Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Атпай кыргыздын Агайы кетти...


Маркум Исак Бекбоев.
Маркум Исак Бекбоев.

Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, Орусия Педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын академиги Исак Бекбоев дүйнө салды. Төмөндө анын кызматташтарынын эскерүүлөрүн жарыялайбыз.

Исак Бекбоевдин дүйнөдөн өтүшү менен кыргыз педагогикасынын бир доору - эң жемиштүү доору бүткөндөй болду.

Исак Бекбоев - Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, Орусия Педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын академиги. 130 илимий эмгектин жаратманы. Бул кыргыз педагогика илиминде экөө болсо ошонун бири, бирөө болсо ошол киши деген кеп.

Исак Бекбоевичтин жапжаш кезинде – 1952-жылдан тартып Ат-Башыда мугалимчилигин баштаганда окуучулары «агай» дешкен.

«Агай». Кыргыздын ушул ырыстуу, ыймандуу, сыйлуу, урматтуу, аздек сөзү ал кишини ошондон бери ээрчип, атына кошулуп айтылып келет. Жарым кылым «агайланып», демек, жарым кылым сыйланып, урматталып, аздектелип келет. Ат-Башынын агайын үч жылдан соң фрунзеликтер, №5тегилер «агай» дегенге өттү, анан университеттин студенттери, окутуучулары, доцент-профессорлору, Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунун кызматкерлери «агайлашып» калды, анан ал киши бүт кыргызстандыктардын «агайына» айланды. Дагы жок дегенде жарым кылым ал кишинин атына «агай» коштолот. Ошондо бир кылым Эл бир кишини «агай» деп турса оңойбу...

Бакыт деген ушул да, сый деген ушул да...

Тагдыр бизди - Исак Бекбоев экөөбүздү 1985-жылы жолуктурду. Ушул жылдын апрелинде, биз жолуккан кезде, Москвада горбачевдук кайра куруу жыйыны өтүп, тоталитаризмдин чынжыры ыдырап, улуттук аң-сезим, эне тили, эгемендүүлүк, тарыхты жаңыча кароо маселелери алдыңкы планга чыга келди. Жазып жүргөндөрүмдү карап, сынчы Советбек Байгазиев айылдан таап келип, агайдын иш бөлмөсүнө ээрчитип кирди. Ошондо ал киши мени ушунчалык муютту, тим эле мен билген, мен күндө кайнап аткан мектепти өтө тереңден гана эмес, кенен жана бүт республикалык масштабга салып билет экен.

Кыргыз тили, адабияты программаларынын, китептеринин абалы, тилчилердин жаат-жаатка бөлүнүп алып, илимден четтеп кеткени, педагогика илимине жаштардын келбей жаткандыгы, бул тармакка кошулуп жаткандар болсо да алар мектепти билбестиги, жаңыча көз караш менен бүтүндөй билим берүүнүн мазмунун жаңылап чыгуу зарылдыгы тууралуу жан күйө кеп кылды. Агай математик болсо да ал тил, адабият проблемаларын ар кандай тилчи-адабиятчыдан кем билбейт. Ошон үчүн ал кезде өзү директорлук кылган Кыргыз педагогика илим изилдөө институтунда кыргыз тили жана адабиятын окутуу боюнча тарыхта биринчи жолу секторду бөлүм деңгээлине жеткирди да, ал бөлүмгө кошумча бөтөн тилдүүлөргө кыргыз тилин окутууну үйрөтүү менен шугулдануучу топ түздү. «Кыргыз тилин мамлекеттик тил деңгээлине жеткизебиз, башкаларга үйрөтөбүз» деп куру кыйкырык менен чыккан «кымыз патриоттор» бийик трибунадан күпүлдөп атканда пил көтөргүс оор жүктү - бардык практикалык ишти ушул топ көтөрдү. Күн сайын талап кыльп, каалагандай шарт түзүп берген Исак агай болбогондо, кыйкырчаак кыргыздарга ишенип отура бергенде башкаларга мыш болмокпуз, аз да болсо абалдан чыга алдык.

Сексенинчи жылдардын аягында «илимий-методикалык жардам беребиз» деп бут жеткен жердин баарын түрө кыдырдык, жылына жок дегенде алты-жети районго жалпы институт боюнча же предметтер боюнча жөнөп калар элек. Агай атайын алыска, эң жардамга муктаж, көпчүлүк борбордук кызматкерлер жетпеген түпкүрлөргө жиберчү. Анан биз барган мектеп кайдан келгенибизди билери менен деректири сөзсүз Исак Бекбоевичти сурайт. «Агай кандай жүрөт?» дейт. Биз «жакшы» дейбиз. «Деректирлердин курсунда окуткан эле» деп коюшат, анан бизге агайдын институтунан болгон үчүн ишеним менен карап, мугалимдер топтолуп келип, билбегендерин сурашып, сабактарына ээрчитип кирип, балдары менен аңгемелештирип, ички сырларын козгошуп, чыныгы майрамга айланып калчу, биз, илимпоздор да, алар, мугалимдер да көп нерсеге жетишер элек, мындай жолугушууларда. Анан бүт мектеп ыраазы боло «агайга салам айта баргыла» деп коштошуп калчу. Мектептер эң биринчи агайды сурашчу, эң акырында агайга салам айтып узатышчу. Мындай жолугушууларга агай өзү да катышчу, анда сөзсүз агартуу тармагынын облустук, райондук жетекчилери биз менен жума бою кошо жүрүшчү.

Азыр көп тармактар кыйрап калды, талкаланды, тонолду, системалар өлдү. Бирок ушул билим берүү тармагынын бир топ жакшы нерселери дале жашап жатат, ал түгүл канаты кайрылса, жүнү жулунса да агайдын жетекчилигиндеги Кыргыз билим берүү институту көктө чабыттап учуп жүрөт, жем таап жеген бүркүттөй рынок менен алышып келет, ал түгүл имаратын да башкаларча менчикке чыгарып сатып ийбей кармап келатат. Бул үчүн, албетте, И.Бекбоев агайдын жеке аброю, бийик зоболосу, чынчылдыгы, чечкиндүүлүгү чоң роль ойнойт. Кыргызстандын мугалимдери аздыр-көптүр жардам алып жатса ошо жумушта бу кишинин көмөгү көрүнүктүү.

Агай башаты математик, ошол предметти мектепте окутуу боюнча адис. Бирок таланттуу инсан бир жактуу болбойт, ал киши педагогиканын бир тармагы бар, дидактика деген, ошол тармакта эчен муун мугалимдерге дарс окуган, китеп жазган, балким Москвада жашаса, же кыргызды кыргыз көтөрмөлөй билчү жакшы жагыбыз болсо илгеркиче айтканда бүткүл союздук маанидеги дидактик болмок, баарына бирдей окуу китебин орусча тамшандыра жазмак.

Исак агайдын ушунчалык көп убактысы жетекчиликке короду. Анан оңойбу, бир республиканын бүтүндөй билим берүү тармагын илимий-методикалык жактан жабдып туру ишин уюштуруу, ошол тармактагы министрликтин коллегия мүчөсү болуп келүү, 20дай илим докторлорун жана кандидаттарын «бешикке бөлөп» жетилтүү, илимдин бир тармагы боюнча диссертацияларды коргоо боюнча адистештирилген кеңештин төрагалыгын аркалоо. Ушунча кызмат кылуу өзү бир адамды карытмак, андан тышкары агай 130 эмгегине кирген 8 монографиясын, 20 окуу программасын, окуу китебин жазып салды. Бир бөлүмдүн, бир нече адамдын өмүрү корогудай ишти жалгыз бүтүрүп, бүтүргөндө да майын чыгара бүтүрүп койду. Соңку жылдарда ал кишинин жетекчилигинде жана түздөн-түз катыштыгы менен кыргыз мектептери үчүн математика окуулуктары жазылып келатат. Булардын бир артыкчылыгы - «кыргыз математикасы» түзүлгөндүгүндө, б.а. маселе-мисалдарга аймактык, кыргыздык өзгөчөлүктөр киргизгендикте, дүйнөлүк математикага «ала-тоолук», «кыргыздык» калпак кийгизгендикте. Бара-бара ар бир кыргыз китеби ушундай жол менен жаңыланууга жана улуттук жүзүн табууга тийиш. Демек, туура жол башталды, ошол жолдун башатында Исак агай турганы да бул иштин өтөлгөсүнөн жакшы чыгарыбызды үмүттөндүрөт.

XXI кылымда калкыбыз канчалык билимдүү болсо ошол үчүн биз, кыргыздар, биринчи кезекте Исак агайга милдеткер болобуз. Азыр агай жаңы муундагы кыргыз окуулуктарын түзүүнүн, жазуунун, басып чыгаруунун, балдарга жеткирүүнүн эң чоң программасынын үстүндө иштеген. А иштеген кишиге «Ишиңиз илгери болсун!» дейбиз.

Абдыкерим МУРАТОВ, адабиятчы

Залкар илимпоз, тубаса педагог, улуу устатыбыз Исак Бекбоевди жоктоо

Ак эмгегин эл-журтуна арнаган,

Талыкпаган залкар өттү дүйнөдөн.

Калыс болуп, баарын тегиз караган,

Океандай чалкар өттү дүйнөдөн.

Исак деген агай, устат, атасын

Жоктоп ыйлап, жамы кыргыз журт калды.

Бир кылымдык өмүр бир күн сезилбей,

Агай жүргөн борбор калаа бош калды.

Салабаттуу кадам таштап ар убак

Агай баскан жашыл бульвар бош калды.

Атакесин жоктоп, ыйлап, томсоруп,

Илим-билим үйү КАО бош калды.

Опол тоодой эмгек жасап элине,

Сый-урматка арзып нечен даңктанды.

Тирүүсүндө өзүнө тургузуп эстелик,

Агай эми өлбөстүккө аттанды.

Кайгырсак да, ыйласак да амал жок,

Жоготконду эми кайра табуу жок.

Ичер суусу, көрөр күнү түгөнсө,

Акка моюн сунбаска эч арга жок.

Алакан жайып жашыбыз да, карыбыз,

Куран окуп, бата тилейбиз баарыбыз.

Ыракматына алып Сизди Аллахым,

Жанаттын эң төрүнөн болсун жайыңыз.

Кош болуңуз, асыл Исак агайыбыз.

Батма Абдухамидова, КБАнын илимий кызматкери

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG