Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:36

Аткезчи аткаминерди жазадан куткарчу сунуш


Кыргыз-казак чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү Жазык кодексиндеги аткезчилик үчүн кызмат адамын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө пунктту жоюп салууну сунуш кылды.

Мындай кылмышка барган аткаминер эми мамлекеттик кызматкерлер үчүн каралган жалпы берене менен гана соттолушу мүмкүн. Адистер аталган жазаны алып салууга зарылдык жок экенин жана бул кайсы бир топтордун кызыкчылыгы болушу мүмкүн экенин билдирүүдө.

Өкмөттүн сунушу, комитеттин колдоосу

«​Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети 18-майдагы жыйынында биринчи окуудан талкуусуз жактырды.

Күн тартибине алтынчы болуп киргизилген документти кароого келгенде депутат Искендер Матраимов талкууну экинчи-үчүнчү окууга калтырууну сунуш кылды. Тармактык комитеттин төрайымы, депутат Наталья Никитенко жыйында буларга токтолду:

Наталья Никитенко.
Наталья Никитенко.

«Мурдагы жыйында Мирлан Канатбекович берген жоопкерчилик тууралуу суроо коомчулукта бир топ резонанс жаратты. Буга мамлекеттик кызматтар реакция кылып, эмдиги окууларга бул норманы кайра карап чыгат деп ойлойм. Башка суроолор да экинчи окууга чейин каралат деп ойлойм. Искендер Исмаиловичтин тиешелүү мыйзам долбоорун колдоо тууралуу сунушун добушка коём. Сунуш бир добуштан колдоо тапты».

Ооба, кеп болгон мыйзам долбоору аталган комитеттин 12-майдагы жыйынында да каралбай калган эле. Буга баяндамачынын айрым суроолорго жооп бере албаганы себеп болгон.

Ал күнкү жыйында «Республика» партиясынын лидери, депутат Мирлан Жээнчороев сунушталган мыйзам долбоордогу бир пунктту сынга алган.

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

«Жазык кодексинин «Экономикалык аткезчилик» жөнүндө 223-беренесинин «кызмат абалын пайдалануу менен кызмат адамы тарабынан» деген 2-пунктун «күчүн жоготсун» деп сунуш кылып жатасыңар. Эгерде Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси же мекеменин кызматкери кызматтын абалы менен аткезчилик иш кылса, ал жоопкерчиликке кандай түрдө тартылат? Бул деген квалификациялай турган, оорлото турган жагдай, силер алардын жазасын эмне себептен алып жатасыңар?» - деген анда эл өкүлү.

Бул суроого ал күнү мыйзамга демилгечи катары чыккан өкмөттүн өкүлдөрү, анын ичинде Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү да жооп бере алышкан эмес. ИИМдин жетекчиси Кашкар Жунушалиев бул суроого адистешпегенин жүйө келтирген.

«Кайсы бир топтун кызыкчылыгы болушу мүмкүн»

Эгер бул мыйзам долбоорунун өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин сайтына коюлган негиздемесин карасак, анда аткезчиликке аралашкан мамлекеттик кызматкердин жоопкерчилиги башка берене менен каралышы мүмкүн экендиги көрсөтүлгөн.

Тагыраагы кылмышка барган аткаминер ушул эле Жазык кодексиндеги 44-бапта келтирилген «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» тууралуу 320-беренеси менен жазаланылышы ыктымал экен. Бирок бул беренеде жана баптын башка беренелеринде да «аткезчилик же контрабандалык аракет үчүн» деп так белгиленген эмес.

Ошондон улам да коомчулукта түрдүү суроолор жаралды. Бир катар укук коргоочулар жана юристтер социалдык тармактарда бул берененин жоюлуп жатышын кайсы бир топтун кызыкчылыгы же лоббиси катары баалашууда.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова да ушундай ойлорго кошулат.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«Мисалы, ушул берене менен соттолгондор болсо же алардын иши каралып жатса, алар дароо бошойт, - деп түшүндүрдү ал. - Аларды кайра квалификациялап, башка беренеге которбойт. Анткени бул жерде декриминализация болду деп аларды дароо абактан чыгарышат. Бул берене өзү эски кодексте деле бар болчу, азыркыдан деле албай коюшса деле эч кимге, эч кандай тоскоолдук деле жаратмак эмес. ЕАЭБге кирген башка өлкөлөрдө деле бар. Анан эмнеге биздикилер алып салып жатат, кимге тоскоолдук түзүп жатканы мен үчүн түшүнүксүз. Ошол себептен бул жерде кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгы болушу мүмкүн. Бирөөнүн лоббиси болбосо ал беренени шашылыш оңдоонун зарылчылыгы жок болчу».

Өкмөт сунуш кылган жаңы мыйзам долбооруна ылайык, Жазык кодексинен сырткары Жоруктар жөнүндө, Жазык-процессуалдык, Жазык-аткаруу кодекстерине жана «Пробация» жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилиши керек. Алардын ичинде да жогорудагыдай актылардагы айрым беренелерди же пункттарды түп-орду менен жоюу сунушу бар. Калгандары түшүнүктөрдү, каталарды оңдоо жана алымча-кошумчаларды киргизүү максатын көздөйт. Баса, мыйзам өзү быйыл 5-мартта сунушталган экен.

Парламент комитетинин 12-майдагы жыйынында ички иштер министринин орун басары Памир Асанов долбоор тууралуу учкай билдирген эле.

Памир Асанов.
Памир Асанов.

«Жаңыдан иштелип чыккан бул мыйзам долбоору аталган кодекстерге жана мыйзамдарга 148 өзгөртүү жана толуктоо киргизүүнү карайт. Анын ичинде Жазык кодексинин 28 беренесине, тагыраагы бажыны жөнгө салуу, экономикалык контрабанда жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу тууралуу беренелерге өзгөртүү сунушталат», - деген ал.

Кыргызстанда товар ташып кирүүдө да, ташып чыгууда да аткезчилик бар экени айтылып келет. Көбүнчө Кытайдан жүк алып келүүдө чек арада ондогон же жүздөгөн автоунаалар эсептелбей калып жатканы, тонналаган товарлардан бажы төлөмү алынбай жатканы маалымдалат. Мындан казынаны жоготуусу миллиондогон сумманы түзөрү да айтылат.

Ошол эле кезде коомчулукта өлкөдөн сыртка ташылып жаткан товарлар да мыйзамсыз чыгып кетип жатканы сынга алынат. Маселен, айрым депутаттар өлкөдөн аткезчилик жол менен чыгып кетип жаткан күйүүчү майдан эле мамлекет 7 млрд. сомдой жоготуп жатканын мурдараак билдиришкен.

Бул кылмыштардын көбүнө кайра эле бажы, чек ара кызматтарында иштеген же башка мамлекеттик органдардагы кызматкерлердин катышы бар экени белгиленет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG