Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:35

Азия кубогу: калыс оюнду "сойду"


Кытай калысы Фу Минг
Кытай калысы Фу Минг

Ооба туугандар, матч кандай болгонуна баарыбыз күбө болдук.

Оюнга чейин ичибизден калыстын үй ээсине тымызын тартып коюшу мүмкүн экенин сезип турганбыз. Бирок мынчалык бир тараптуу болорун ким билиптир?

Анткен менен кептин бардыгы системада. Кытай калысы Фу Мингдин ордунда башка адам оюнду тейлеген күндө да акыр-аягы ушундай эле көрүнүшкө күбө болмокпуз. Себеби, Азия кубогун жарнамалоо үчүн калыстар үй ээлерине тартууга аргасыз.

Стратегиялык жактан алып караганда АФК үчүн Кыргызстандан мурун БАЭнин оюн улантканы маанилүү. Эгерде арабдар утулганда кийинки оюнда стадиондор бошомок. Ансыз деле Азия кубогу бүгүн бош стадиондордо оюн өткөрүп, бул чыгым алып келген турнир экени ачык эле көрүнүп турбайбы.

Үй ээлери ойноп жатканда гана стадиондорго эл келгенин көрүүгө болот. Бирок бул деле жакшы көрсөткүч болуп бере албай жатат. Кечээ БАЭде 50 миң адамдык “Шейх Зайед” стадионунда көптөгөн орундуктар бош турду. Андыктан Азия контитентинде футболду жайылтып, турнирдин баркын жогорулатуу үчүн күйөрмандардын саны өтө маанилүү.

Билеттердин активдүү сатылышы жана күйөрмандарды толтуруу иши учурда араб күйөрмандарынын аркасы менен ишке ашууда. Мындайды көрүп турган Азия футбол конфедерациясы (АФК) калыстардын үй ээлерине жан тартканын кечирип жатат.

Кыргызстан - БАЭ оюнунун калыстары
Кыргызстан - БАЭ оюнунун калыстары

Европада калыстын мындай шалаакылыгы чоң чырга себеп болмок. Бирок, АФК башка конфедерацияларга салыштырмалуу дагы деле өнүгүү жолуна түшө элек.

Дүйнө чемпионаты видео кайталоону көрүүгө мүмкүн болгон VAR системасын киргизип, аны өнүктүрүүгө кадам таштап жатканда, АФК ага астейдил мамиле жасап жатканынын себеби ушунда.

АФКда быйыл VAR системасы бар, бирок ал чейрек финалдан баштап гана ишке кирет. Мунун бардыгы кайрадан эле АФКнын жетекчилеринин спорттон мурда саясатты бийик койгонунда болууда. Ушундан улам, дүйнөлүк медиа бүгүнкү матчтын калыстыгын канчалык сындабасын, АФК анын бирине көңүл бурбайт.

"Шумкарлар" жаңы тарыхты жаратты

Биз үчүн чемпионат аяктады. Тилекке каршы жеңилгендердин үнү угулбайт эмеспи. Кыргызстан кандай шартта БАЭге утулганы саналуу адамды гана кызыктырбаса, протоколго оюндун эсеби гана жазылат.

Бирок, биз Азия оюндарында жаңы футболдун барагын ачтык. Чарчаганыбыз менен арабдардын күчүн ала кеттик. Алар тайпалык оюндардан соң, бизге караганда эки күн көбүрөөк эс алганына карабастан, Австралияга чалажан команданы өткөрүп бердик. Бул оозго ала турган жеңиш.

БАЭ өз командасынын деңгээлин дагы бир ирет ачык көрдү, алар бул курам менен чемпионатты ута албасын түшүндү. Эми калыстарды арабдарга тарткыс кылдык.

Кыргызстан футболчулары
Кыргызстан футболчулары

Ооба, биз матчта утулдук, бирок башты бийик көтөргөн бойдон чемпионаттан кетип баратабыз.

Кыргызстан Азия футболунда өз ордун таап, башка командалар мындан ары биз менен эсептешүүгө аргасыз болуп калды. Кечээ эле командабызды балапанга теңеген өлкөлөр, бүгүн футболчуларыбыздын улуу тоолордун чыныгы шумкарына айланганын көрүштү.

Алга шумкарлар, биз силер менен сыймыктанабыз!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG