Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:25

Билим берүү министри кызматтан кетти


Гүлмира Кудайбердиева.
Гүлмира Кудайбердиева.

Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчысынын басма сөз кызматы кабарлады. Андан алынган маалыматка ылайык, Кудайбердиева кызматтан кетүү боюнча өзү арыз жазган.

Кудайбердиева 2016-жылдан бери министр катары эмгектенип келген. Ал башкарып турган учурда басылып чыккан окуу китебиндеги, айрым документтердеги каталар, тендерге байланыштуу бир топ сын-пикирлер айтылып келген. Акыркы жолу Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулардын контейнерде окуп жатышы коомчулукта абдан чоң талкууну жараткан.

Контейнерде кагылган коңгуроо
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:39 0:00


Ага чейин айрым басмакана ээлери Билим берүү министрлигиндеги окуу китебин басып чыгаруу тендериндеги коррупциялык элементтерге жол берген одоно мыйзам бузуу тууралуу даттанышкан. Мындан көп өтпөй Башкы прокуратура 1-2-класстар үчүн «Математика» китептерин сатып алууда Билим берүү жана илим министрлигинин жооптуу кызматкерлери бир нече мыйзам бузууга жол беришкенин билдирген.

Кызматтан кеткен министрдин ишине коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда. Мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиев министр Гүлмира Кудайбердиеванын кызматтан кетиши боюнча «Азаттыкка» комментарий берди. Ал эгемен Кыргызстандын тарыхында далай өкмөт башчы кылган ишине жооп бербей кеткенин белгилеп, билим берүү жана илим министринин иштен кеткенин да ошонун бир элементи катары баалады:

Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

«Финансылык каражаттарды 2010-жылдан бери каалаганча майкандап, жыйынтыгында жаңы курулган мектептен жок, сапаттуу китептен жок, техникалык каражаттан жок, эч нерсеге жооп бербей кетип атышат. Моралдык жоопкерчиликти да сезишпейт. Эгер министр «эртең жооп берип калам» деген ой менен жашаса мындай алешемдикке барбайт элек. Эми жаңы келген министрдин иштешине, реформа жасашына кыйын болуп калды. Анткени система толук талкаланган».

Осмоналиев кийинки министр өзү да, башканы да жедирбеген, эрки күчтүү, билим берүүнүн катуу күйөрманы болушу керек деп эсептейт.

Бирок дегеле билим берүү тармагы абдан татаал, жоопкерчиликтүү багыт экенин жүйө келтиргендер да бар. Башкаруу академиясынын ректору, саясат таануучу Алмазбек Акматалиев Гүлмира Кудайбердиева чоң тармакты башкарып, жакшыбы-жаманбы аракет кылды деп эсептейт.

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

«Министр болуп, өкмөттүн мүчөсү болуп иштөө бүгүнкү заманда өтө татаал, - деди ал. - Министрдин колунда деле мүмкүнчүлүк азыраак. Президент, өкмөт, коом тарабынан да көзөмөл күчтүү. Гүлмира Кудайбердиева үч жыл чоң тармакты жетектеди. Жаманбы-жакшыбы аракет кылды. Сын жалгыз эле бул министрге эмес, башкаларга да болуп жатат. Ага карата жүйөлүү да, жүйөсү жок да сын болду. Бирок ал кишинин өз арызы менен кеткен чечимин да сыйлашыбыз керек».

Гүлмира Кудайбердиеванын эмгек тажрыйбасына үңүлсөк, анын илимий даражасы жок. Ал 1966-жылдын 23-сентябрында Баткендин Лейлек районунун Исфана шаарында төрөлгөн. Педагогикалык институтту орус тили жана адабияты адистиги боюнча аяктаган. Кийинчерээк Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен «юриспруденция» адистигин алган. Эмгек жолун 1988-1989-жылдарда Фрунзе шаарынын №20 орто мектебинин мугалими болуп иштөөдөн баштаган. Кийин он беш жыл бою медициналык окуу жайында окутуучу болуп иштеген. Бул иши менен кошо 1994-2000-жылдары Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинде жетектөөчү адис, кийин башкы адис болгон.

2000-жылы Азия өнүктүрүү банкынын «Билим берүү системасын өнүктүрүү» долбоорунун жергиликтүү консультанты катары эмгектенген. 2000-2002-жылдарда Жогорку Кеңештин аппаратында депутаттын жардамчысы, 2002-жылы парламенттин мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысынын орун басары болсо, 2005-2008-жылдарда Бишкек шаарынын Октябрь районун билим берүү борборун, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгын жетектеген.

2010-жылы өкмөткө өтүп, билим берүү жана маданият бөлүмүнүн эксперти, андан соң кыска мөөнөттө президентке караштуу билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы, ошол эле жылы президенттик аппараттын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы болгон. Ал 2015-2016-жылдарда социалдык блок боюнча вице-премьер-министр болуп, 2016-жылы декабрдан тартып билим берүү жана илим министри кызматын аркалап келди. Кудайбердиева 3-даражадагы мамлекеттик кеңешчи. Өкмөттүн Ардак грамотасы менен сыйланган.

Гүлмира Кудайбердиева бул кызматта төрт премьер-министр менен иштешти. Ал кызматка Темир Сариев премьер болгондо келип, өкмөттү азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жана Сапар Исаков башкарганда да иштеген. Былтыр апрелде азыркы премьер Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүнүн курамында да ордунда калган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG