Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 04:32

Апта: мечит менен мектептин чуусу


Нарын облусунун Кеңеш айылындагы контейнер мектеп, 2-сентябрь, 2019-жыл.

Узап бараткан аптанын урунттуу окуяларына сереп (2-8-сентябрь, 2019-жыл).

Мечитке корогон акчанын изи

Бишкек шаарынын 7-кичирайонуна мурдагы президент Алмазбек Атамбаев салдырган «7-апрель шейиттери» мечитине байланыштуу териштирүү башталды.

Башында бул мечит камакка коюлганы тууралуу маалымат чыккан. Бирок Башкы прокуратуранын басма сөз өкүлү Жаркынай Азиева мындай кабарды төгүндөдү. Ал ушул тушта мечит кайсы акчага, кимдин каражатына салынганы иликтенип жатканын билдирди:

«Алмазбек Атамбаевдин коррупциялык жосундары боюнча тергелип жаткан кылмыш иштеринин алкагында, Бишкек шаарынын 7-кичирайонунда жайгашкан «7-апрель шейиттери» мечити А. Атамбаевдин каражатына курулганы аныкталган. Бишкек шаарынын Юнусалиев 173/1 дарегинде жайгашкан 1 гектар жер тилкеси А. Атамбаевге таандык «Форум» илимий-өндүрүш фирмасы» ЖЧКга катталган. Ошону менен бирге, аталган мечит камакка коюлбаганын белгилейбиз. Мечиттин ишмердүүлүгү эч кандай чектелген эмес. Учурда тергөө тарабынан А.Атамбаевдин мечитти курууга сарпталган акча каражатынын булагын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө».

«7-апрель шейиттери» мечити быйыл жазында ачылган. Анда Алмазбек Атамбаев мечитти курууга жоро-жолдоштору каралашканын ачыкка чыгарган, бирок ал достору тууралуу кенен-чонон айтып берген эмес.

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

«Мечитке берилген жер менин менчигимде 25 жылдан ашык турду. Муну да «мамлекеттин жерин берип койду» деп айтып чыгышпасын. Мечиттин айланасындагы гранит Ала-Тоо аянтынан келген эмес. Аны жаңы тилдирип, досторум аркылуу алып келгем. 1989-жылы фирма ачтым. Ошондон бери менде мындай жерлерден Бишкекте гектар-гектар болчу», - деген эле Атамбаев.

Бул мечит Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Анын ичине беш миңге чейин адам батары, жери эки гектар экени айтылган.

Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш ишинин негизинде анын ондогон мүлкү, банктагы эсептери, активдери камакка алынганын кабарлаган. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина муну айыптады:

«Алмазбек Атамбаевдин банк эсептерин жана турак жайын камакка алышты. Эмне, анын аялы балдары менен көчөдө жашашы керекпи? Атамбаевге коюлган айыптар боюнча бийликте бир да далил жок».

Сот Атамбаевди үй камагына чыгарган жок

Ал арада Алмазбек Атамбаевдин абактагы мөөнөтү узарды. Бишкек шаардык соту мурдагы президентти үй камагына чыгаруу жана анын кармалышын мыйзамсыз деп табуу боюнча адвокаттардын апелляциялык арыздарын канааттандырган жок. Чечимге ылайык, Атамбаев 26-октябрга чейин камакта болот.

Эки соттук жараян тең буга чейинкилердей эле УКМКда жабык өттү жана адвокаттарынан башка эч ким киргизилген жок. Ага чейин абактагы Атамбаевге анын саясий санаалаштары - Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина жана Карамат Орозова кирип чыгышкан. Орозова мурдагы президенттин соттору УКМКда өтүп жатканын мыйзамсыз деп баалады:

Карамат Орозова.
Карамат Орозова.

«Алмазбек Шаршенович мыйзамсыз кармалганын айтып жатат. Муну юристтер эле эмес, коомчулук деле сөз кылууда. Адвокаттар арыз жазганы менен сот аны бүгүн канааттандырган жок. Андан тышкары сот процесси сот залында өтүшү керек. Бул тартип да бузулуп атат. Мамлекет мыйзам талаасынан чыгып баратканы абдан өкүнүчтүү».

Экс-депутат, Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов Атамбаевге байланыштуу көчмө соттук жыйындар тууралуу «Азаттыкка» комментарий берди. Ал мындай тажрыйба кеңири эле колдонуларын белгиледи:

Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

«Биринчи кезекте шектүү адамдын өздүгү эске алынат. Анын коомго, айлана-чөйрөдөгүлөргө коркунучу барбы-жокпу, талданат. Себеби анын айынан коомдогу абалдын туруктуулугу бузулуп, анын тарапкерлери араң турган бейпилдикке жик кетирип коюшу мүмкүн. Ошондуктан бул чаралар туура эле. Анткени сот азыр Алмазбек Атамбаевдин кылмыш ишин караган жок да. Азыр болгону бөгөт чарасы каралып атат. Соттун көчмө жыйыны биринчи кезекте Атамбаевдин өзүнүн коопсуздугу үчүн, экинчиден, элдин коопсуздугу үчүн уюштурулууда».

Алмазбек Атамбаев өткөн айда күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Башкы прокуратура Атамбаевге бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айып койгон. Мурдагы президент муну саясий куугунтук катары баалап, тергөө менен кызматташуудан караманча баш тарткан.

Контейнер мектеп, актанган өкмөт

Бул аптада кыргыз өкмөтү контейнер мектепке байланыштуу коомчулуктун катуу сынына кабылып, актанууга аргасыз болду. Өкмөт атайын маалымат таратып, Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Кеңеш айылында контейнер мектептин ордуна жаңысы эмдиги жылдан тартып курула баштай турганына ишендирүүгө аракет кылды.

«Белгилүү болгондой, көп жылдар бою жаңы мектептерди жана бала бакчаларды куруу маселесине тийиштүү көңүл бурулбай келген. Учурда бул маселеге өзгөчө маани берилип жатат. Жарандык активисттерге жаңы мектеп куруш үчүн каражат топтоо тууралуу демилгеси үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бирок Кыргыз Республикасынын өкмөтү Нарын облусунун Кеңеш айылында орто мектеп куруу маселесин чечет. Нарын облусунун Кеңеш айылындагы орто мектептин курулушу боюнча долбоордук-сметалык иш кагаздары даяр жана 2020-жылдын планына киргизилген. Кыргыз Республикасынын өкмөтү өзүнүн алдына жакынкы жылдары авариялык абалдагы мектептер маселесин толук чечүү милдетин койгон. Коюлган максатка жетиш үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө», деп жазылат өкмөт тараткан билдирүүдө.

Бул жумада вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өкмөт башчынын тапшырмасы менен Нарынга барып, контейнер мектеби бар айылда да болду.

Кеңеш айылындагы «мобилдүү мектептер».
Кеңеш айылындагы «мобилдүү мектептер».

Акыйкатчы институту айылдагы бул «мобилдүү мектепке» мониторинг жүргүздү. Мекеме тараткан маалыматта окуучулар 20 тонналык беш контейнерде билим алып, алтынчы контейнер мугалимдер бөлмөсү катары жабдылганы айтылат. Бирок ичи өтө тар болгондуктан башталгыч класстардын 15-16 гана окуучусу араң батат. Эгер жогорку класстын окуучулары окуп калышса парталарга, отургучтарга батпай, окуу ыӊгайсыз болот. Күн ысыкта үп болуп, аба жетишпей, күн суукта ичи муздайт.

«Балдарды контейнерде окутуу аргасыздан болгон аракеттер деп баалоого болот. Жогорудагыларга байланыштуу Акыйкатчынын аппараты өкмөт бул маселени токтоосуз түрдө чечип, Кеңеш айылында 200 окуучуга эсептелген типтүү, заманбап үлгүдөгү мектептин курулушун башташы зарыл деп эсептейт», деп айтылат маалыматта.

Контейнер мектеп айрыкча социалдык тармактарда түрдүү шакаба-какшыкка да жем таштады. Кыргызстандагы темир мектеп тууралуу бир катар салабаттуу эл аралык басылмалар сөз кылышты. Аргасыз атактуу болгон бул мектепте жалпысынан 21 мугалим иштейт. Окуучулардын саны болсо 150дөн ашат.

Жээнбеков менен Абылгазиев жолукту

Президент Сооронбай Жээнбеков 4-сентябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алды. Президенттин басма сөз кызматы жолугушуу тууралуу учкай маалымат таратты. Анда Жээнбеков өкмөттүн ишин күчөтүүгө чакырганы айтылат. Ошондой эле президент учурда өкмөттүн ишине тоскоол болчу жагдайлар жок экенин белгилеген.

«Өкмөттүн иши үчүн өлкөдө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлиги өз ара конструктивдүү иштеп жатышат. Ошондуктан өкмөт иштеши гана керек. Башка талап жок», - деген Жээнбеков.

Президенттин мындай чакырыгы ар кандай талданып жатат. Кээ бирлеринин пикиринде, Жээнбеков сын-дооматтан арыла албай жаткан азыркы өкмөткө дагы бир жолу «ишеним көрсөттү», айрымдары муну акыркы эскертүү катары да кабыл алышты. Мисалы, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

«Президенттин жоопкерчилиги эмнеде? Президент «өкмөттү дагы бир жолу колдоп бергиле» деп Жогорку Кеңештин алдында суранып, өкмөт башчынын жарым жоопкерчилигин өзүнө алып алган. Ошондон кийин өлкө башчы өзү жоопкерчиликте болуп калып, «сен иштешиң гана керек, иштей албай жатасың» деп акыркы эскертүү берди окшойт», - деп чечмеледи.

Контейнер мектеп тууралуу жайкы тыныгуудан кийинки Жогорку Кеңештин алгачкы жыйынында сөз болду. Анда өкмөткө нааразылык күчөп баратканы, жоопкерчилигин кароо боюнча талаптар көбөйгөнү белгиленди. Депутат Жанарбек Акаев өкмөттү «шалаакы» деп сындады:

«Нарындын Кеңеш айылындагы мектепке эл өзү акча чогултуп, курганы жатат. Ак-Талаада болсо жаштар чогулуп «Тоголок Молдонун үйүн оңдоп, музейин салабыз» дешсе, бизде өкмөт эмне кылат? Ушунун баарын өкмөт өзү колго алышы керек болчу!»

«Бир Бол» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров болсо өкмөттүн дарегине айтылган сынды жакындап келе жаткан парламенттик шайлоо менен байланыштырды. Анын пикиринде, эл көзүнө саясий упай топтогусу келген күчтөр учурдан пайдаланып өкмөттү кетиргиси келет.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

«Бизде позиция бар, оппозиция бар, - деди ал. - Азыр оппозициянын оюнда өкмөттү кызматтан кетирип, жаңы коалиция түзүү боюнча иш-аракеттер болуп жатат. Азыр «контейнерде окуп жатат» деп атышат, буга чейин деле балдар боз үйдө, чатырда окуган учурлар болуп келген. Быйыл эле 70ке жакын жаңы мектеп салынып, азыр 15и бүтүптүр. Жаңы жылга чейин калганы бүтөт. Ал эми Кыргызстанда өкмөттү кетирүүгө негиз жок болсо да, негиз пайда кылчу күчтөр көп эле. Бирок президент азыркы өкмөттү парламенттик шайлоого чейин алып барайын деген ою бар деп ойлойм».

Өкмөттөгү кадр алмашуу

Контейнер мектептен чыккан талаш-талкуу күчөп турган шартта билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кызматтан бошоду. Президенттин басма сөз кызматы Кудайбердиева өзү арыз жазганын билдирди.

Ал кызматта турганда ката менен басылып чыккан окуу китептерине, айрым документтерге байланыштуу сынга кабылып келди. Тендерге байланыштуу ызы-чууда аты аталды. Мунун алдында Башкы прокуратура кенже класстардын окуучуларынын «Математика» китептерин сатып алууда бул министрликтин жооптуу кызматкерлери мыйзам бузууга жол бергенин билдирген. Тендерге байланыштуу экс-министр Гүлмира Кудайбердиеванын жоопкерчилиги каралабы же жокпу, азырынча белгисиз.

Бул аптада өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов да өзү жазган арыздын негизинде иштен бошоду. Анын иштен кетишин контейнер мектеп, Солтон-Сары кениндеги чыр менен байланыштырып жатышкан кезде ал тескерисинче кызматтан жогорулаганы белгилүү болду. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аны Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары кылып дайындады.

Өкмөттөгү соңку кадрдык алмашууну бийликтин азыркы кыйчалыш кырдаалдан чыгуу аракети катары баалагандар бар. Жапониядагы кыргызстандык эксперт Даниел Кадырбеков бул жагдайда бийлик маселени чечүүнүн оңой жолуна качпай, системалуу өзгөрүү барбаса абал өзгөрбөй турганын билдирди:

Даниел Кадырбеков.
Даниел Кадырбеков.

«Бул саясат - биз СССРден алып калган, автократиялык өлкөлөрдүн стратегиясы. Кайсы бир чыңалуу болгондо системалуу өзгөртүүлөргө барбай, кайсы бир адамды күнөөлөп кетирип, абалды жөнгө салууга аракет кылышат. Бул кырдаалдан чыгуунун айласы эмес, көз боёмочулук. Муну менен маселе чечилбейт. Биздеги системалуу маселелерди өзгөртүп, президентке жаккан эмес, шайлоодо утуп келген тарап өз алдынча өкмөт түзүлмөйүн ушундай абал улана берет».

Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөт былтыр апрель айында түзүлгөн. Андан бери бир катар министрлер кызматтан кетип, бир топ кадрдык өзгөрүүлөр болду. Өкмөттүн кызматтан кетиши тууралуу да бир канча жолу маселе көтөрүлдү. Ошого байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков бул өкмөттү ачык колдогон. Ал бийлик системасындагы туруктуулукту жактай турганын билдирген болчу.

Киев менен Москва туткун алмашты

Украина менен Орусия 7-августта туткундарды алмашты. Алмашуу жараяны 35-35 деген форматта өттү, тактап айтканда, тараптар бири-бирине 35тен адамды өткөрүп берди. Украинанын президенти Владимир Зеленский украин абактарында жазасын өтөп жаткан 16 адамга ырайым кылды. Алардын үчөө аялдар.

Киев Москвага өткөрүп берген адамдардын арасында мамлекеттик чыккынчылык боюнча айыпталган, «РИА Новости» агенттигинин украиналык бөлүмүнүн башкы редактору Кирилл Вышинский, ошондой эле Украинанын чыгышындагы жикчилдердин куралдуу күчтөрүнүн командири атыккан Владимир Цемах бар.

Мунун алдында Владимир Путин сот өкүмү чыгып, жазасын абакта өтөп жаткан 11 украин жаранына ырайым кылганы маалым болгон. Алардын арасында Орусия аннексиялаган Крымда «теракт уюштурууга аракет кылган» деген айып менен 20 жылга эркинен ажыратылган режиссёр Олег Сенцов да бар. Москва бошоткон 35 адамдын 24ү украин деңиз аскерлери.

Орусиянын түрмөсүнөн бошотулгандарды украин президенти Владимир Зеленский өзү тосуп алды.
Орусиянын түрмөсүнөн бошотулгандарды украин президенти Владимир Зеленский өзү тосуп алды.

Туткундарды Киевдеги «Борисполь» аэропортунан алардын тууган-уругу, жакындары менен кошо Украинанын президенти Владимир Зеленский баштаган аткаминерлер тосуп алышты. Анда Зеленский бул туткундарды алмашуунун алгачкы гана этабы экенин айтып, Орусияда, анын ичинде Крымда абактарда отурган жарандарынын баарын алып келүүгө убада берди. Ошондой эле согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр уланарын билдирди:

Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

«Менимче, биринчи этап ишке ашты. Мен, Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Орусиянын президенти Владимир Путин берген убадабыздын баарын аткардык. Биз экинчи этапта олуттуу иштейбиз жана жарандарыбыздын баарын бошотуп алабыз. Анткени биздин көп адамдарыбыз Крымда. Сөз жылдар жөнүндө болбошу керек. Биз муну тезирээк, жакын арада ишке ашырууну каалайбыз. Биз кыялданабыз жана иштейбиз».

Москванын «Внуково» аэропортуна конгон туткундарга коопсуздук кызматынын өкүлдөрү дээрлик эч кимди жолотушкан жок. Журналисттер аба майданынын дарбазасынын оозунда күтүп турушту. Аба майданына Киев бошоткон жарандардын жакындары да келген жок. Туткундардын көбүн эки автобуска салып алып кетишти. Ал эми «РИА Новостинин» Украинадагы бөлүмүнүн башкы редактору Кирилл Вышинский учактан түшөрү менен теле алып баруучу Дмитрий Киселовдун машинесине отурду.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин туткундарга байланыштуу Владивостокто Чыгыш экономикалык форумунда комментарий берген. Анда туткундарды алмашуу «көлөмдүү жараян» экенин белгилеп, эки өлкөнүн алака-катышын калыбына келтирүүдө ал «жакшы кадам» болорун айткан:

Владимир Путин.
Владимир Путин.

«Айрым бир адамдарга байланыштуу чечим кабыл алуу биз үчүн кыйын эле болду. Бирок биз туткундарды алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдө гумандуулукка басым жасап жатабыз. Тарыхый өңүттөн алып караганда биз сөзсүз алака-катышыбызды оңдойбуз, андай болбой калышы мүмкүн эмес. Биз бир элдин эки бөлүгүбүз. Мен бул тууралуу бир канча жолу айткам. Бул Украинынын азыркы жетекчилигинен көз каранды».

Киев менен Москва өткөн айдан тартып туткундарды алмашуу боюнча батыл сүйлөшө баштаган. Буга чейин жараян 1-сентябрга чейин ишке ашары кабарланган, бирок анда туткундар алмаштырылган эмес.

Украина Орусия жалпысынан 150 жаранын мыйзамсыз камап отурганын билдирген. Орусия өзүндөгү туткундарды кимдерге алмашкысы келерин ачык айткан эмес.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (31)

XS
SM
MD
LG