Линктер

дүйшөмбү, 17-июнь, 2019 Бишкек убактысы 18:58

Дүйнөнү кыргыздын көзү менен карайлы


Иллюстрациялык сүрөт.

Деги биз уникалдуу коомбуз. Калкыбыздын аздыгыбы же Интернет менен «Фейсбуктун» таасириби, айтор коомдо «тарс» бир окуя болору менен баарылап аны талкуулап, устукандап, жиликтеп, анан ыргытып ийип жаңысына киришебиз.

Бул бир чети бийликтин терс иштерине каршы чыгууда коомчулуктун жакшы куралы болуп берсе, бир чети атайлап чыгарылган маалымат менен кимдир бирөөлөр жамандалып, туура эмес иштер жүрүп кетээри анык. Буга бир мисал - жакында болуп өткөн кытайлык мигранттарга каршы митинг.

Кытайлык судья Фу Миңди азыр кыргыздардын баары таанып, жек көрүп турган кези. Ал түгүл ага арнап Манастын ыргагына салып «эпос» жазып ийгендер болбодубу.

Кытайларга каршы митинг - бул чынында чоң өлкөлөрдүн оюну. Дүйнө жүзүндө Кытай өлкөсү «дүйнөнүн лидеримин» деген АКШ менен соода согушун жүргүзүп, экономикасы менен аң-таң калтырып турган кези. Ушундан улам аларга каршы да, аларды көздөй ыктаган да күчтөр пайда болору шексиз. Менимче, биз ушул оюндардын куралы гана болуп жатабыз. Соцтармактар аркылуу атайылап кытайларга каршы материалдар таркатылып келип, анан элдин митингге чыгып келиши жөн жерден эле болбосо керек.

Чынында биз өлкөбүздө башка улуттардын жүрүшүнө каршы болуп аткан болсок, неге жалаң эле кытайды көрүп калдык? Бишкекте толтура арабдар жүрүшөт го? Индустар деле көп го. Орустар деле аз эмес да. Америкалыктар деле жок эмес. Анда неге баарына каршы чыкпайбыз?

Арабдардын кимиси кайсыл мазхабдан экенин, эмне деген идеология таратып, жаштарга кандай ойду куюп кетип атканын кайдан билебиз? Арабдар өздөрү бир тууган туруп бирине бири каршы чыккан өлкөлөр эмеспи. Биз алардын куралы болсок кантебиз? Түрктөр деле жүрүшөт, аларды неге сындабайбыз? Неге мынчалык кытайдан коркобуз?

Мен өзүм билген тарапты гана айтсам, азыр дүйнөлүк кинематографияда Кытайдын кино базарына атайын ылайыкташкан тасмалар тартылып, Голливуд баш болгон дүйнөлүк киностудиялар жанталашып жатышат. Алар дүйнөлүк прокатка кино тартып чыгарарда Кытай элинин табитин эске алып, анан ошого карата сценарий жазып, ошого карата тасма тартышууда. Анткени Кытай баш болгон чыгыш өлкөлөрү - бул чоң базар. Пайда көп. Акча мол. Ошондуктан аракет күч.

Биз болсо кайра ошол кытайлардан кол үзгүбүз келгени натуура иш деп эсептейм. «Кытайлар бизди басып алат» дегенге деле ишенбейм. Кытайлар бизди басып алышы үчүн адегенде насыя берип, карызга матырып алып, анан көз каранды кылып алат экен. Ооба, биз эгерде алардан алынган акчаны жеп, сол чөнтөккө уруп алсак албетте, карызга белчеден батабыз дагы, бир нерсе кылып төлөшүбүз керек болот. Азыр кошунаң бир сом бербей турганда Кытай берген акчаны туура колдонуп албайлыбы? Кытайдан карыз алып, көз каранды болуп калышыбызга эң биринчи Кытай эмес, биздин бийлик күнөөлүү!

Өткөндө кытайлыктардын дүйнө таанымы тууралуу даректүү тасма көрдүм. Биздин кыргыздардын ишенимине, ырым-жырымдарына көбү окшошуп кетет экен. Анда эмнеге кытайлар менен тил табыша албайбыз?

Жакында СССРдин тамагын жеп, анын идеологиясы сиңип, жашап калган байкелер менен сүйлөшүп калдым. Көп тартыштык, көп талаштык. Алардын ою боюнча биз жалаң гана орустардын арты менен адам болуп, жашап келе жатыптырбыз. Путин дүйнө лидерлеринин эң мыктысы экен. Кыргыздарга ушунчалык жан тартып турат экен. Азыркы орусча билбеген жаштар билимсиз деп эсептелет экен.

Ооба, 90-жылдары биз ошентип ойлонсок керек. Бирок азыр жашоо өзгөрдү, жаштардын ою таптакыр башка.

Мына, биздин өлкөдө эки чоң окуу жайы бар. Бири - Америкалык Борбор Азия университети, экинчиси - Кыргыз-Түрк «Манас» университети. Алар орусча окутпайт. Мисалы, «Манас» университетинде сабактар түркчө жана кыргызча окутулат. Демек, «Манасты» бүткөн студенттер билимсиз болуп эсептелеби? Азыр Кыргызстандын медиа тармагында, кино, искусство, радио-телеберүүлөрдүн баарында «Манасты» бүтүргөн жаштар иштеп атышат. Журналистикада жаңы күч болуп, элдин суктанткан, коррупционерлердин түшүнө кирген Уланбек Эгизбаев да «Манастын» бүтүрүүчүсү эмеспи. Ал түгүл Жогорку Кеңеште, бийлик аппаратында да ошол эле жаштар иштеп атканын билебиз. Америка университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн ийгиликтерин айтпасак да белгилүү. Анда эмне, алар билимсизби?

Орус тилинин статусу

Жакында Азимбек Бекназаров баш болгон бир канча коомдук ишмерлер «орус тилин расмий тил деген статусунан ажыратып, кыргыз тилин негизги тил катары алып чыгалы» деп сунуш кылышты. Бул замандын талабы болчу. Бирок эл ишенбей, бир даары анча жакшы көрө бербеген саясатчылардын оозунан ушул сунуш чыгып жатканы мени өтө өкүндүрдү. Эл муну тескери кабыл алды. Анткени саясатчылар дайыма бир нерсенин башын кылтыйтышат эмеспи. Менимче бул сунуш жаштардан, окумуштуулардан же белгилүү, кадыр-барктуу коомдук ишмерлердин оозунан чыкса болмок. Себеби, мезгил жетти.

Албетте, бул өтө талкуу жараткан нерсе. Коомдун бир бөлүгү «орус тилинин расмий статусун албаш керек, анда биз артта калып, караңгылыкка кептелебиз» дейт. Бул менимче эскичил көз караш. Себеби, буга чейин СССРде жашап, андан кийин да там-туң баскан убагыбызда бизге орус дүйнөсү бүткүл дүйнө болуп көрүнчү. Бирок иш жүзүндө андай эмес экен да. Орус дүйнөсүнөн да чоң дүйнө бар экен. Азыр жаштарыбыз ошол тарапка, чоң дүйнөгө умтулуп атканын кантип танабыз?

Бишкекте азыр англис, корей, жапон, кытай, немис тилдерин үйрөтүүчү курстар миңдеп саналат. Базардын мыйзамы ушул: сунуш болсо товар болот. Анын сыңары, башка тилдерди окугусу келген жаштар көп болгон үчүн ушунча курстар ачылып жатат да. Ал эми орус тилине анчалык суроо-талап жок. Ушул эле жооп болушу керек го. Ал эми буга каршы жүйө катары «орус тилинин расмий статусун алып салсак, биздин мигранттар эмне болот» дешет.

Мен Москвада эки жылга жакын окуп келдим. Бул шаардагы мигранттарыбыздын көбү «Америкага барып иштесем, Кореяга барып иштесем, Дубайга кетип калсам» дегенде эки көзү төрт. Көбү айласыздан, Москвада кирип чыгуу оңой болгондуктан гана иштеп атат. Анан да алардын баары эле орусча биле бербейт. Ошол жакка барып, орусчаны үйрөнүп атышат. Америкага кеткендер деле баргандан кийин тил үйрөнүп алып атышпайбы.

Азыр коомдо ким Америкага же Кореяга кетип иштеп жатса, ал ийгиликке жеткен киши катары кабыл алынат. Ал эми Москвага барып иштегендердин кээ бири «Москвада иштейм» деп айткандан өздөрү да уялат.

Анан дагы «кыргыздар орусча билбей калса, Москвага барып мигрант болуп иштей албай калат» деген ойдун өзү маргиналдык, көз карандылыктын туу чокусун көргөзүп турат. Эмнеге биз жаштарды, элди ошого даярдашыбыз керек? «Сен орусча үйрөнүп алып орустардын короосун шыпыр» деген идеологияда жашайбызбы?

Акыры орус тилин расмий тилден алып салуу «орусча сүйлөбө же үйрөнбөй кой» деген кеп эмес да. Орусча сүйлөшчү жерден сүйлөшөлү, орустар менен дос бололу. Бирок маргиналдык көз караштан айрылбайлыбы, өз тушообузду өзүбүз кеспейлиби? «Кытайлар көз каранды кылып алат» деп коркуп жүрсөк, орустар эбак эле көз каранды кылып койгон экен го? Жан дүйнөбүз, көз карашыбыз, баары көз каранды болуп, «орустардан ажырасак эле ит болуп көчөдө калабыз» деген ойду мээбизге ким сиңирген?

«Кыргыз тили өнүкпөй жатат» дейбиз. Эгер биз ага мүмкүнчүлүк берип, аны колдобосок өнүкпөсү турган иш. Кыргыз тилин өнүктүрүш үчүн, мамлекеттик мыйзамдар жазылышы керек. Кыргыз тилинде жазылган илимий иштерге, адабий чыгармаларга, акындарга, жазуучуларга, тарыхчыларга, публицисттерге мамлекет көңүл буруп колдошу керек. Анын сапаттык денгээлин арттырууга кызыкчылыгы болушу керек. Себеби, тил улуттун, маданияттын негизи, тамыры да. Тил аркылуу кыргыздын дүйнөгө болгон көз карашы айтылат эмеспи.

«Биз ЕАЭБге мүчөбүз, өндүрүш кыргыз тилинде жүргүзүлсө кантип иштейбиз?» дегендер да бар. Котормочу деген кесип бар эмеспи. Башка дүйнө эли менен деле чоң долбоорлор ишке ашырылып, иштеп атпайбы. Орусия менен деле ошондой иштер жүрө берет. Бул эч кандай тоскоолдук жаратпайт.

Мигранттык көз караш менен идеологиянын жүзү курусун

Кесибиме байланыштуу көп тасма көрөм. Жакында колума кыргыз жаш режиссеру Асел Сыдыкованын «Провинциялык добуш» деген тасмасы тийип калды. Тасма Кыргызстандын кайсы бир айылында бир кыргыз аялдын жашоосун чагылдырыптыр. Фильм аялдын бир күнүн баяндайт экен.

Короз кыйкырып, таң атаары менен башкы каарман келин балдарын жуунтуп, тамак берип алып балдарын чанага сүйрөп алып кайнатасыныкына жөнөйт. Карыган кайнатасы менен кайненесине тамак берип, мал-жанга чөп салып коюп балдарын таштап жумушка жөнөйт. Айылдагы жалгыз мектепте мугалим болуп иштеген келин бир класска географиядан, андан чыгып башка класска физикадан, андан кийин англис тилинен, андан соң орус тилинен сабак берет экен. Анан мектептин жыйналышына катышып коюп өз күчү менен ачкан «Суусамыр ФМ» радиосун алып барып, жаңылыктарды айтып, айылдагыларга музыка коюп берип, анан кайрадан үйгө кайтат. Кайнатасыныкынан кайрадан малды тейлеп, кечки тамакты жасап берип, анан балдарын алып үйүнө кайтып кетет. Күйөөсү чет өлкөдө мигрант болуп эмгектенгендиктен бул ирбийген кичинекей келиндин мойнуна ушунча түйшүк илиниптир.

Ушул эле келин дейсиңби? Башка дагы көп эле айылда ушундай көрүнүш. Аялдын ийнине үй тиричилик түйшүгүнөн тышкары мамлекет да уялбай жүгүн артып алган. Аял бала төрөшү керек, мектепте, ооруканада же дагы башка жакта иштеши керек. Ошол эле учурда балдарды төрөп, кайын-журтуна кам көрүшү зарыл. Кудум тээ Улуу Ата Мекендик согуштагыдай эле көрүнүш. Мындай реалдуу даректүү тасманы көрүп каңырыгың түтөйт.

Буга чейин бир жыл мурун мен да өзүмдүн кесиптешим менен бирге Москвадан мигрант аялдардын түйшүгү тууралуу даректүү тасма тарткан элек. Аны тартуу учурунда биз мигрант кыз-келиндердин түйшүгү оор экен деп ойлогонбуз. Көрсө өз жеринде калган аялдарыбыз деле жыргабаптыр. Алардын да мойнунда ат көтөргүс милдет, түйшүк калыптыр.

Ушундан улам «мигранттык идеология менен жашап жаткан жашооңду урайын» деп сөгүнгүң келет. Мектепти бүтүп сыртка чыгып иштеп кел. Кызсыңбы, эркексиңби, карысыңбы, жашсыңбы иштеп кел. Короо шыпыр, идиш жуу, тил билбей басмырлан, оюңду айта албай алдан. Бириңди бириң алда. Болгону акча тап. Сенин мойнуңда мамлекет, эл, үй-бүлө, бала-бакыра бар.

Токтобек Үсөнов.
Токтобек Үсөнов.

Москвада иштеген бир байкенин постунан окудум эле. «Илгери-илгери бир бала болуптур. Ары иштесе, бери иштесе да иши жакшы болбой, айласы кетип мигрант болуп, ар кайсы өлкөдө иштеп келсе үй алганга акчасы жетип, машине алганга жетпей калат. Кайра барып машине алганга акча топтоп келип машина алса үйлөнгөнгө жетпейт экен. Кайра кетип үйлөнгөнгөнгө акча чогултуп келсе, экөөнү бакканга акчасы жетпей кайра кетет экен. Кетип баратып ойлосо, салган үйүндө деле жашабай, алган машинесин деле минбей, үйлөнгөн аялы менен деле жыргап жашабай эле жүрүптүр. Кайтып келип үйүндө жашайын десе жарыктын, коммуналдык төлөмдөрдүн акчасы, тамынын бузулган жерлерине толтура акча керек экен. Машинесинин майын алмаштырып, дөңгөлөгүн жаматып, анан техникалык кароодон өткөрүп анан айдаса болот дептир, уста. Ага нерв, буга нерв болуп, үйүнө келсе аялы «үйдө ал жок, бул жок, тигил да жок» дептир. Нерви кашайып туруп баарына мамлекет күнөөлүү деп аялына айтып түшүндүрүп, «мен баарын чечем, мен эркекмин» деп туруп, барып өлүп калыптыр» дейт.

Бул Москвада иштеген байкенин посту. Күлкүң келет, ошол эле учурда алкымга ыза толот...

Токтобек Үсөнов, сценарист, документалист

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG