Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Өкмөттү «өкчөгөн» контейнер мектеп


Өкмөт жыйындарынын бири.
Өкмөт жыйындарынын бири.

Кыргызстанда талкууга түшкөн акыркы окуялардын фонунда өкмөттүн ишине сын айткандар арбыды.

Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөттү сын-пикирдин бутасына айланткан маселелерге Нарындагы контейнер мектеп кошул-ташыл болду. Кулаганы турган мектепти өз убагында жаңылабаган өкмөт социалдык тармактардагы колдонуучулардын «каарына калды». Бул теманы жаңыдан каникулдан келген парламент депутаттарынын дээрлик көпчүлүгү көтөрүп, премьер-министрден жергиликтүү бийликке чейин сынга алышты. Маселен, депутат Жанарбек Акаев өкмөттүн эмне иш кылып жатканына кызыкты:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

«Нарындын Кеңеш айылындагы мектепке эл өзү акча чогултуп, курганы жатат. Ак-Талаада болсо жаштар чогулуп «Тоголок Молдонун үйүн оңдоп, музейин салабыз» дешсе, бизде өкмөт эмне кылат? Ушунун баарын өкмөт өзү колго алышы керек болчу!»

Депутаттар парламентте өкмөттүн жоопкерчилигин кароо боюнча талаптар күчөй баштаганын да айтышты.

Өкмөт мындай нааразылыктан оңой-олтоң кутулбай турганын түшүндү көрүнөт. Адегенде буга чейин коомчулукта көп сын айтылган билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кызматтан кетти. 5-сентябрда болсо өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов кызматтан кетүүгө арыз жазганы белгилүү болду.

Өкмөт Кеңештеги мектепти ашар жол менен салуу боюнча демилге көтөргөн жарандардын жардамынын баш тартып, жакын арада мектеп салынарына убада берди. Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алып, өкмөттүн ишин күчөтүүгө чакырды. Өлкө башчысынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Жээнбеков учурда өкмөттүн ишине тоскоол болчу шарт жок экенин айтып, жакшы иштөөгө үндөгөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.
Президент Сооронбай Жээнбеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Өкмөттүн иши үчүн өлкөдө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлиги өз ара конструктивдүү иштеп жатышат. Ошондуктан өкмөт иштеши гана керек. Башка талап жок», - деген Жээнбеков.

Президенттин мындай чакырыгын айрымдар «өкмөткө ишеним көрсөттү» десе, кээ бирлери аткаруу бийлигине берилген акыркы эскертүү катары баалап жатышат. Атап айтканда, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков өкмөттү «сүйөп-таяп» колдоп келген президент ал үчүн жоопкерчиликти сезип, акыркы жолу эскертти деген ойдо.

«Президенттин жоопкерчилиги эмнеде? - деди ал. - Президент «өкмөттү дагы бир жолу колдоп бергиле» деп Жогорку Кеңештин алдында суранып, өкмөт башчынын жарым жоопкерчилигин өзүнө алып алган. Ошондон кийин өлкө башчы өзү жоопкерчиликте болуп калып, «сен иштешиң гана керек, иштей албай жатасың» деп акыркы эскертүү берди окшойт».

Ал эми дагы бир депутат Акылбек Жапаров болсо өкмөттүн дарегине айтылган сын-пикирлерди жакындап келе жаткан парламенттик шайлоо менен байланыштырат. Ал эл көзүнө саясий упай топтогусу келген күчтөр ушундай жол менен өкмөттү кетирүүгө умтулушарын айтты:

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

«Бизде позиция бар, оппозиция бар. Азыр оппозициянын оюнда өкмөттү кызматтан кетирип, жаңы коалиция түзүү боюнча иш-аракеттер болуп жатат. Азыр «контейнерде окуп жатат» деп атышат, буга чейин деле балдар боз үйдө, чатырда окуган учурлар болуп келген. Быйыл эле 70ке жакын жаңы мектеп салынып, азыр 15и бүтүптүр. Жаңы жылга чейин калганы бүтөт. Ал эми Кыргызстанда өкмөттү кетирүүгө негиз жок болсо да, негиз пайда кылчу күчтөр көп эле. Бирок президент азыркы өкмөттү парламенттик шайлоого чейин алып барайын деген ою бар деп ойлойм».

Анткен менен акыркы кадрдык жүрүштөрдү бийликтин соңку кырдаалдан чыгуу аракети катары баалагандар бар. Жапониядагы кыргызстандык эксперт Даниел Кадырбеков бул жагдайда бийлик маселени чечүүнүн оңой жолуна качпай, системалуу өзгөрүү барбаса абал өзгөрбөй турганын билдирди:

Даниел Кадырбеков.
Даниел Кадырбеков.

«Бул саясат - биз СССРден алып калган, автократиялык өлкөлөрдүн стратегиясы. Кайсы бир чыңалуу болгондо системалуу өзгөртүүлөргө барбай, кайсы бир адамды күнөөлөп кетирип, абалды жөнгө салууга аракет кылышат. Бул кырдаалдан чыгуунун айласы эмес, көз боёмочулук. Муну менен маселе чечилбейт. Биздеги системалуу маселелерди өзгөртүп, президентке жаккан эмес, шайлоодо утуп келген тарап өз алдынча өкмөт түзүлмөйүн ушундай абал улана берет».

Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү 2018-жылдын апрель айында куралган. Андан бери бир катар министрлер кызматтан кетип, бир топ кадрдык өзгөрүүлөр болду. Ошол эле учурда өкмөттүн кызматтан кетиши жөнүндө бир нече жолу сөз болгон.

Президент Сооронбай Жээнбеков бийлик системасындагы туруктуулукту жактай турганын билдирген болчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG