырза да жакшы белгилеп өттү.

Экинчи себеби, жетишсиздик окуу материалдарында болгондой эле, калктын калың катмарына арналган, адамдын маданий деңгээлин өнүктүргөн маңыздагы китептерде да өксүк байкалат. Өзүнүн кесибине түздөн-түз тиешеси болбосо да жөн гана интеллектуалдык деңгээлин өстүрүш үчүн алып окула турган, өзгөчө гуманитардык тармактагы китептер жетишсиз.

Биздин коом үчүн приоритеттүү болгон тармактарды аныктап, ал тармакта соңку мезгилде классикага айланган, бирок ошол эле учурда тили жалпак, түшүнгөнгө жеңил китептерди өзүнүн нукура, түпкү
тилинен которуп коомчулукка сунуп берүү зор мааниге ээ. Анткени башка кайсы кесиптин ээси болбосун, көбүнчөсү философия, логика, психология, социология, тарых окугусу келет. Ар кайсы кесип ээлеринин гуманитардык тармакта туура калыптанышы өтө чоң мааниге ээ жана мамлекет үчүн да бул аябай маанилүү болуп саналат.

Мен Нурлан мырзага суроо бергим келет. Өзгөчө жогоруда айтылган максатта, тактап айтканда калктын жалпы катмарынын маданий деңгээлин жогорулатканды шарттаган маңыздагы, гуманитардык тармактагы китептерди которуу боюнча министрликтин максаттуу, так планы барбы?

Нурлан Өмүров: - Албетте кыргызча окуу материалдарынын сапатын жакшыртуу шарт. Бул максатта мамлекет тарабынан акча да каралган. Демилгечи авторлор бизге кайрылышат. Бирок жогорку деңгээлде китеп жаза турган же которо турган демилгечилердин жетишпей жатканын да белгилеп өтүү керек. Автордук китептер да министрлик тарабынан атайын жараяндын негизинде тандоого алынат жана басмага берилет. Мисалы, бул жаатта жүзгө жакын кайрылуу болсо, атайын тилдик тандоодон өтүп жана сапаты жагынан толук шарттарга жооп берип, басмага жетип келген беш же он эле китеп болот. Басмага мамлекет тарабынан акча деле каралган.


Котормочуларды айыптоодон алыспыз. Бирок адатта бизге которулуп келген китептерде эң орчундуу маселе - бул орток терминдердин түзүлүп, колдонулбашы. Бирдиктүү терминдердин колдонулбаганынан улам бизге кайрылган китептердин көбү шарттарга жооп бербей, басмага берилбей калат го дейм.

Мен башында айтып өткөндөй бизде тилди өнүктүрүү стратегиясы бекитилген. Ошонун негизинде биз да министрлик катары иш планын бекитип, белгилүү милденттенмелерди алып, китеп чыгаруу жаатында иш алып барып жатабыз. Бирок белгиленген багытта китеп чыгараарда аны жарыялап, колдоо көрсөтөөрүбүздү угузган менен биз талап кылган жааттарда китеп жаза турган авторлордун кайрылуусу жетишсиз болуп жатат. Кыскасы, каражат каралганы менен биз иштешүүнү сунуштаган учурда авторлордон жемиштүү жооп болбой жатканын эске сала кетким келет.

Качан кыргызча сапаттуу билим алабыз?
please wait

No media source currently available

0:00 0:44:43 0:00

«Азаттык»: - Жакында чехиялык бир профессор менен сүйлөшүп калдым. Ал Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан менен Кыргызстанда эмнегедир менталдык география өзгөрбөй жатканын белгиледи. Тактап айтканда, коомдук, улуттук аң-сезимдеги география Кыргызстан менен чектелбей, андан кыйла кеңири мейкиндик, дагы деле Советтер Союзунда жашап жаткандай элес калтырып жаткандыгын айтат. Чын эле ошондой болуп атабы?

Абдывахап мырза, сиздин кесиптештериңиздин сүйлөгөндөрүнөн да көрүнүп тургандай, абал көңүл жарытарлык эмес... Кыргызстанда кандай кесиптин ээси болгондугуна карабастан коомдук илимдерди университетте кыргыз тилинде мыкты өздөштүргөн болсо мамлекеттик кызматкерлердин ой жүгүртүүсү, дүйнө таанымы азыркыдан башкача болмок. Канткенде биз өзүнүн оюн кыргызча так, туура, таасирдүү билдире алган жетекчилерди даярдай алабыз?

Абдывахап Нурбаев: - Аябай оор суроо берип койдуңуз. Айтканыңызга толук кошулам. Биз Советтер доорунун аң-сезимдик чынжырынан чыга албай жатабыз. Мунун себеби орус тилинен башка чет тилди билбегендикте, маалыматты дайыма бир тараптуу алгандыгыбызда. Буга кыргыз тилдүү окуу жайларыбыздын сапатынын жакшы эмес экендигин жана орто мектепти бүтүп Орусияга гана барып иштегенди жалгыз мүмкүнчүлүк катары самап үмүтсүздүккө кабылган жаштарды да кошо кетүү керек. Менимче, алгач оңолууну мектептен баштоо керек. Мындан сырткары экономикабыз өнүгүп, өзүбүздүн өлкөдө да жан багуу мүмкүн экенин мигранттарыбызга көрсөтө алсак, жаңы үмүт пайда болот эле.

Казакстандын жана Эстониянын тажрыйбасы

«Азаттык»: - Дүйшөн мырза, Казакстанда бул жаатта кандай иштер жасалып жатат? Экономикасы бизден кыйла кубаттуу казактарда кандай жетишкендиктер бар?

Дүйшөн Шаматов: - Казакстанда алда канча алгылыктуу иштер бар. Котормого аябай көп акча коротулду. Мисалы, мен иштеген университетте чет элдик профессорлордон элүү менен жүздүн ортосунда өзүнүн жаатына байланыштуу китептердин тизмесин түзүүнү суранышкан. Аны акча төлөп, түз түпкү тилинен казакчага которууну моюнга алышкан.

«Азаттык»: - Айтайын дегеним, биздин азыркы дипломдуу мекендештерибиз «акылмандуулукту сүйүү» деп чечмеленген философия илимин, ошону менен катар социология, психология илимдери тууралуу соңку булактарды окуганда азыркыдан башкача сүйлөмөк жана обочо ой жүгүртмөк.

Үмүт эже, дегеле университеттерде гуманитардык тармактагы билим берүүнүн сапаты тууралуу айтып берсеңиз.

Үмүт Култаева: - Мен университеттин ичин жакшы билемин. Кадр маселеси жаман болуп кетти. Башка бир топ жаатта болгондой эле, билим берүү жаатында да маанилүү бир топ жерлерди кесипкөй адистер эмес, дилетанттар ээлеп алган. Университетте кайдыгер адамдар көбөйүп кеткен. Эң чоң маселердин бири катары сапаттуу китептердин окурмандарга жетпей, окурман аларды баалабай калышын айтса болот.

«Азаттык»: - Биздин кээ бир интеллигент, илим-билимдүү эле замандаштарыбыз Кыргызстан чакан өлкө, кыргыз тили тар чөйрөдө колдонулат деп, ошондуктан балдарын орус мектепке берүүнү тандаганын айтышат. Бул аргументке каршы Балтика боюндагы өлкөлөрдүн, мисалга Эстониянын тажрыйбасына токтоло кетсек жакшы болчудай. Элмурат, бул жөнүндө сенин айта тургандарың бар эле, анда сөз сенде.


Элмурат Кочкор уулу: - Алгач ушул нерсени эске салып кетким келип турат. Бүгүнкү талкуунун башкы себеби болгон «Калктын калың катмарына арналган, адамдын маданий деңгээлин өнүктүргөн маңыздагы китептерди которуу жана атайын программалардын негизинде аларды көпчүлүккө окуталы» деген демилге тууралуу конкреттүү сөз кылууга чакырам...

Эстония деле тарыхта көп жолу башка өлкөлөргө көз каранды болуп жашаптыр. Эң акыркы жолу Советтер Союзунун карамагынан 1991-жылдын 20-августунда чыккан. Бул учурда эстон тилине караганда орус тили өлкөдө басымдуулук кылган. Бирок мамлекеттин атайын саясатынын негизинде бул маселеде чоң ийгиликке жетише алышкан. Мунун далили катары 1998-жылы Орусиядан көчүп келген келгиндер эстончо сүйлөй албай турган абалда болгонун, бирок 2010-жылы Эстониянын этникалык жактан эстон эмес жарандарынын 64,1 пайызы эстончо сүйлөп калганын айтсак болот. Эстон элинин кат сабаттуулугу азыркы күндө 99,8 пайызды түзөт.

«Азаттык»: - Дүйшөн, Казакстанда азыркы заманда эң мыкты деп таанылган, адамзаттын акыл казынасына топтолгон китептерди атайын түзүлгөн фонддун иш-аракетинин негизинде которуп жатышат деп угуп калдым эле. Ушул тууралуу билгениңиз болсо айта кетсеңиз.

Дүйшөн Шаматов: Жогоруда ушул тууралуу бир аз айттым эле. Казакстанда мыкты китептердин тизмеси түзүлүп, которулуп, университеттерге тартууланып келе жатат. Дагы бир жакшы жери алар андай китептерди түз өзүнүн нукура тилинен которуп жатышат. Себеби, мисалга, бир китеп англис тилинен орусчага которулуп, андан соң орусчадан кыргызчага которулаарда көп маанисин жоготуп калат.

Сөз баккандар бириксе...

«Азаттык»: - Элмурат жогоруда белгилеп өткөндөй, мисалга, министрлик тарабынан демилге көтөрүлсө, буга кыргыз тилинин, маданиятынын кадыр-баркы үчүн күйгөн, анын өсүп-өнүгүшүн, Кыргызстанда эң кадыр-барктуу тилге айланышына кызыкдар болгон ишкерлер, патриоттор кошулуп атайын бир коом түзүп иш алып барууга болобу? Нурлан мырза, кандай деп ойлойсуз?

Нурлан Өмүров: - Биринчиден, бизге тилибиздин абалы тууралуу системалуу, комплекстүү изилдөө керек. Чыккан жыйынтыкка жараша иш алып барса максаттуу болот. Министрликте кыргызча китептерди басып чыгарганга гана акча бөлүнөт. Котормо үчүн каражат каралган эмес. Бирок жогоруда айтылган изилдөөнү жүргүзүп, анын алкагында керектүү жааттарга каржыны максаттуу колдонууну жөнгө салуу мүмкүн болмок.

Атайын уюмдар биригип, изилдөө жүргүзүүнүн натыйжасында артыкчылыктуу тармактарды белгилеп, тийиштүү иш-чаранын натыйжасы катары кыргыз тилинин өнүгүүсүн өлчөөчү индикаторлорду белгилеп алып иш алып барса, кыргыз тилин өнүктүрүүгө жетишсе болот деп ойлойм.

«Азаттык»: - Кимде кандай ой бар? Кыргыз тилинде сапаттуу билим алуу жана ал аркылуу улуттук аң-сезимди өнүктүрүү жагынан кандай реалдуу кадамдарды жасаш керек?

Абдывахап Нурбаев: - Мамлекет кыргыз тилин өнүктүрүү демилгесин экономикалык абалдын алсыздыгына карабай колдоого алыш керек. Менимче, Билим берүү жана илим министрлиги жана Маданият министрлиги демилгени көтөрүп чыкса колдоо көрсөтө турган ишкерлер аябай көп чыкмак. Мындай китептерди которуп, окурманга сунуш кылуу менен бир кыйла жол салып алганга мүмкүн болмок. Элмурат мырзанын бул пикирин колдойм, бул аябай актуалдуу маселе.

Элмурат Кочкор уулу: - Менин реалдуу сунушум - калктын калың катмарына арналган, адамдын маданий деңгээлин өнүктүргөн маңыздагы, гуманитардык тармактагы эң мыкты китептерди которуу жана атайын программалардын негизинде аларды көпчүлүккө окутуу. Бул домино таасири сыяктуу илимий баштапкы кыймылдаткыч күч болуп калат беле деп ойлойм. Кыргыз тилин «кызыктуу тил» кылуу аркылуу гана ийгиликке жетүү мүмкүн.

Мен университеттин ичин жакшы билемин. Кадр маселеси жаман болуп кетти. Башка бир топ жаатта болгондой эле, билим берүү жаатында да маанилүү бир топ жерлерди кесипкөй адистер эмес, дилетанттар ээлеп алган.


Тарыхтан бир мисал келтире кетейин. Багдад 762-жылы түптөлгөн соң ар тараптуу котормо иш-чараларын мамлекеттик деңгээлде колго алган, котормочуларга жетиштүү шарт түзүлгөн. Натыйжада IX-X кылымда илимдин жана маданияттын борборуна айланган.

Кошумчалай кетчү нерсе, ошол доордо милдеттенме алган котормочулардын айлык маянасы бүгүнкү эсеп менен 26 000 АКШ долларын түзгөн. Бизде адатта котормочуларга аз акча сунушталат, бул абдан оор иш. Багдаддагыдай акчаны эч ким төлөбөйт. Ошентсе да котормочулар эң мыкты китептерди абдан сапаттуу которсун десе, жетиштүү акча төлөнүшү керек.

Үмүт Култаева: - Биринчиден, мыкты редакторлор тобу түзүлүүгө тийиш. Антпесе котормо иштери жеке демилгелер менен уланып, чаржайыт болуп кетти. Сабатсыз, каталары жайнаган китептер улам басылып чыгып жатат. Муну токтотуп, эң мыкты редакторлордон атайын кеңеш түзүп, кыргыз тилинин бардык эрежелерин сактоо менен жазылган, которулган китептерди чыгарууну жолго коюу зарыл.

Дүйшөн Шаматов: - Биринчи кезекте окуу программасын кайра карап чыгып, ошого жараша котормону колго алуу керек. Экинчиден, окуу жайларды баалоодо, аларды аккредитациядан өткөрүүдө, тийиштүү окуу жайда мыкты которулган китептердин жана соңку мезгилдеги мыкты жазылган китептердин бар же жок экендигин атайын пункт кылып башкы талаптардын бири кылып киргизип коюш керек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.​

     

Пикирлерди көрүңүз (30)

XS
SM
MD
LG