Линктер

жекшемби, 22-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 10:38

Мугалим Адам болууга окутса...


1-июнь, 2016-жыл. Бишкек

Чыңгыз Айматовдун “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” чыгармасындагы уламышта Лувр өрдөгү топон суу каптаган жер бетинен кургак жер таппай, өзүнүн канатынан уя жасап, жумуртка тууйт эмеспи. Андан кургак жер пайда болот.

Аалам өзү урпактар үчүн жаратылган. Улам кийинки урпактардын жашашы үчүн. Жакшы жашашы үчүн. Адам болуп жашашы үчүн дүйнө бүткөн деп билем. Биздин кичинекей бирок улуу үмүттөрдү кучагына батырып жүргөн кооз жерибиз да биздин урпактар үчүн ата-бабаларыбыздан бери муундан-муунга өткөрүлүп келатат. Жолуккан адамдан сурап көрөлүчү. Эч ким “Сен ким үчүн жашайсың?” деген суроого “Өзүм үчүн” деп жооп бербесе керек. Балдарыбыз үчүн жашай турганыбызды бардык жерде айтабыз. Жакшы кесип тандашыбыз керек - балдарыбыз үчүн, жакшы акча табышыбыз керек - балдарыбыз үчүн, жакшы жумушка киришибиз керек - балдарыбыз үчүн, үй салышыбыз керек - балдарыбыз үчүн. Баласы, небереси, урпагы үчүн үч бирдей киши ошол чыгармада сууга боюн таштап, жаш балага жашоо калтырып кетишпедиби? Жер бетиндеги жандуунун баары тукум улоо үчүн жан үрөп жашап жатышат.

Мен да балдарыбыз үчүн мугалимдик кесипти тандадым. Бүгүн менин миңдеген балдарым бар. Ар бири керемет дүйнө. Мен ушулар үчүн жашайм! “Мугалимдикти кантип тандасын”, “Айлыгы эч нерсеге жетпейт”, “Балдарды окутуп башың чирийт экен да”. Ушундай кептерди далай уксам да, “агай” деген керемет сөзгө жашоомду байлап салгам. Мен эле эмес өлкөдөгү миңдеген мугалимдер тузу оор, наны таттуу, түйшүгү татаал бул кесипти сүйүп, жашап келатышат. Анткени бул кесип – биздин урпактардын таянычы.

Бүгүн дүйнө космосту багындырууну көздөп жатат. Компьютер аркылуу океандын аркы бетиндеги адам менен сүйлөшө алабыз. Бүгүн адамдын ишин кыла турган роботторду ойлоп табышты. Эмне деген алп аска тоолор адамга багынып, казылып, жепирейип баратат. Адам акылы менен ай да, жылдыздар да коюнун ачууда. Ушунун баары мугалимдердин аракети.

Болду! Жетет! Дүйнөнү эми адамдар мугалими жок да тааный берет. Биз АДАМ ЖАН ДҮЙНӨСҮН үйрөтүшүбүз керек. Бүгүнкү 21-кылымдын мугалиминдеги эң чоң милдет – адам таанытуу. Өтмүшүбүздү, келечекти адамдын жүрөгү, соккон илеби, деми, руху аркылуу таануунун мезгилинде жашап жатабыз. Боорукердик, сүйүү, таасирленүү, суктануу, аёо деген сезимдерди жер бетинде сактап калуу аракетин мугалимдер көрүүгө милдеттүү. Бүгүн этиштин чактарын, ээ менен баяндоочтун сан, жак боюнча ээрчишин, адабияттын теориясын, Сыдыкбековдун канчанчы жылы төрөлгөнүн эле үйрөткөн мугалим мугалим эмес. Бүгүн адам жүрөгүн, каалоосун, сезимин окуткан мугалим чыныгы мугалим.

“Ак кеме” повестиндеги бала балык болуп сүзүп кетет эмеспи. Кайран Чыңгыз аба, ишеними, үмүттөрү талкаланган каарманын аяп, сууга сүздүрүп жибериптир. Таятасынын бугуга кол салып жатканын көргөн бала кийин чоңойгондо адамга деле кыйналбай кол салган бала болмок чыгаар. “Адам өмүрү ыйык” десең, - “Таятам да бугуну ыйык дээр эле, бирок ал мени алдаптыр” деп айтмактыр.

Бүгүн мен иштеген мектепте миңдеген каармандар окуйт. Алардын ар бири “Ак кемедеги” баладай назик сезимдерди багып жүрөт. Аларды алдаганга мүмкүн эмес. Эл, Мекен, Ата Журт, Ата Эне ыйык экенин айтып, өзүбүз да аны ыйык тутуубуз керек.
Бир китептен мугалими тууралуу жазылган акындын эки сабын окудум эле.

Сыдыковдун лекциясын уккандар,
Ата Журтка чыккынчылык кылышпайт.

Демек, биз окуткан балдар Мекенге чыккынчылык кылбашы керек. Биз ал үчүн жооптуубуз. Мен зат атоочту өтүп жатып да, “кечирим”, “адамгерчилик”, “намыс”, “акыл”, “максат”, “тилек” деген абстрактуу зат атоочтор бар экенин, ал сөздөрдүн маанилери Мариан чуңкурунан да терең, Эверестин чокусунан да бийик экенин түшүндүрүп отурушум керек. Такалбай, шар, эркин сүйлөгөнгө үйрөтүп жатып, жалаң жакшы сөздөрдү, дилге, жүрөккө жакын сөздөрдү сүйлөөгө үйрөтүүм абзел. Мен “Алтын балык” жомогунан ачкөздүктүн, “Иттин доолдай тиктирем дегени” тамсилинен жалкоолуктун кесепетин көрсөтүп отурушум керек. Айтматовдун ааламы аркылуу жандүйнөнүн каршылыктарын, кемчиликтерди кечире билүүнү, “Манастагы” Каныкейдин образы менен аял затынын бүгүнкү доордогу ордун, миссиясын айтууга милдеттүүмүн.

Бүгүн адамзаттын жашоо жолу иш-үй-иш болуп, “механикалык жашоого” айланып баратканда балдарды айлана-тегерекке көз салууга тарбиялап алуу талабы турат. Биздин окуучулар биз окуткан илим-билим, булар адамзат жашоосу экенин аңдашы керек.

Менин педогогикалык философиям ушундай!

Мен мугалиммин

Окуткан, окуттурган,

Азга да топук кылган,

Жакшыга эшик ачып,

Жамандан тосуп турган

Мекенге ар жыл сайын,

Мекенчил уул-кыздарды кошуп турган

Мен мугалиммин!

Мезгилди ызаттаган,

Мерчемден түз аттаган.

Өлкөнүн тагдыры үчүн,

Мөмөлөп бутактаган,

Бакыттын даамын сезип,

Балдарды жакшы көрүп кучактаган,

Мен мугалиммин!

Кабылдуу бата болгон,

Кайтарган ката жолдон,

Келечек күндү ойлоп,

Кейиген, капа болгон.

Мээримин аябастан

Мектепте окуучуга,апа да, ата болгон

Мен мугалиммин!

Жумушту адат кылган,

Турмушту санат кылган.

Өзү эмес окуучуга,

Бийикти самап турган,

Учуруп шумкарларын,

Кайра өзү суктанып карап турган

Мен мугалиммин!

Күн нурун тартып көктөн,

Мээримин жаркып төккөн.

Үй-бүлө, мектеп жүгүн,

Үзүрлүү тартып кеткен,

Эреркеп, кубанып да,

Агайым деген сөзгө балкып кеткен

Мен мугалиммин!

Мен мугалиммин!

Жашоону сүйүп турган,

Булактай ийип турган,

Татына мугалимдин,

Күрмөсүн кийип турган,

Жөнөкөй жашоосу бар,

Максаты бардыгынан бийик турган

Мен мугалиммин!

Улукбек Омокеев, блогер

Пикирлерди көрүңүз (10)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG