Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Мугалим жок - келечек жок


Мугалимдердин нааразылык акциясы. Польша.
Мугалимдердин нааразылык акциясы. Польша.

Окуу жылы башталып, билим берүү көйгөйлөрү көтөрүлө баштады. Бир жагынан мектеп имараты жетишпей, контейнерде окууга мажбур болсо, экинчи бир жагынан окуу китептери одоно каталар менен басылып чыгууда.

Азыр биз тандаганда катасы жок китеп эмес, катасы аз жана катасы көп китеп деп айтып калдык. Мурдагы министр да акыры кызматтан чегинүүгө мажбур болду. Жаңы министрди толгон токой маселелер күтүп турат. Бирок биз министр алмашса эле жашоо оңолуп, баары керемет болуп кетерин күтпөшүбүз керек.

Жаңы дайындалган кишиге командасы менен келип, жок дегенде үч жыл тер төгүп иштегенге мүмкүнчүлүк берүү керек. Депутаттар туугандарын, тааныштарын "ишке орноштуруп кой" дегенден алыс болуп, жаңы министрге командасын түзүп, колунан эмне иш келерин далилдегенге мүмкүнчүлүк берүү керек.

Билим берүү көйгөйлөрү көп, бирок жаңы министрге, деги эле өкмөткө бир маселе боюнча токтоло кетейин. Кыргыздын балдары дүйнөдө атаандаша ала турган деңгээлге жетүү үчүн 21-кылымдын талаптарына ылайык, сапаттуу билим алышы мугалимдердин сапаты менен түздөн-түз байланыштуу. "Мектептин деңгээли эч качан мугалимдин деңгээлинен жогору болбойт" деген аксиома бар. “Кадрлар баарын чечет” деген сөз билим берүү тармагы үчүн ар дайым актуалдуу.

Сапаттуу мугалим - сапаттуу билим алуунун кепили. Аны жогорку сапаттагы заманбап билими бар мугалимдер гана ишке ашырат. Биз сыяктуу калкы, табигый ресурсу аз өлкөлөрдүн (Сингапур, Финляндия, Эстония, Түштүк Корея) кыймылдаткыч күчү - мугалимдер болгонун изилдөөлөр тастыктап жатат. Бул өлкөлөр мугалимдин кесипкөйлүгүн түшүнүп, педагогика факультеттерине студенттерди тандоо, аларды мугалимдикке даярдоо жана алардын социалдык-экономикалык абалын кадыр-барктуу кылууга чара көрүшкөн.

Биздин өлкөдө да ар бир мугалим жогорку педагогикалык билимге жана жогорку квалификацияга ээ болушу кажет. Мугалим жалгыз гана окуучуга билим, тарбия бербестен жалпы улуттун келечегинин пайдубалын бекемдей турган негиз. Мугалим жок жерде жаркын келечекти кура турган күчтүү эл болбойт. Эркин өлкөнү - эркин ойлоно алган, билимдүү жарандар гана түптөйт. Ал эми эркин жаран болууга дал ушул мугалимдер үйрөтөт.

Сапаттуу мугалим менен камсыздай албагандан кийин мектеп же спорт зал салуунун зарылдыгы барбы? Өз ишин сүйгөн мугалим болгондо гана билимдүү, тарбиялуу, эркин ойлоно алган окуучулар чыгат. Технологияны, компьютерди колдонгон да, аны окуучуга үйрөтчү адам да акыр-аягы мугалим экенин унутпасак. Кээ бир мектептерге барганда мугалимдердин жөнөкөй компьютерди колдоно албаганына күбө болуп жатабыз.

Эгер мугалим жөнөкөй компьютерди колдоно албаса, информатика мугалиминин кадимки эле электрондук почтасы жок болсо, сиз ошол мугалимдин балаңызды мыкты окутарына ишенет белеңиз?

Орто мугалим баяндайт, жакшы мугалим түшүндүрөт, мыкты мугалим шыктандырат. Азыркы кезде мугалимдикке жөндөмү бары да, жогу да иштеп жатканы талашсыз. Мындан бир канча жыл мурда чыккан бир изилдөөдө Кыргызстандагы мугалимдердин 12% гана кесибин атайын тандап алганын белгилешсе, калганы ЖРТ баллы туура келгени үчүн, айыл жергесинде кыздарга башка бир жумуш мүмкүнчүлүгү болбогондуктан мугалимдикке окуганын белгилешкен.

Билим берүүдө дүйнөгө үлгү Финляндияда педагогикага факультеттерине тандоодо абитуриенттин бир эле академиялык ийгилигине эмес, анын командада иштей алганына, кесипке болгон энтузиазмына, киши менен мамиле түзө билген адамгерчилигине ж.б жеке сапаттарына карайт экен.

Сапаттуу мугалим болушу үчүн алгач мугалимдин статусун көтөрүү керек. Мугалимдин статусун Англияда жайгашкан "Varkey" фонду төмөндөгү факторлор менен өлчөнөрүн белгилейт:

* Мугалимдик кесипти башка кесиптер менен салыштыруу;

* Ата-энелердин балдарын мугалим болууга үндөп-үндөбөгөнү;

* Мугалимдердин социалдык абалы (кепилдиктери);

* Адамдардын мугалимдердин айлыгы тууралуу пикири;

* Мугалимдердин маянасы;

* Мугалимдин иш сааттары жана шарттары;

* Коомчулуктун мугалимдердин компетенттүүлүгүнө болгон ишеним деңгээли;

* Мугалимдик кесипке карата коомчулук тарабынан “талап” кылуусу;

* Мугалимдердин окуучулар тарабынан сый-урмат көрүүсүнүн деңгээли;

* Окуучуларды окутканына жараша айлык алып же албаганы.

Мугалимдин статусунун жогорулашы түздөн-түз окуучунун окуусуна таасир этери белгиленген [1]. Ушул эле изилдөөнүн бир бөлүмүндө мугалимдердин ишмердигин жакшыртуучу же мотивациясын арттыруунун жолдору катары төмөнкүлөр сунушталган:

* Мугалимге татыктуу айлык;

* Класстагы окуучулардын санын оптималдаштыруу;

* Мугалимдердин кесипкөйлүгүн арттыруучу тренинг/курстар;

* Мугалимге пландоого, сабакка даярдануусуна жана баалоого убакыт берүү;

* Мугалимдердин мыкты иштерин сыйлоо;

* Стандартташкан тестирлөөнү азайтуу;

* Жардамчы мугалим штатын берүү.

Кыргыз Республикасы бул сыяктуу изилдөөлөргө катышпагандыктан мугалимдерибиз менен окуучуларыбыздын абалын талдоого мүмкүн эмес. Субъективдүү болсо да мындай нерсени баамдаса болот. Күч органдарында иштегендердин минген машинасы, жашаган үйү менен мугалимдердин абалын салыштырганда картина ортого чыгат.

Андан тышкары Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) педагогикалык адистикке кабыл алынгандардын орточо баллы 124,4. 2017-жылы медициналык адистиктерге орточо 183,8 балл, техникалык адистиктерге 160 балл менен кабыл алынган. Мугалимдерибиздин орточо курагы 41-45 жаш.

Маселе ушундай болгондон кийин эмне кылыш керек? Албетте, мугалим даярдоо саясатын жолго салуу керек.

Мугалим даярдоо программаларынын стандарты жогорулашы абзел. Сингапур жана Финляндия ЖОЖдорундагы мугалим даярдоо программаларына жогорку стандарттарды коюп келет. Бул өлкөлөрдө мугалим болуу үчүн кандайдыр бир кыска убакыт аралыгында тездетилген/интенсивдүү курстарда окутуу аркылуу мугалимдик кесипти аркалаганга жол беришпейт. Себеби, мындай курстар педагогиканын теориялары жана клиникалык тажрыйбаны камтыбайт.

Ийгиликтүү билим берүү системаларын түптөй алган өлкөлөрдүн ар бири мыкты окуган жаштарга мугалимдикти - жашоосунун карьерасы катары тандоого түрткөн шарттарды түзүп бере алган. Бул өлкөлөрдө мугалимдер карьерасын мектепте берилгендик менен иштеп өткөрөт. Мындан сырткары, эл аралык перспективадан караганда мугалимдин статусу төмөндөгөн өлкөлөрдө мугалимдин сапаты жана мектептерди жакшыртуу боюнча иш-чаралар көпчүлүк күткөндөй жакшы натыйжа бербейт.

Азыр иштеп жаткан мугалимдер боюнча эл аралык изилдөөлөргө катышып же улуттук деңгээлде изилдөө жүргүзүү зарыл. Чындай келсе эң акыркы орунду алуудан да коркпош керек. Чыныгы абалды билүү үчүн бул абдан маанилүү кадам;

Педагогикалык ЖОЖду кайрадан калыптап, жаңы педагогдордун чет (англис) тилин билүү шартын коюп, мугалим даярдоо программаларын кайрадан түзүп, мамлекеттин каржылоосуна калтырып, калган мамлекеттик ЖОЖдорду менчиктештирүүгө деле берип салса болот;

Гранттарды приоритет катары мугалим даярдоого жумшоо;

Мугалимдин кесиптик статусун көтөрүү үчүн:

Мугалимдикти жана альтуризмди даңазалаган чыгармаларды мектеп программасына киргизүү. Мисалы Григорий Петровдун «Бир өлкөнүн өнүгүү сырлары (тарыхы)» китебиндеги агартуучу Снелман, же “Мыкты адам”, “Профессор Рачинский” чыгармаларын мектептик программага киргизүү;

Өкмөт октябрдан баштап мугалимдин айлыгын 30% көтөргөнү менен, статусту жогорулатпашы мүмкүн. Мугалимдердин маянасын өлкөдөгү орточо маянадан дайыма 30% жогору кармап туруу керек. Азыр мугалимдердин орточо айлыгы 13 миң 843 сом. Ал эми өлкөдөгү орточо айлык 16 миң 218 сом экенин эске алганда мугалимдин айлыгы орточо айлыктан төмөн.

Мугалимдердин соцфонд төлөмүн 10% түшүрүү, киреше салыгынан бошотуу. Күч органдарында иштегендер алган айлыгынан киреше салыгы төлөбөйт, социалдык төлөмдөрү да жок. Бирок мугалимдер 7 миң сом алабы 10 миң сом алабы 10% киреше салыгы төлөшөт жана социалдык төлөмдөрүн да калтырышпайт.

Мугалимдин ишмердигин текшерүүнү (инспекциялык) азайтуу. Финляндиядагыдай сынактар жана мектеп мугалимдерин инспекциялоо сыяктуу текшерүү процедураларына коротулган каражаттан 30 эсе көп каражат мугалимдерди кайра даярдоо жана кесиптик өнүгүүсүнө коротулат[2].

Коомчулуктун мугалимдердин компетенттүүлүгүнө ишеним деңгээли жогорулаганда текшерүүнүн да кажети калбайт;

Мугалимдердин окуучулар жана алардын ата-энелери тарабынан урматталып сыйланган сюжеттерди ЖМК аркылуу жайылтуу;

Класстагы окуучулардын санын (22-24) адамга ылайыктап оптималдаштыруу;

Мугалимге пландоого, сабакка даярдануусуна жана баалоого убакыт берүү;

Мугалимдердин мыкты иштерин сыйлоо; Мыкты мугалим сынактарында райондук, республикалык жеңүүчүлөрүн акчалай сыйлоо, айлыгын 30% арттыруу;

Жардамчы мугалим штатын киргизүү;

Эл аралык олимпиадалардан байгелүү орун алган окуучулардын мугалимдерине 5000 сом кошумча сыйлык берүү;

ЖРТдан 180 баллдан жогору балл алган педагогикалык факультеттин студенттерине 1-курска 1000, 2-курска 2000, 3-курска 3000, 4-курска 4000 сом стипендия берүү; ЖОЖдон англисче үйрөнүп чыккан мугалим, мамлекеттик мектепте иштебесе да жеке менчик мектепте иштегенге мүмкүнчүлүк туулат. Балким эл аралык мектепте же чет өлкөгө чыгып иштеши да мүмкүн. Мындайда жок дегенде жумуш күчүн экспорттоо ордуна мугалим экспорттогон буз. Филиппин өлкөсү буга мисал.

Англисче сабак өткөн (TOEFL 75 score, IELTS 6.5 score) мугалимдердин айлыгына 5000 сом кошумча төлөм киргизүү;

Жаш мугалимдин депозити системасын кайрадан ишке киргизүү;

Кыргыз мыйзамдары боюнча мугалимдер беш жылда бир квалификациясын жогорулатып, аттестациядан өтөт. 2018-жылы мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө 36 310 700 сом бөлүнгөн. Бир мугалим үчүн 434,16 сом же 6,22 АКШ доллары бөлүнгөн болот. Өнүккөн өлкөлөрдө бир мугалимдин бир жылдык кесиптик өнүгүүсүнө жылына 2000-4000 АКШ доллары бөлүнөт.

2018-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы квалификацияны жогорулатуу институтунан 5956 мугалим кваликациясын жогорулаткан [3]. Практикада эл аралык мектептердин кесиптик өнүгүүгө билим берүүгө бөлүнгөн бюджеттин 1,5-2% бөлүнүп келет [4]. Ал эми кыргыз мугалимдерге жалпы билим берүүгө бөлүнгөн акчадан (30 млрд. сом) 0,12% гана бөлүнөт. Анын сапаты өзүнчө маселе. Кесиптик өнүгүү курстары өтүүчү уюмдар контрактык негизде тендер аркылуу аныкталат. Азыркы 36 млн. сомду минимум 10 эсе көбөйтүү керек.

Жыйынтыктап айтканда, мугалим даярдоо, мугалимдерге кесиптик жактан колдоо көрсөтүү жана мугалимдик кесиптин кадыр-баркын көтөрүү саясатына өзгөчө көңүл буруу керек.

Мугалимдерге ишенип, аларды өз ишин мыкты билген кесипкөй адистер катары урматтамайынча, жигердүү жаштар бул кесипти тандаган күндө да баркталбаган жумуш шарттарын жактырбай баса бериши мүмкүн.

Билимбек: Мамлекетим мага окшош
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:39 0:00

Мугалимдик кесиптин статусу жогорулашы үчүн шыктандыруучу стимулдар (мотивациялык факторлорду) камтылышы керек. Иши менен байланышы жок болгон шарт-жагдайдан, мисалы көчөлөрдү шыпыртуудан, шайлоо, үгүт иштеринен мугалимдерди оолак тутуу кажет. Инспекциялык иштерди жана отчёт берүүсүн азайтуу керек. Сапаттуу мугалимдерди даярдамайынча, мекенибиздин келечеги жок.

[1] Global Teacher Survey, 2018. Varkey Foundation
[2] Паси Сальберг, Фин керемети 2.0: Фин мектебиндеги реформалардан дүйнө эмнени үйрөнө алат?
[4] School Finance and teacher quality,Exploring the connections, American Education Finance Association,2003

Бакытбек Абдуллаев

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG