Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:11

Азия кубогу - 2019: биз катышкан мелдеш


Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы.

Ошентип эртең, 5-январда Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия кубогу башталат. Ал эми 1-февралда биз “Азиянын чемпиону ким?” деген суроого расмий жооп алып калабыз.

Бул кубокко тарыхта биринчи жолу Кыргызстандын курама командасы катышууда. Албетте, бул жакшы жышаан. Бирок өлкөдө футболдун өнүгүп жатканын айтуу менен Азия континентинде футбол бизден да катуу деңгээлде өнүнүп атканын белгилеп койбосок болбойт. Азия кубогу деген мелдеш кандай турнир? Кыргызстандын анда мүмкүнчүлүгү канчалык? Чемпионатта кайсы өлкөнүн жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү жогору?

БАЭге кош келиңиз

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 3-январда Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) 2019-жылдагы Азия кубогунун оюндарына катышуу үчүн жөнөп кетти. Футболчуларыбыз ошол эле күнү БАЭге жетип жайгашты.

Чемпионаттын расмий ачылышы 5-январда өтүп, андагы алгачкы оюнду БАЭ менен Бахрейндин командалары өткөрүшөт. Бул оюн Абу-Дабидеги 50 миң көрөрманды батырган эң чоң «Зайед Спорт Сити» аттуу стадиондо өтөт.

Футбол майрамы Бириккен Араб Эмираттарынын 4 шаарында болот. Алар Абу-Дабиден тышкары Аль-Айн, Дубай жана Шарж шаарлары. Жалпысынан сегиз стадиондо оюн жүрмөкчү.

Албетте, бул оюнда үй ээси катары Бириккен Араб Эмираттарынын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору.

"Ак шумкар" тумары.
"Ак шумкар" тумары.

Тайпадан чыгууга тапшырма

Кыргызстандын футболчуларын “ак шумкарлар” деп да атап жүрөбүз. Кыргыз оюнчулары “С” тайпасында болгондуктан, алгач 7-январда Кытай Эл Республикасына каршы оюнду баштайт. Андан тышкары, бул тайпада Түштүк Корея жана Филиппин бар. Кыргызстан Корея менен 11-январда, ал эми Филиппин менен 16-январда ойнойт.

Тайпалык оюндарда Кыргызстан колдон келишинче көбүрөөк упай топтошу зарыл. Ал үчүн утса - 3 упай, тең чыкса – 1 упай алып, ал эми утулуп калса упай ыйгарылбайт. Ошону менен үч оюнда башка командаларга караганда көбүрөөк упай топтогон эки команда кийин финалдын 1/8 бөлүгүнө чыгат.

Мына ушул жерден Кыргызстан үчүн негизги тапшырма - көбүрөөк упай топтоп, тайпадан чыгуу зарыл. Айтканга оңой болгону менен иш жүзүндө бул биздин футболчулар үчүн өтө оор тапшырма. Себеби Кыргызстан “С” тайпасында эң эле чабал команда болуп саналат.

Кыргызстандын курама командасы.
Кыргызстандын курама командасы.

Атаандаштар кимдер?

“С” тайпасындагы оюндар эмне үчүн оор болушу мүмкүн? Кыргызстандын курама командасы чү дегенде эле 7-январда Кытай менен ойнойт. Кытай кийинки жылдары футболду өнүктүрүү үчүн саясий кадамдарга чейин барууда. Бул өлкөдө президент Си Цзинпин өзү баш болуп футбол десе жантыгынан жата калары бышык. Анын үстүнө Кытайдын ички чемпионаты учурда дүйнөдөгү белгилүү футболчуларды акчанын күчү менен өзүнө тартып жатат.

“Челсинин” оюнчусу Оскар, аргентиналык Карлос Тевес, бразилиялык Халк, Рамирес, белгиялык Аксел Витсел, дагы айта берсе аягы түгөнбөгөн белгилүү оюнчулар эбак Кытайдын клубдары үчүн ойноп жүрүшөт. Ошондуктан Кытай Кыргызстанга жеңилсе, футболчулары чоң шапалак жеп тим болбостон, кечирилгис ката кетирген болот. Натыйжада алар Кыргызстан менен жеңишке гана ойноп, үч упайды өзүнө гана ыраа көрүп турган чагы.

Түштүк Кореянын командасы.
Түштүк Кореянын командасы.

Эми Кореяны байкайлы. 11-январда Кыргызстан менен ойной турган корейлер - бүтүндөй Азия чемпионатын утуш үчүн келаткан негизги алдыңкы команда. Букмекерлер Кореяны финалга чыкчу эки команданын бирине кошуп койгон. Ал эми чемпионатта негизги жылдыз катары Англиянын “Тоттенхэм” командасынын оюнчусу Сон Хын Минди күтүп жатышса, ал да Кореяда ойной турганын айта кетели. Болгондо да бул футболчунун жылдызы жанып турган кези. Андыктан Кореяны утуш үчүн бизге ал-күчтөн тышкары тагдыр өзү жардамга келиши керек.

Негедир букмекерлер Кыргызстан Филиппин менен оюнда да утулаарын болжоп жатышат. Бирок дал ушу оюнда “ак шумкарлар” алгачкы упайга ээ болуп, керек болсо жеңишке жетүүгө жакшы мүмкүнчүлүгү бар. Филиппиндин футболчулары менен Кыргызстан 16-январда Дубайда беттешет.

Декабрдагы дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 91-орунга жайгашса, Филиппин 116-орунда келатат. Бул да болсо Кыргызстан атаандашына караганда күчтүү экенин далилдеп турат.

Бирок ушул жерден Филиппиндин негизги артыкчылыгын айта кетиш керек - ал анын машыктыруучусу Свен-Йоран-Эрикссон. Эрикссон 2000-жылдардын башында Англиянын курама командасын машыктырып, эки жолу дүйнөлүк чемпионатка алып чыккан. Бул машыктыруучу өмүр бою Европанын алдыңкы клубдарын машыктырып келген. Андыктан Кыргызстандын футболчуларынын ал-күчү Филиппинден артык болгону менен тактикалык жактан уттуруп коюшу ыктымал. Ошондуктан Филиппиндин футболчулары кыргыздар менен оюнга тек гана жеңиш үчүн талаага чыгышмакчы жана бул оюн “ак шумкарлар” үчүн Корея менен Кытайга караганда оор болот.

Кыргызстандык футбол күйөрмандары.
Кыргызстандык футбол күйөрмандары.

Негизги жеңиш - тажрыйба

Ошентип тайпадан чыгуу Кыргызстан үчүн өтө эле оор милдет болуп турат. Анткен менен Кыргызстан Азия Кубогунда алмаштыргыс жеңишке ээ болору бышык. Ал жеңиш – тажрыйба. Эл аралык абройлуу кубок, чоочун атмосфера жана алдыңкы оюнчулар сөзсүз Кыргызстанга тажрыйба топтогонго шарт түзөт. Ал эми биринчи жолу мындай ири турнирге жол салуу Кыргызстандын футболчулары үчүн бул чоң жеңиш экендиги талашсыз.

Кантсе да топ тоголок эмеспи. Футболдун тарыхында аутсайдер катары турнирге барып, акыр аягында чемпионатты утуп кеткен командалар көп. 1992-жылы Дания, 2004-жылы Грекия, керек болсо 2016-жылдагы Португалия Европа чемпионатын утуп чыгышканы кокустук эмей эмне?

Андыктан оюндарга көз салып, кыргыз оюнчуларына ийгилик тилеп туралы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG