Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:30

Мугалимдин айлыгы: шек санаган адис


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Чүй облусунун Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси мугалимдерге бериле турган кошумча акы төлөмдөр коррупциялык жолдор менен желип кеткени тууралуу айтып чыгып, укук коргоо органдарына арыз жазды.

Айгүл Султаналиева Панфилов райондук билим берүү бөлүмүндө 2014-жылдан ушул жылдын март айына чейин башкы адис болуп иштеген. Өткөн жылы ал бөлүмдү убактылуу эки айга жетектеген. Ошол маалда мыйзамсыз иштерди байкаганын айтууда.

Ал "Дем берүүчү фонддон" үнөмдөлгөн акчаны бөлүм өзүнө кайтарып алат деп күмөн санайт:

Айгүл Султаналиева
Айгүл Султаналиева

"Мугалимдердин айлыгы бир жылда алдын ала бекитилет. Ар биринин банктык эсебине айлыгы жана кошумча акысы которулат. Ошол акчадан ашканы үнөмдөлүп арткан акча мектеп директорлорунун эсебине түшөт. Бирок ал акча директордун колуна тийбейт, кайра эле билим берүү бөлүмүнө келип жатат. Айрым директорлор менен сүйлөшүп көрдүм. Алар жүз миңден ашык суммадагы акчаны эсебинен чыгарып беришкенин айтышты. Акча мугалимдердин айлыгынан үнөмдөлгөн болушу мүмкүн".

Айгүл Султаналиева айлык акыны бөлүштүрүү боюнча документтерди топтоп Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Ушул тапта башкармалыктын бухгалтери иштен алынып, 155-берененин 2-бөлүгү ("Шылуундук") боюнча кылмыш иши козголгон.

Султаналиева арыз жазган күндөн тарта кысымга кабылып, көп узабай иштен алынганын айтууда. Буга макул болбогон адис мекеме жетекчилигин сотко берген:

Айнура Султаналиева.
Айнура Султаналиева.

​"Жумушта кесиптештердин мамилеси өзгөрдү. Кабинетимди жаап коюшуп, эки ай принтеримди иштетишкен жок. Эч ким мени менен сүйлөшпөй калды. Ошондо чыдабай иштен кетүүгө арыз жаздым. Бирок ошол эле күнү арызымды кайтарып алгам. Эмгек кодексине ылайык 14 күн ичинде арызымды кайтарып алууга укугум бар десем, "сени менен иштеше албайм" деп макул болбой койду. Эки айдан бери ордум бош турат. Эми сот аркылуу өз чындыгымды далилдегим келет".

Чүй облусунун Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси болуп өткөн жылдын декабрь айында Бахтияр Ашыкеев дайындалган. Аны менен байланышканыбызда, комментарий берүүдөн баш тартты.

Бул райондогу билим берүү бөлүмүнө 25 мектеп карайт. Мугалимдерди ишке орноштуруу милдети да ушул мекемеге жүктөлгөн. Ал эми айлык акыны бөлүмдүн борборлоштурулган бухгалтери бөлүштүрөт.

Айгүл Султаналиева менен кошо мыйзамсыз акча бөлүштүрүү тууралуу шек санаган алты мектептин директору укук коргоо органдарына түшүнүк кат жазышкан.

Алардын бири Чынара Нуржанова эсебине түшкөн 100 миң сомду мекеменин бухгалтерине кайтарып бергенин ырастады. Ал айлык акыга кошумча бериле турган фонддун акчасы тууралуу алдын ала билбегенин, андан үнөмдөлгөн акча тууралуу кабары жоктугун да кошумчалады:

"Айлыктан, кошумча акыдан сырткары ар бир мектеп директоруна чоң өлчөмдөгү суммалар түшүп турчу экен. Мен аны кийин уктум. Бирок директорлор коркуп айтпай жатат. Акчаны бир жылда бир эсепке түшкөндөн кийин алып барып берчүбүз. Мен 2017-жылы 100 миң сом бергем. Ошондо эле "муну эмнеге бизге салып жатасыңар, мыйзамсыз эмеспи?" десем, "өзүбүз жооп беребиз" дешкен. 2018-жылы макул болгон жокмун. 150 миңден 400 миң сомго чейин өткөрүп берген директорлор да бар экен".

Билим берүү министрлигинин расмий маалыматына караганда Панфилов районуна караган 25 мектептин бир жылдык айлык бюджети 146 миллион сомду түзөт.

Министрлик борборлоштурулган бухгалтерлерге ушул сумманын алкагында ай сайын мугалимдердин айлык акысы жана мектептердин кем-карчы үчүн каражат бөлөт.

2011-жылы кабыл алынган өкмөттүн 8-токтомуна ылайык мугалимдердин маянасынан сырткары алардын ишине, балдардын сабакка катышканына, мугалимдин олимпиадага окуучуларды алып барганы сыяктуу иштерге "Дем берүүчү фонддон" үч ай сайын акча бөлүнөт.

Кайсы мугалимге кошумча акы төлөнөрүн ар бир мектепте түзүлгөн методикалык топ чечип, акча мугалимдин эсебине которулат. Мындан улам министрликтин бюджетти бөлүштүрүү боюнча адиси Акыйкат Баймуратова директорлордун эсебине олчойгон суммадагы акча түшүшү мүмкүн эмес деди:

"Ар бир мугалим жана директорлорго айлык акы өз-өзүнчө түшөт. Бир директорго "акчаны бөлүп кой" деп акча берилбеши керек. Бизде андай нерсе жок. Ошол эле маалда үнөмдөлгөн акча кайтарылып берилбейт. Ал эми кошумча акы мугалимдин айлыгы, иштеген ишине жараша эсептелет. Министрлик бир жылга алдын ала бюджетти аныктап, ошого ылайык акчаны бөлүштүрөт. Каражат ар бир аймактагы борборлошторулган бухгалтерлер аркылуу ишке ашат. Бул нерсе бизге да кызык. Бирок биз тергөө иштери бүткөндөн кийин гана кийлигишип, тактай алабыз".

Мугалимдердин маянасын көтөрүү демилгеси буга чейин бир канча жолу козголуп келген. Бир ай мурда президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын сентябрынан тарта мугалимдердин айлыгы көтөрүлө турганын билдирген.

Мурдагы билим берүү министри Каныбек Осмоналиев айлыкты көтөрүү маселеси системалык иш экенин айтып, айлык бөлүштүрүү коррупцияга жол ачып бергенин билдирди:

Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

​"Мына ушул кошумча акы төлөө системасы коррупцияга жол ачып берет. Анда аны ишке ашыруу боюнча жылчык көп. 2015-жылы шайлоонун алдында айлык бир көтөрүлдү. Эми 2019-жылы эмне себептен улам айлык маселеси көтөрүлүп жатканын түшүнүп турам. Мен система тууралуу айткым келет. Орусияда акыркы беш жылда мугалимдердин айлыгы тогуз эсе көтөрүлдү. Себеби булар системалуу иштеп жатат. Мурда Осмоналиев иштеп кетти эле, эми Кудайбергенова, эртең дагы бирөө келет деп аларды укпайт. Ушунун баары саясий бийликке кедергесин тийгизип, орто жолдо мугалимдер жабыркап жатат".

Айгүл Султаналиева жогорудагы окуя боюнча облустук прокуратурага, экономикалык кылмыштарга каршы кызматка да арыз жазган. Ал эми аны кызмат ордуна калыбына келтирүү боюнча соттук процесс 3-июнга белгиленген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG