Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-июль, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 01:55

Мыйзамдын бузулушу мамлекетти алсыратат


Иллюстрациялык сүрөт.

Устаранын мизинде тургандай бүгүнкү оомал-төкмөл заманда, айрыкча мезгил агымы улам тездеп, чечкиндүү кадамдардын зарылдыгы курчугандан курчуп бараткан азыркы чакта өлкө тагдыры баарыбызды ойлонтушу керек.

Сөз атасы өлбөсүн

Байыркы кыргыз каганатындай мамлекеттердин мыйзамдары кылычтын мизи, найзанын учу менен «жазылчу» экен. Кимдин аскери күчтүү, жоокерлери баатыр, кол башчысы кыраакы, айлакер, эл башысы акылман, чечкиндүү, калыс болсо, ошол өлкөнүн ээлиги кеӊейип, бийлиги бекемделип турган.

Албетте, башкаруучулар жазуу-сызууга да таянган, б.а. эӊ орчундуу эрежелер, жоболор тизмеги кат жүзүндө белгиленген болушу ыктымал. Бирок ал кездеги оозеки эле айтылган сөз азыркы толгон-токой иш кагаздарынан тартып түркүн-түмөн ЧУА (ченемдик-укуктук актылар – кодекс, жобо, токтом, жарлык ж.б.), Конституцияга чейинки юридикалык документтерден күчтүү болгон окшойт. Эл башкарган адамдардын убадасы, буйругу, макулдугу эч качан ооздун жели болгон эмес. Ырас, ошол доордо деле эки жүздүүлөр болгондур, бирок алдамчылык менен эч ким алыс бара албаган. Калпычылыгы, сөзгө турбастыгы, кара ниеттиги билинип калса, бай кедейге, бий кулга айланган. Элге, өлкөгө зыяны тийген болсо, башынан айрылган.

Каганаттын канаты кантип жайылган?

- Ушунчалык чоӊ жерибиз болгон экен... Эмне үчүн тарып кеткен? – деп сурайт сегиз жашар уулум, картадан байыркы Улуу кыргыз каганатына караган мейкиндикке көз чаптырып.

- Кийинки доорлордогу каган, хандарыбыз анча акылдуу, намыстуу, калыс эмес болгондуктан.

- Кайрадан ошондой күчтүү өлкө боло алабызбы?

- Ооба, албетте. Чоӊойгондо мунун баарын дагы жакшыраак түшүнөсүӊ, - дейм.

Катылгандын катыгын берип, калкы, мамлекети үчүн кан-жанын аябаган айкөл (катаал жана кеӊ пейил, сабырдуу жана чечкиндүү, кара кылды как жарган калыс) Манастай баатырды ким ээрчигиси келбесин? Өзүнүкү өзүмчүл, боордошу таш боор, кандаш тууганы карөзгөй болгондор аргасы кеткенде калыстыгы менен таанылган жатты эш тутат.

Ата журтунан адилдик таппай, казак ханы Көкчөгө батпай, башка каякка барарын билбей турган Алманбеттин армандуу кебине кулак салалычы:

«…терек көрсөм, конормун,

Тербелбестен көтөрсө,

Ошого жолдош болормун.

Кайыӊды көрсөм конормун,

Кайышпай кайың көтөрсө,

Как ошо жерде болормун».

Көкчөнүн акылман аялы Акеркечтин кеӊеши менен Алманбет Манаска жол тартат эмеспи.

Байыркы кыргыз каганатына каратылган элдердин көпчүлүгү алсыздыгынан, коркконунан эле баш ийип калбагандыр. Бийлик адил болмоюнча биримдик бекемделбейт!

Карөзгөй болбой доо болбойт

Курама журттун биримдиги эмнеден бузулган? Адилетсиздиктен. Кимдин камчысы катуу, байлыгы артык болсо, ошонуку эп, ким нааразы болсо, колунан келгенин кылып алсын деген карөзгөйлүк улут ынтымагын ыдыраткан. Башкалар эле эмес, кыргыздын эле ич ара таарынышкан урууларын мунасага келтириштин ордуна кайраштырып, эрегиштирип, өчөгүштүрө кырылыштырган бузукулар кутуруп турса, эл кантип бөлүнбөй калат да, мамлекет кантип кыйрабайт?

«Карөзгөй болбой доо болбойт, / Каршылашпай жоо болбойт», - деп Токтогул ушуларды ырдаган эмеспи.

«Казак-кыргыз жоо болсун, кара башым соо болсун» деген өзүмчүлдүк, ач көздүк, пейилдин тарышы, башка уруулардан жылкы тийген мите «баатырдыгы», кара күчкө табынган зөөкүрдүк (азыркы бандитизм)... Ушунун баарынан арылтыш үчүн мурунку замандарда Манастай эр чыкса деп кылымдар бою кыргыз эӊсеп келген эмеспи.

Мыйзамдуулукту чыӊдабасак, мамлекетибиз жок болот

Ырас, элди эл кылган адеби менен ыйманы, эзелки асыл нарктары. Бирок сатылбас дөөлөттөр чайкоо товарына айлантылган кезде, демейки ачык сөз, жекече убада эле эмес, карганган кеп, ант дагы көптөгөн «жакшылар» үчүн ооздун жели болуп калган кезде, утурумдук пайданы көздөгөн көзөлдөр Манастын арбагынан да, Курандан да коркпой калган кезде, «бейишке белет саткандар» менен саясый шылуундар элдин башын айлантып жаткан кезде мыйзамдуулукту бекемдештен башка арга жок.

Тагыраагы, легитимдүүлүктү бекемдеш керек. Укуктук аӊ-сезимибизди өстүрүшүбүз зарыл.

«Легитимдүүлүк» (лат. legitimus – «мыйзамдарга макул, мыйзамдуу, укук ченемдүү») термини элдин бийликке макулдугу, бийликтин ишине калктын көпчүлүгүнүн оӊ мамилеси деп чечмеленет.

Юристтер расмий таризделүүчү легалдуулуктан айырмаланып, легитимдүүлүк алда канча тереӊ мааниге ээ деп эсептешет. Легитимдүүлүк бийликти элдин кабыл алышы, аны адилеттүү, кадыр-барктуу деп, ал камсыздаган тартипти өлкө үчүн эӊ алгылыктуу деп таанып, баш ийүүгө макулдугу менен аныкталат.

Мыйзамдар канчалык текши, толук аткарылса, жалпыга бирдей колдонулса, бийлик ошончолук легитимдүү – кадыр-барктуу, демек, күчтүү.

Кооптуу жышаандар...

Баткендеги сел катуу нөшөргө дамбанын туруштук бере албай бузулушунан болуптур.

Баткендеги чек аранын бекемделбей, тынчыбай жатышына биринчи кезекте мамлекеттин пайдубалын бузуучу коррупциячылар (контрабандачылар) жана аларды тизгиндей албай жаткан жетекчилер күнөөлүү.

Карантин шартын бузуп, тартип сакчыларына кол көтөргөнгө чейин жеткендер; Соль-Илецкиден келип, обсервацияга туруу жөнүндө талапка баш ийбей, медициналык «Тез жардам» машинесин таш бараӊга алган биздин жарандар; бюджеттен миллиондорду уурдап же жок кылууга катышса да суудан кургак чыгып кетип жаткандар; адилетсиз өкүм чыгарууну эч эрөөн көрбөй калган соттор...

Байлардын мүлкүн тартып алууга чейин чакырган «чоӊ казатчылар»...

Булардын баары бири-бири менен байланышкан. Ушунун баарын адегенде ар кайсы жеринен аз-аздан суу ашып, жырып бараткан дамбага салыштыра элестетиш керек...

Мамлекеттүүлүктү бекемдебесек болбойт!

Мыйзам жана эркиндик ​(залкар ойлордон)

Мыйзамга баш ийгенде гана эркин боло аласыӊ.

(Ф. Вольтер, француз ойчулу)

Кылмыштуулукту жайылткан эӊ чоӊ илдет – жазасыздык.

(Цицерон, байыркы грек саясатчысы жана философ, адамзат тарыхындагы эӊ атактуу сөзмөрлөрдүн бири)

Канкорлорду аяган киши алардын колунан өлгөндөргө таш боордук кылган болот.

(Р. Роллан, француз жазуучусу, Нобел сыйлыгынын ээси)

Мамлекеттин кебелгис негизи – адилеттүүлүк.

(Пиндар, байыркы грек акыны)

Жазалай албаган сот акыры өзү кылмышка аралашып калат.

(Гёте, немистердин улуу акыны)

Эл мыйзамды өзүнүн тирегиндей, коргоочу сепилиндей сакташы керек.

(Гераклит, байыркы грек философу)

Жолдош Турдубаев

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (13)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG