Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 09:06

Кыргыз тилин сынаган отуз жыл


Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл Кыргызстанда «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдыгы белгиленүүдө. Бишкекте өткөн салтанаттуу иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик тилди бекемдеп, өнүктүрүү үчүн жакынкы жылдары ишке ашырууга зарыл болгон милдеттерди санап өттү.

Мамлекет башчы белгилеген сунуштар адистердин талкуусуна жем таштады.

Президент Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө 2014-2020-жылдар үчүн кабыл алынган Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын мөөнөтү аяктап баратканын кеп кылып, акыркы изилдөөлөр боюнча мамлекеттик мекемелердин кырк пайызга жакыны гана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүп жатканын, алардын да сапаты жакшы эместигин, бул мамлекеттик тилге болгон ишенимди жоготорун айтты.

Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

Жээнбеков кыргыз тилин илимдин, интернеттин жана технологиянын тили кылуу - мезгил талабы экенин белгилеп, кыргыз тилин өнүктүрүүдө маселенин өзөгү жергиликтүү элдин өзүнүн жоопкерчиликсиз жана кайдыгер мамилесинде болуп жатканын санап өтүп, балдары менен кыргыз тилинде сүйлөшпөй калган шаардык ата-энелерди сынга алды.

“Көп жылдан бери кыргыз тилинин абалы боюнча олуттуу изилдөө жүргүзүлө элек. Азыркы программанын кемчиликтерин, отуз жылдык тажрыйбабызды, турмуш чындыгын эске алып, акыл калчап, баарын салмактап, жаңы программа түзүү милдети турат. Жаңы программа кагаз жүзүндө эле калбашы үчүн тилди өнүктүрүүнүн анык механизми, чыныгы жол картасы болушу зарыл. Бул багытта иштерди азыртадан баштоо керек. Өкмөткө ушул өтүнүч менен кайрылам. Жогорку Кеңештен Тил саясатын аныктаган мыйзамдар тутумун терең талдап, тиешелүү мыйзамдарга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү өтүнөм”.

Мамлекеттик тилдин абалын эске салган маараке
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00


Президент Жээнбеков сөзүнүн соңунда бардык билим берүү мекемелеринде кыргыз тилин азыркы заманбап усулдар менен, жаңы техникалык каражаттарды колдонуу аркылуу окутууга өтүүнү тездетүү керектигин, бала бакчадан баштап, мектепте, жогорку окуу жайларда, жумуш ордунда кыргыз тилин үйрөнүүгө ыңгайлуу шарт түзүү абзел экенин белгиледи.

Өлкө башчысынын мындай сунуштары боюнча мамлекеттик тилди заманбап технологияга орнотуу долбоорунда иштеп жаткан "Улут Soft" компаниясынын жетекчиси Мирбек Окенов кеп козгоп, мамлекеттик тилдин өнүкпөй жатканын эң башкы себеби - ага болгон экономикалык муктаждыктын аздыгында экенин айтты.

Тил азыркы тапта жаштарыбыздын арасында биз каалаган деңгээлге келбей жатканы анын экономикалык баалуулугу болуп жатат. Кыргыз тилин билүү алдыда турмуш-тиричилигин түптөп кеткенге, жакшы маяна алганга шарт эмес. Мисалы, жаштар азыр англис, орус же башка тилдерди билсем өз жашоомду жакшы нукка салып кетем дешет. Биз бул ой жорумду башка бир багытка салышыбыз керек. Тактап айтканда кыргыз тилинин экономикалык баалуулугун изилдеп, тактап, жаңы программа чыгарышыбыз керек деген ойдомун.

Окенов учурда кыргыз тилин жаңы технологияга салууда эң башкы багыт жасалма интеллект болуп эсептелерин, өзү башкарган компания 2018-жылы кыргызча текстти үнгө айландыруу боюнча программалык аппарат иштеп чыкканын, ушул жылдын соңуна чейин тескерисинче үндү текстке айландыруучу программа соңуна чыгарын, ал эми 2023-жылы кыргыз тилин толук түшүнгөн, кыргызча сүйлөй алган жасалма интеллект ишке кирерин кошумчалады.

Назаркул Ишекеев менен Сооронбай Жээнбеков
Назаркул Ишекеев менен Сооронбай Жээнбеков

Президенте караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев "Кыргызтест" системасы иштей баштаганы жана айрым мыйзамдарга кирген өзгөртүүлөр - Мамлекеттик тилге болгон муктаждыкты жаратат деген ишенимде.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, жергиликтүү депутаттардын статусу, борбор шаардын мыйзамы тууралуу мыйзамдарда жаңылыктар бар. Ал бизге эмнени берет? Кыргызстанда 453 айыл өкмөтү бар. Ага башчы болом дегендердин "Кыргызтесттен" В2 деңгээлинде сертификаты болушу шарт. Эгер бул талапты аткарбаса, анда ал талапкер жергиликтүү шайлоо комиссиясынан өтпөйт. Өлкөдө 35 шаар бар. Аларга мэр болом дегендерге да ушундай шарт коюлат”.

Деген менен коомдук ишмер Алмамбет Матубраимов кыргыз тили жогорку бийлик бутактарында чыныгы кыргыз элитасы жаралмайынча мамлекеттик тил катары коомдогу өзүнүн тарыхый ордун таппайт деген ойдо.

Тилеке каршы отуз жыл аралыгында кыргыз тилин өнүктүрө алган жокпуз. Айтылган сөздөрдүн баары кагаз жүзүндө калып жатат. Бул тармакка акча жетиштүү эле бөлүнүп жүрөт. Бирок бизде кыргыз тилинин өнүгүп кетишине көп нерселер жолтоо болуп келет. Себеби интеллигенция, элита деп айтып атабыз. Чынын айтканда элита болуш үчүн жок дегенде үч муун өтүш керек. Ошондо гана интеллигенция калыптанат. Бүгүн Кыргызстандын элитасыбыз деп орусча-кыргызча аралаштырып сүйлөп жатышат. Бизге алардын кереги жок. Кыргыз тили өнүгүшү керек. Эгер талап катуу коюлса биз да коңшу мамлекеттердей тез эле өтүп кетмекпиз”.

Коомчулукта кыргыз тилинин өнүгүшүнө зор салым кошот деген мыйзам иш жүзүндө толук иштебей жатканы тууралуу көп сын айтылып келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG