Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Мамлекеттик тилге камкор мамиле керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамына ээ болгонуна 30 жыл болду.

Бирок эгемен мамлекетибиз атын алып жүргөн кыргыз тили мамлекеттик деп аталганы менен Кыргызстанда орус тилине расмий тил макамынын берилип калышы мамлекеттик тилдин канаттарын кенен жайышына бут тосуп келе жатканы ачуу чындык.

Кыргызстанда орус тилинин расмий тил макамына ээ болуп турушун үйгө келген коноктун үйдүн төрүн ээлеп алып, үй ээлерин өзү каалагандай бийлеп жатканындай түшүнсө болот. Ооба, орус тилинин кыргыз элинин илим-билимге жетип, ар тараптан өнүгүп-өсүшүнө кошкон салымы ченемсиз жана орус тили биздин сырткы дүйнө менен алака түзүүбүздө көпүрөнүн милдетин аткарып келатат. Бирок ушундай экен деп эле биз өзүбүздү орус тилисиз таптакыр жашай албай калчудай сезүүбүз туура эмес.

Өз эне тили туруп бөтөн тилде окуган бала жаштайынан өз эне тилинин бал даамын, лаззатын татпай калат. Ал эми өз эне тилинин ууз ширесинин даамын билбей калган жаштар акырындап өз элине мүнөздүү болгон асыл сапаттардан да алыстай башташат. Канчалык илим-билимдүү болсо да андай жаштар өз өзөгүнөн алыстап калаары калетсиз чындык. Алардын сырткы келбети гана кыргыздыкына окшобосо мүнөзү, жүрүш-турушунан баштап ой жүгүртүүсүнө чейин кайсы элдин тилинде окушса ошол элдикине окшоп калышат. Бул КЫРГЫЗ деген байтүп даракка чабылган балта эмей эмне?!

Айрым ата-энелер эгерде балдары орус тилинде окушпаса келечекте алардын жашоолору өтпөй калчудай ойлошот. Андай ата-энелер мектепти кыргызча бүтүрүп эле шедевр чыгармалар менен азем буюмдарды жараткан жана жазган белгилүү акын-жазуучулар, илимпоздор, маданият ишмерлери, уста, уз, сүрөтчү жана скульпторлор бар экенин билишпейт окшойт.

Кыргыз балдар кыргыз бойдон калышы үчүн алар үйдөн, бала бакчадан, мектептен ж.б. окуу жайларынан кыргызча окуп-тарбияланышы керек. Эгерде кыргыздын баласы өз элинин тилин, тарыхын, маданиятын, дүйнөгө белгилүү «Манас» эпосу баш болгон элдик оозеки чыгармаларын, салттарын, макал-лакаптарын, жомокторун ж.б. жактарын кичинекей кезинен билбей калышса, анда алардын эмнеси кыргыз?

Чүй боорунда ата-энелер өз балдарын көбүнчө орусча окутууга маани беришет. Сокулук айылында элдин санынын көбүн кыргыздар түзгөн менен айылда М.Жангазиев атындагы жалгыз кыргыз тилдүү мектеп бар. Калган мектептердин бардыгында окуучулардын көбү орус класстарында окушат. Кээде райондук билим берүү бөлүмү (РБББ) тарабынан кыргыз класстары жабылып калган учурлар да болгон. Маселен, баягы жылы менин бир уулум №2 мектептен 9-классты бүтүргөн. Жаңы окуу жылы башталганда РБББ «бир окуучу жетпейт» деп 10-кыргыз классын жаап окуучуларды өз эне тилинде окуу насибинен ажыратып салган. Көрсө, аталган класстан айрым окуучулар кесиптик окуу жайларына кетип, ал класста 15 окуучу калган экен. Мына, РБББнин Мамлекеттик кыргыз тилине болгон мамилеси ушул.

Бир окуучу жетпей калганы үчүн Кыргызстанда кыргыз классын жаап салууну мен мамлекеттик тилге жасалган кыянаттык жана кыргыз тилине болгон душмандык деп түшүнөм. Коңшу өзбектерде, түркмөндөрдө жана тажиктерде мамлекеттик тилдеги класста беш эле окуучу болсо да ал класс эч качан жабылбайт. Мамлекеттик тилге болгон ушундай кайдыгерликтин айынан кыргыз тили өз Мекенинде, өз үйүндө өгөйлөнүп келет.

30-август күнү Военно-Антоновка айылында «Жеткинчек» аттуу балдар бакчасы ачылып жатканда «Суусамыр» энциклопедиясынын автору, кыргыз тилинин чоң күйөрманы Садирдин Төралиев аттуу аксакал бала бакчанын директоруна кыргыз тилине байланыштуу бир китепти белекке берип жатып: «Айланайын директор, биздин неберелерибиз «мамалап», «папалап», «ата, эне» деген сөздөрдүн маанисин билбей да калышты. Мен силерден аларды кыргыз тилинде тарбиялооңорду суранам», деп абдан кейип айтты. Демек, биздин эне тилибиздин азыркы абалы баарынын эле жүрөгүн оорутуп жатат тура. Чын эле эгемен элдин эне тили да эгемен болушу керек да!

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө мамлекеттик деңгээлде камкордук көрүлүшү керек. Көрсөтмөлүүлүк үчүн жасалган курулай кыйкырыктардан эч кандай натыйжа чыкпайт. Эгемен Кыргызстанда бала бакчаларда балдар мамлекеттик тилде тарбияланып, кыргыз балдары да, башка улуттагы балдар да кыргыз тилине бала кезинен сугарылышы керек. Бул максатка жетүү үчүн мамлекет төмөнкү иштерди колго алышы зарыл:

- Мектептерде, ЖОЖдордо ж.б. окуу жайларында мамлекеттик тилди окутуунун сапатын кескин жакшыртуу;

- Кыргызстандын бардык аймактарында маршруттук таксилерде, автобустарда, троллейбустарда, самолёттордо ыр-музыканы мамлекеттик тилде гана коюу;

- Президенттин жарлыктары менен КР ЖКнын мыйзамдарын, өкмөттүн, министрликтердин, агенттиктердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме-уюмдардын жана башка түзүмдөрдүн бардык токтом-чечимдерин мамлекеттик кыргыз тилинде гана кабыл алуу;

- КР ЖКнын сессияларынан баштап бардык курултай, жыйын, семинар, тренинг сыяктуу иш-чараларды мамлекеттик тилде өткөрүп, көрнөк-жарнактар менен айыл-көчөлөрдүн аттарын кыргызча сабаттуу жазуу;

- Сот, прокуратура, ички иштер органдарында жана УКМКда бардык сурак, тергөө ж.б. жараяндарды мамлекеттик тилде өткөрүп, иш кагаздарын да ушул тилде жүргүзүп, зарыл учурларда гана орус ж.б. тилдерге которуу;

- Кароолчудан баштап президенттик кызматка чейинки кызматтардын бардыгына мамлекеттик тилде эркин сүйлөй жана сабаттуу жаза алгандар гана бара жана шайлана алышат деген талапты коюу.

Ушундай болгон учурда гана мамлекеттик тил капшытын кенен жая алат. Акча каражатын башка баарынан аяса да мамлекеттик кыргыз тилин өнүктүрүш үчүн эч качан аябаш керек деп ойлойм. Бүгүнкү ачкан курсак эртең тоюп, көөнөргөн кийим жаңырат. Ал эми бүгүн тилибизди өңдөн аздырып алсак аны эч качан калыбына келтирүүгө болбойт. Мамлекеттик тил менен бир катарда Кыргызстанда жашап жаткан башка бардык улуттарга да өз тилдерин, маданияттарын, улуттук каада-салттарын өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлүшү шарт. Ошол эле учурда заман талабына жараша жаштарга орус, англис, кытай, араб, түрк, корей, немис ж.б. тилдерди үйрөтүүгө да маани берүү зарыл.

Үч-төрт жыл мурда мамлекеттик тил күнү болгон бир окуя эсимде турат. Мен Сокулуктагы христиан чиркөөсүнүн алдынан Бишкек шаарын көздөй бараткан бир маршруткага түштүм. Айдоочудан баштап анда отурган элдин баары кыргыздар эле. Маршрутка токтогон жерлерде да ага жалаң кыргыздар отуруп жатышты. Тилекке каршы кыргызча сүйлөшсө бир балакет башталып кете тургансып жүргүнчүлөр бири-бири менен «подвиньтесь», «передайте», «остановите» ж.б. жалаң деп орусча сүйлөп жатышты. Ошондо мен «урматтуу боордоштор, бүгүн мамлекеттик тил күнү. Келиңиздер, бүгүн бири-бирибиз менен өз эне тилибизде сүйлөшөлү» деп айттым эле, жашы улгайып калган бир эже мага олурая тиктеп: «Ким кайсы тилде сүйлөөрүн өзү билет. Силер үйрөтпөй эле койгула», деп орусча күңк этти. Мен ал эжеден тил укканыма эмес, ал эми анын өз эне тилин сыйлабай маңкурт болуп калганына кейидим.

СССРден бөлүнүп чыккан 15 союздук республиканын ичинен орус тили Кыргызстан менен Беларуста гана расмий тил макамына ээ. Беларустар го орустар менен биз менен казактардай тили да, дили да бир эл. Ал эми биз тил төрүбүздү эмне үчүн бөтөн тилге берип койдук? Эмне үчүн гүржү, азери, армян, казак, өзбек, тажик, түркмөн, украин, молдован, эстон, латыш жана литвалыктар орус тилине расмий тил деген макамды беришкен эмес? Же бул элдер эч нерсени түшүнбөгөн, артта калган түркөй элдерби? Албетте, жок. Бул элдер бизге салыштырмалуу өз тилдерине урмат менен мамиле кылышат. Алар тил унутулса ал тилде сүйлөгөн улут жоголот дегенден коркушат. Же аларда орус тилине расмий деген макам берилбей калганы үчүн Орусия алардан жүз үйүрүп кетип же кыр көрсөтүп жатабы?

Коңшу өлкөлөрдө мамлекеттик тилге байланыштуу батыл кадамдарга барып жатышат. А биз эмне үчүн бирдемеден корккондой корунуп шекшине беребиз? Же балдарын өз эне тилдеринде окуткан коңшулардын баары илим-билимден, маданияттан артта калып биз эле цивилизациянын туу чокусуна чыгып кеттикпи? Азыр көчө сайын тил үйрөтүүчү курстар ачылып жатат. Демек, каалаган тилди кыска эле убакта үйрөнүүгө болот.

Урматтуу улутташтар! Кадырлуу кандаштар! Айткылачы, кыргыз тили үчүн биз күйбөсөк ким күйөт? Бабаларыбыздын бизге калтырган башкы мурасы кыргыз тилин биз өзүбүз сүйбөсөк башка ким сүйөт? Демек, биз кыргыз тилин аздырбай-тоздурбай өсүп келе жаткан муундарга калтырып кетүүгө милдеттүүбүз. Биздин балдарыбыз кыргыз тилинин бал уузу менен оозанып бул тилде таза сүйлөй алышканда гана толук кыргыз боло алышат.

Баарынан да айрым кыргызбайлардын кыргыз тилинин өнүгүшүнө кедерги болуп анын пайдалануу чөйрөсүн тарытып жаткан орус тилинин расмий макамы жөнүндө сөз боло калганда жеп жаткан нанын азыр эле алдырып жиберчүдөй өң-алеттен тая түшкөнү кейиштүү.

Абдил-Ахат КУРБАН уулу, саясат таануучу

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG