Линктер

шаршемби, 21-август, 2019 Бишкек убактысы 20:16

Эгемендик, бектер, бетегелүү бел...


Ала-Тоо аянтындагы мурдагы “Эркиндик” эстелиги. 15.5.2010.

Мекенчилдик жана эгемендик, "саясий каймактардын" атуулдук жоопкерчилиги тууралуу тарыхчынын блогу.

Тээ бала чакта жалгыз калганда бир ырды үнүм келишпесе да созолонтуп калган учурларым болду эле: “Ата мекен деги эмнеден башталат?”

Ооба, атажурт тууралуу түшүнүгүбүз улам өсүп келет. Бир чети, бардыгыбыз тең жалпы адамзаттын урпактарыбыз (дарвинчилер да, атеисттер да, динчилер да).

Ошол эле учурда биз өзүбүздүн мамлекетибиздин атуулубуз жана өз улутубуздун кулунубуз.

Бул түшүнүк бардык эле элдерде, өлкөлөрдө, ири чөлкөмдөрдө тарыхый бурулуш кезеңдерге ылайык байытылып, өзгөртүлүп келген.

АКШ өзүнүн көз каранды эместигин 1776-жылы 4-июлда жарыялаганына карабастан, кийинчерээк деле далай жылдар бою мурдагы метрополияга кылчактаган америкалыктар болгон. Бирок акыры мухиттин ары жагында атуулдук сезим калыптанып, өз мамлекетинин эгемендигин биринчи орунга коюу түшүнүгү жамы журтка жайылган.

Бизде да азыркы тапта ошондой жорук байкалып жаткандай. Оппозициясы деле, бийлик өкүлү деле арачы катары авторитардык Кремлге жагалданып кайрылган учурлар Кыргызстандын эгемендик доорунда кыйла эле учурады. Ал түгүл ыңкылаптардын босогосунда да Маскөөгө барып келгенин каадалана мактанып айткан саясатчыларды учуратканыбыз эстедир.

Демек, бүгүнкү окуялар – алгачкы жорук эместиги анык. Бирок алар – акыркысы болоор бекен?

Албетте, инсан бир эле учурда өзү атуул болгон мамлекетке гана таандык болбостон, андан да ири конфедерацияга же башка биримдик түрүнө таандык болушу да ажеп эмес.

Батыш Европада “мен – Европа Биримдигинин атуулумун!” деген чоң пафос менен мактанып айткан эч бир кишини учуратпадым. Бирок бул Биримдик өзүнүн салыштырмалуу адилет системасы аркылуу өз аймагындагы бардык өлкөлөрдүн атуулдарына бирдей мамиле кылып келет. Аларга сырттан карап туруп эле ыраазылык менен “Сиздер – Европа Биримдигиненсиздер!” деп чоң пафос менен жар сала айткың келет.

Бизде КМШ, Бажы биримдиги сыяктуу мамлекеттер аралык уюмдар биринчи кезекте “чоң байкенин” сөзүн сүйлөгөндүктөн, Евробиримдиктегидей нагыз кадыр-баркка жете алган жок.

Ким билет, качандыр бир убактарда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Монголиядан Каспийге же Боспорго чейинки өзүнчө демократиялык Биримдиги куралаар? Чакан мамлекеттин тең укугун андан мурда ири мамлекет кастарлаган азыркы Евробиримдиктегидей мамиле калыптанса, эмне үчүн мындай ынтымакка баш кошууга болбосун?

Бул кыялыбызды кайра арткы планга ката туралык да, 30 жылга жетпеген аз убакыт ичинде эгемендигибизди чыңдоо нугунда кыйла жумуштар бүткөндүгүн маашырлана санап өтөлүк: оболу, 1991-жылы 31-августта көз каранды эмес мамлекет жарыя кылынды, андан соң аны дүйнө жүзүндө таанытуу иштери улантылды; БУУ, ЮНЕСКО, Дүйнөлүк соода уюму сыяктуу эл аралык кадыр-барктуу уюмдарга мүчө болдук... Мунун бардыгы заманбап тарых китептеринде дурус эле чагылдырылып келет.

Бирок расмий китептерде эч сыпатталбаган бир жагдай – Кыргызстандын эгемендигин кадырлоо жаатында өлкөнүн "саясий каймактарынын" мажүрөөлүгү... (Айтмакчы, бул "саясий каймакка" сөзсүз эле бийликтегилер эмес, аларга сын айткан, кайчы пикир туткан, көшөкөрлүк кылган же кайдыгер караган элита өкүлдөрү да кирет).

Негизи, эгемендиктин атрибуту катары мамлекеттик тилди колдонуу жагын коомчулук көп эле эскертип келет. Мисалы, бизде ханзу жана хинди тилдерин билген көп эле тилмечтер пайда болду. Бирок Кытайдан же Индиядан келген өкүлдөргө чоңдорубуз орусча кайрылгандыгы одоно эле көрүнөт экен.

Ал түгүл Орусиядан келген расмий конокторго азыркы чоңдорубуз атайылап кыргызча кайрылган учурда деле кыргыз тилинен орусча жана орус тилинен кыргызча которо алган бир нече миллион тилмеч бар эмеспи!

Мындагы маселе – мамлекеттик тил аркылуу эгемендигибизди шардана кылуу жаатындагы эң жөнөкөй саясий эркте.

Бир кездери Пётр Биринчи орустун төбөлдөрүн Голландияга жана башка европалык өлкөлөргө таалим алууга мажбурлап жиберген экен. Биздин аткаминерлерди тажрыйба алмашуу үчүн пост-коммунисттик Балтия өлкөлөрүнө жиберүү эле жетиштүү болмок. Ал чакан өлкөлөрдө аткаминерлер өз эне тилинин да, эгемендигинин да кадырын мыкты билишет.

Балтиялыктардын бир гана “осол” жери бар: алар жөтөлүп калса да Кремлге чуркап отурушпайт. Алардын эгемендиги үчүн мындай калдастоонун эч зарылчылыгы жок. Алардын саясатчылары өздөрүнүн жеке керт башын ойлоп, арачы болуусун өтүнүп, Кремлге чуркап көрсүнчү, балтиялык калайык кандай кабыл алаар экен!..

Балким, болочоктогу кыргызстандык муундарга деле балтиялыктардын “текеберлиги” жугуп калгысы бардыр?

Албетте, Орусияда абдан көп досторубуз бар, ал жакта бир нече жүз миңдеген мигранттарыбыз деле бар. Орус тилин дүйнө тилдеринин бири катары ийкемдүү колдонууну уланта бермекчибиз. Орус тили – евразиялык баарлашуу тилдеринин бири.

Бирок бул жагдайды Орусиянын авторитардык ыкманы сүйгөн расмий бийлигинин “чөнтөк саясатчысы” деген деңгээлге ыктыярдуу түрдө түшүп берген агаларыбызды актоо үчүн колдоно албайбыз.

Мамлекеттик ишмердин жоопкерчилиги – бул өмүр бою саясатчыны өзүнө багынткан касиет. Бул жоопкерчилик төбөлдүн жеке керт башынын наркынан алда канча бийик.

“Бетеге кетет, бел калат, бектер кетет эл калат” деген накыл кептеги “эл” сөзү кош мааниге ээ. Анын бир мааниси “эл” болсо, экинчи мааниси – “мамлекет”.

Демек, бектер, хандар, президенттер, төбөлдөр кетет, бирок улутубуз негиздеген мамлекет кала берет. Азыркы көйгөй – ошол төбөлдөр эгемендикти сыйлоо жагын өздөштүрүп, жакшы өрнөктү урпактарга калтырышында.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (12)

XS
SM
MD
LG