Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:30

Жалил Садыков дегенде алды менен эгемен Кыргызстандын гимнин жазган акынды түшүнөбүз.

Андан соң азыркыга чейин актуалдуулугун жогото элек, көргөндүн көзүн, уккандын кулагын сүйүнткөн Айкөл Манас тууралуу үчилтик драманын авторун эстейбиз. Классикалык «Калча» поэмасынын, ондогон ыр китептердин, котормолордун авторун түшүнөбүз.

Ошол байсалдуу чыгармачылык өмүрдү өтөгөн адам деги кандай инсан эле деген суроо да туулбай койбосо керек. Ал суроого акындын көзү тирүү кезинде көрүп-билип калгандар «сонун киши эле, мыкты инсан болчу» деп жооп берери бышык го. Себеби чынында да Жалил ага өтө сыпаа, өтө кылдат, терең, качан болсо сөздүн гүлүн таап сүйлөгөн акылман адам болчу. Ашкан мээримдүү, жүрөгү ар качан кыргыз деп соккон, эл-жер менен каны-жаны туташ адам эле. Айрыкча токтоолугучу. Бирок, ошо токтоо көрүнгөнү менен жүрөгү өтө жалындуу, табияты жагынан романтик, жеткен кыялкеч, сүйүнгөндү да, муңканганды да билген, кубанганды да, ыйлаганды да түшүнгөн назик инсан экендиги анын дээрлик ар бир ырынан көрүнүп турат.

Жалил аганын колунан эң кеминде элүү жылдай калеми түшкөн жок. Көп жазды, көп иштеди. Адегенде эл катары эле ыр жазган, алдыга да озбой, бирок артта да илкибеген жаш акын катары көзгө урунду. Бирок тез өстү. Бара-бара кылдат лирик, кыргыз табиятынын ар кыл көрүнүштөрүн чебер тарткан сүрөтчү акындыгы байкалды. Чоң поэтикалык дарамети, масштабдуу ой жүгүртө билген ойчулдугу 70-80-жылдары айрыкча көрүндү. Ошентип жарандык лириканын, медитативдик поэзиянын, мукам, кыялкеч элегиянын нака устаты катары өз муунунун астына чыкты.

Эгемендик жылдарында да жемиштүү иштеди. Элчилеп эски заманды сагынып, жалаң арман менен асиретин тизмелеп отура бербей, мамлекет деген статуска жеткен Кыргызстаны менен тилеги бир, керек болсо жаны бир болду. Нечен каатчылыктар, укмуштуудай оорчулуктар калк башына түшкөн өткөөл доордо да акын чыгармачылык иштен түк четтеген жок. Тескерисинче, көз карандысыздыкты, тарыхтын кыргызга берген тартуусун ойчул көзү менен көрө билип, баалай билип, ар нерсенин эсесин алыш үчүн кысасын төлөш керектигин түшүндү. Жалил Садыков Кыргызстандын эгемен мамлекет болгонуна жетине албай, калп эмес, чын ниетинен сүйүндү, жаш мамлекеттин туулганын эмес, турарын ойлоп, ошол ойлорун улуттук гимндин саптарына кыт куйгандай чекти.

Бир карасаң гимн абдан эле жөнөкөй тил менен жазылгандай көрүнөт, бирок бир да сөзүн же сабын алмаштырууга же оңдоого мүмкүн эмес. Баса, «Бейкуттукту берет кыргыз жерине» деген саптагы «бейкуттукту» деген сөздү алмаштыра албай канча убара болушту. Акындар менен жазуучулар эле эмес, айрыкча жасалма атакка жамынган «публицист» акындар аябай аракетин жасады, депутаттар да «узанды», «эл акыны» деген наамы барлар чамынды. Бирок түк майнап чыккан жок. Анткени Жалил аганын айылдык акын Ш.Кулуев менен жазган тексти анык классика эле. Ал эми классиканы оңдоп-түзөш эч бир мүмкүн эмес нерсе го. Ошентип бул текст жаңы доордун башы, советтик идеологиялык кулчулуктан, манкуртчулуктан арылуунун эң биринчи жана өтө маанилүү кадамы катары адабияттын тарыхына кирди.

Ал эми Жалил Садыковдун драматург катары таланты күтүлбөгөн жерден ачылды. Демейде драма жанрына прозаиктер жакыныраак болсо да, Жалил акын эмнегедир 80-жылдарда жеткен театрал болуп кетти. Анын акыбети «Манастын уулу - Семетей” трагедиясынан кайтты сыяктанат. Бул чыгарма Жалил-драматургдун чыгармачылык триумфу болду десек эч бир аша чаппайбыз го. Аны биз өз көзүбүз менен көрүп да калдык. Спектаклдин биринчи премьерасында отурган эл он минутага жакын овация кылып туруп алганы азыр да эсте. Ырас, кийинки драмалары ал деңгээлге жеткен жок, жетиши да кыйын эле, себеби баары бир «Манас» деген “Манас”, ал эми “Эр Төштүк’' деген "Эр Төштүк” экен да.

Жалил Садыков кара сөзгө кайрылып, аңгеме, повесть, роман жазган жок - бул да өзүнчө кызык маселе. Поэзия жана драматургия Жалил минген Пегастын кош канаты, аны адабият Парнасынын туу чокусуна алып чыккан алпкаракушу болду. Ооба, адегенде "Манасты” сахнага чыгарды. Кийин «Семетейди", “Сейтекти” жазды, андан соң "Эр Төштүк”, кийин “Ормон хан" сахнага келди.

Эми акындын чоң адабияттагы, санжыргалуу кыргыз көркөм сөзүндөгү орду тууралуу эки ооз сөз. Жалил Садыков кыргыз поэзиясында Алыкул Осмонов ачкан мектептин алкагында акын катары торолуп, ошол традицияларды улантып, жаңы ачылгалар менен байыткан калемгер. Анын эң биринчи «Убада» аттуу ыр китеби да 1958-жылы, башкача айтканда, Алыкул Осмоновдун акын катары мааниси жаңы билинип, поэзиясы массалык кызыгууну туудурган романтикалык убакта чыкты. Анан калса ал заман - Совет коому гүлдөө доорун баштан өткөрүп, элдин да маанайы оңолуп, турмушта бир жаңылыктын артынан экинчиси келип жаткан ургаалдуу заман эмес беле. Ошол доордо Чыңгыз Айтматовдун адабий жылдызы жаңыдан жанып, аты дүйнөгө дүңк эткен кез болчу. Кыргыз маданиятында атактуу «күмүш доор» башталган учур эле. Ошол тилеги мол, үмүтү зор, туягынан учкун чачыраган тулпар заманда Ж.Садыковдун «Убадасы» жарыкка келди.

Көзүм көрүп сансыз гүлдү жайнаган,

Көкүрөктөн күүлөр ташып кайнаган,

Торгой болгум келип кетти, тууган жер,

Тээ бийиктен сени мактап сайраган,—деп ошо тун китебинде жазгандай, Жалил Садыков чынында да кыргыз жеринин миң кубултуп сайраган ырчы торгою, ар кандай ыргакка, уйкаштыкка, ритмге салып күү черткен чыгаан акыны болду. Жоон топ чыгармалары чыныгы классикалык деңгээлге чыккан акын катары тарыхка кирди.

Жалил агабызды кыргыз адабиятындагы эки маанилүү тарыхый доордун белдүү өкүлү. Биринчиси—кыргыз поэзиясындагы романтизм доору. «Жалил Садыков--романтик» деген маселе -- бул чоң илимий жана теориялык мааниси бар кызык маселе. Тилекке каршы, биздин саны бар, сапаты жок жалган окумуштуулардын ушул кезге чейин бул маанилүү маселенин, тактап айтканда, поэтикалык романтизмдин, жалпы эле романтизм агымынын ажатын ачканга кудурети жетпей келатат. Ошол маанилүү адабий доордун же агымдын нака лөктөрүнүн бири ушул Жалил акын.

Экинчиси, Жалил Садыковду 80-жылдардагы кыргыз адабиятындагы, жалпы эле маданиятыбыздагы деидеологизация процессинин ири өкүлдөрүнүн бири деп саноо керек. Бул мааниден алып караганда акындын ысмы Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков, Байдылда Сарногоев, Мар Байжиев, Омор Султановдордун катарында турат. Анын “Манас” баштаган драмалары, анын ичинде ''Ормон хан» трагедиясы, 90-жылдардагы ыр түрмөктөрү -- ошол өтө маанилүү процесстин бараандуу күбөлөрү. Баса, ошол маанилүү процесс азыр да уланууда.

Акырында дагы бир талуу маселени атайлап баса белгилей кетсем. Кеп төркүнү мындай: кыргыздын менмин деген акындары «мамлекет», «эгемендик», «көз карандысыздык» деген маселеге башында эле кандай кош көңүл караса, азыр да ошондой көз карашта келатышат. Көрсө, кайран Советтер Союзу буларды эки жылда бирден китебин чыгарып, жазгандарынын жакшы-жаманына карабай калем акы төлөп, акырдан жем жеген «бригадирдин аты» кылып койгон тура. Партия менен Ленинди ыгы келсе да, келбесе да мактай коюп, эптеп китебин чыгарып, ошентип оокатын тың кылган «бакма» акындарга китебин бекер чыгарып бербеген, саман-топонуна карабай бюджеттен акча төлөбөгөн эгемендиктин бир тыйынчалык кереги жок экен. Эгер эски замандагыдай жасалып-түзөлгөн, жылма таралган, эби жок экиленген жармач китептерин байма-бай чыгарып, ага акча да төлөп турса эгемендик эмес, нака желмогуздун жети баштуусу болсо да асман-айга жеткирбей мактап турушмак.

Жалил Садыков ошол жабыраган жармач жазмакерлердин бирине жакындабайт. Тескерисинче:

Алгалай бер, кыргыз эл,

Азаттыктын жолунда!

Өркүндөй бер, өсө бер,

Өз тагдырың колуңда! -- деп ак мармарга алтын тамга менен чеге турган саптарды жазып, ашуу ашып, таш басып, таманын таш тилип жүрүп эркиндикке жеткен эли-журтуна ак батасын берип туруп өтүп кетти го, кайран акын…

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG