Линктер

шейшемби, 22-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 09:28

Көз жетпеген жерге сөз жетер


Иллюстрациялык сүрөт.

Жакында өткөн тил майрамынан кийинки ой.

23-сентябрда Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда кыргыз тилине мамлекеттик статус берилгенинин 30 жылдыгын белгилеген иш-чара болуп өттү. Ал иш-чара тууралуу жамы журт кабардар болду. Өз көзүм менен күбө болгон адам катары сүрөттөй келсем зал толтура, артисттердин тили менен айтканда аншлаг менен өттү. Жыйынга катышкандардын басымдуу бөлүгү азыркы элита дегендердин дээрлик бардыгынын чогулганында болду. «Калк каймактары» деп ишенген мыктыларыбыздын сөзүнө кулак төшөсөм баарынын айткандарынын мааниси коёндой окшош, «эне тилим эле, эне тилим...» деген тариздеги бийик пафостор. Аны улай, ошол күнү мамлекеттик телеканалдардын эфиринде дагы далай атка минерлерибиз «алтын шилекейлерин» чачыратып, баары тең бир добуштан жалындуу сөздөрүн айтып жатышты, эне тилдин эң касиеттүү экенин «баса» белгилешип...

Айтайын дегеним - өкүнүчтүүсү, биздин атка минерлер эне тил майрамын кудум 9-Май - Жеңиш күнүндө согуш ардагерлерин эстеп, ошол күнү гана «бир күндүк» шаан-шөкөттүү иш-чараны уюштуруп, бирок арадан эки-үч күн өтпөй эле андагы айтылган асыл сөздөр, ардагерлерге болгон камкордук ошол эле күнү окулуп бүткөн китептин барактарындай болуп жабылып калгандай көрүнүшкө такалганында. Дегеним, эне тилибиз жөнүндө жыл сайын 23-сентябрь жакындап келатканда гана аткаминерлерибиз улуттук тил тууралуу жаңырган керней-сурнайын тартып, эртеси же анын эртеси эле ошол добулбастар чылымдын түтүнүндөй абага тарап жок болуп кетип жатпайбы?

Улуттук тилибизге болгон аракеттер ар убакта дал ошол 23-сентябрдагыдай аракетте болсо, оо бир далай сонун өзгөрүүлөр болмок беле дегиң келет экен. Эсиңердеби, шаардын мэри Азиз Суракматов мэрликке талапкерлигин коюп жатканда эне тилден кандай баа алганы? Демек, ал ошондо алган баа боюнча шаар башчылыгына дайындалбашы да керек болчу. Ошондо анча-мынча гана ар-намысы бар уул-кыздарыбыз теригип чыкканы болбосо, эч бир аткаминер үн каткан эмес. Ал эми кечээ Филармонияда додо болуп чогулган, «эне тил» деп безилдеп жаткан саясатчыларыбыздын бири да ошондо «талапкердин экзамени мыйзамдын талабына жооп бере алган жок» деп айтканга кудурети жетпей, мелтейип көрмөксөн болуп туруп беришкен...

Тил демекчи, убагында, замандын оомал-төкмөлүндө, көз караштардын кызыл кыргыны түшкөн, советтик делген системанын кызыл камчысы кыйла азаматтарды кыя чаап жаткан өткөн кылымдын отузунчу жылдары эне тил маселеси чындап көтөрүлгөн. Ал мезгил азыркы саясий системадан 200 эсе оор болгон десек да жарашат. Бирок ошого карабай тайманбай, коркпой, жүрөгүндө жалы бар, оозунда оту бар Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев сыяктуу улутубуздун чыныгы көк жал элитасы улуттун рухий маданиятын алдынкы пландарга койгон. Бул карт тарыхтагы кашкайып жазылып турган факт. Эне тилдин, улуттук рухий дөөлөттөрдүн келечеги үчүн алар баштарын канжыгага байлап койгон!

Макул, коммунисттик доорду айтпайлы, ал кез ошондой сенектик доор болгон деп коёлу. Бирок, эркинбиз деп эгемендик алгандан бери (маркум Камбаралы Бобулов сыяктуу айрым гана асыл адамдарыбызды эсепке албаганда), азыр парламентке үйүр тобу менен толуп алган (олигарх) «эл өкүлдөрү» дегендердин же болбосо мамлекеттибиздин өкмөтүндөгү өзгөчө жооптуу кызматтарды аркалап отургандардын кимиси Ж.Абдрахманов же анын үзөнгүлөштөрү жасагандай иштерди жасай алды? Кыргыз элинин бактысына Үркөр жылдыздай болуп ошол мезгилде келген кеменгерлердин бири, улуттук эне тилибиздеги «Эркин-Тоо» гезитин түптөгөн Касым Тыныстановдун ташка тамга баскандай минтип айтканы ушундайда чыкыйга кадалат: «Өз тилиңди, өз жериңди, өз ата салтыңды үйрөн, бил жана аны көздүн карегиндей аяр сакта! Ал сенин көрөр күнүң, ичер сууң!». Же болбосо улуттук элитабыздын дагы бир арстаны Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүндө жазылгандай: «Менин мекендештерим үчүн Кыргызстан - сүйүүнү, кам көрүүнү талап кылган, ал үчүн иштөө керек болгон мамлекет эмес, тек гана жеке жыргалчылыктын базасын түзүүгө ылайыкталган обьект. Элимдин бактысыздыгы мына ушунда». Кайран ошол кеменгерлер! Бүгүн ошолор болсочу...

Балким азыр кимдир-бирөөлөр «экономикабыз көтөрүлгөндө гана улуттук маданиятыбызга көңүл бөлүнөт» деп айтышы да мүмкүн. Бирок адамзаттын тарыхы небак аныктаган чындык - эң жаманы, рухий маданиятын баалай албаган эл эч качан экономиканы көтөрө албайт. Билген жанга башка элдердин алдында улуттун кадыр-баркын материалдык байлык эмес, ириде нарктуу маданий дөөлөттөрү көтөрүп турат.

Кенжебек Арыкбаев, журналист

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (6)

XS
SM
MD
LG