Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:41

Элитасы жок эгемендик


2018-жылы тартылган сүрөт.
2018-жылы тартылган сүрөт.

Кыргызстан өзүн көз каранды эмес мамлекет деп жарыялагына 29 жыл болду.

Эгемендик эмне берди? Саясий-экономикалык өз алдынчалыкка жетише алдыкпы? Же таасирдүү өлкөлөрдүн, капчыктуу корпорациялардын жетегинде калдыкпы? Эркин мамлекеттин эртеңи кандай болушу керек? Ушул ж.б. маселелерди «Арай көз чарай» берүүбүздө кеп кылдык.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты, саясат илимдеринин доктору Каныбек Иманалиев жана тарых илимдеринин кандидаты, жазуучу Арслан Койчиев катышты.

«Азаттык»: - Каныбек мырза, Кыргызстан эгемендик алган 30 жылда эки президент өлкөдөн куулуп чыгып, төртүнчү президентин түрмөгө камады. Бул факт өз алдынча мамлекеттин жетишкендигиби же өксүгүбү?

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

Каныбек Иманалиев: - Дүйнөдө бардык нерсе салыштырмалуу. Биздин тарыхыбызга байланыштуу чыныгы революцияны 1917-жылы Ленин ишке ашырган. Революцияга чейин кыргыздардын бир пайызга жетпегени эле сабаттуу болчу. Революция болгондон кийин 10 жылдан соң элдин 80% сабатсыздыгын жойгонго жетишкен. Мамлекеттик институттар түзүлүп, завод-фабрикалар курулган, чакан ГЭСтер, жолдор салынган. Он жылда чарабанын көлөмү 40% көтөрүлгөн. Ал эми 30 жыл эгемен болгон Кыргызстан эмнеге жетишти? Билим берүү артка кетти. Мыйзамдуулукту сактоо боюнча Африка өлкөлөрүнө теңелип калдык, дүйнөдөгү эң начар 60 мамлекеттин бирине айландык.

Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча бизде бул убакка чейин бир миллион 600 миң жакыр адам болсо, эми алар пандемиядан кийин дагы көбөйдү. Анын баарын эсептесек ар бир үчүнчү кыргыз жакыр десек болот. Кыргызстанда эки жолу революция болду дейбиз. Мен аны дайыма айтып келатам: 2005-жылы мамлекеттик төнкөрүш, 2010-жылы элдик козголуш болду. Бирок алардын баарына мурдагы президенттер өздөрү себепкер болушканын билебиз. Эгер коррупция азайганда, сот реформасы жүргөндө, шайлоолор таза өткөндө ал окуялар болмок эмес. Тилекке каршы, улам кийинки келген бийлик мурдагылардын каталарын ашыра кайталап жатты. Оппозициянын оозун жаап, ачык сүйлөгөндөрдү камап жатышты.

Революция болгондо бүтүндөй система алмашат, саясат түп-тамырынан өзгөрөт. Эң негизгиси - бийликтин ниети алмашат. Мамлекеттин негизги түркүгү - бул анын жери, анын үстүндө жашаган эли жана аларды коргой турган мыйзамдуулук. Эгемен жылдары жерибиз тарыды, элибиз тентип мигрант болду, мыйзамдуулук жок, сот реформасы жүрбөй элдин баары нааразы болууда. Булардын баары эгемендик жылдарындагы өксүктөр, улуу сабактар. Эгемендик чоң жоопкерчилик экендигин эмгиче сезе элекпиз.

«Азаттык»: - Арслан мырза, Кыргызстанда 2005-2010-жылдары революциялар болгондон кийин коомдо реформалар жүрөт, адилеттүүлүк орнойт, мыйзам иштеген, укук корголгон саясат болот деген максаттарга эмне үчүн жетпей калдык, анын себеби эмнеде болду?

Арслан Койчиев: - Анын себебинин жоопкерчилиги бийлик башында турган саясий элитада жана жалпы элибизде. 2005-2010-жылдагы окуяларды кандай айтсак да улуттук аң-сезимге умтулуп, мамлекет куруунун тажрыйбасын арттырууга аракет кылган саясий процесстер деп атасак болот.

Тилекке каршы, көп максат-мүдөөлөрүбүздү турмушка ашыра алган жокпуз. Анын негизги себеби элдин кызыкчылыгын ойлогон улуттук лидерлердин жоктугунда болду. Эл аралык изилдөөлөрдүн корутундуларында Кыргызстан «мамлекет кура албаган жөндөмсүз өлкөлөрдүн» катарына кирет. Ошондуктан биз күнөөнү башка бирөөлөрдөн эмес, өзүбүздөн издешибиз керек. Элдин духун жаратмандык жакка баштай албай, бир нукка сала албай койдук.

Арслан Койчиев.
Арслан Койчиев.

Айтылуу Макиавелли «адатта карапайым эл караңгы болот, аларды элита башташы керек» деп айткан. Тилекке каршы, элди баштайт деген кыргыз элитасы да караңгы болду. Биздин элита чогулуп, «жети өлчөп бир кесип» улуттун тагдырын, анын келечегин талкуулай албай койду.

Анын кесепетин бүгүн көрүп жатабыз. Кыргызстан совет заманында болгондо «Орусташуу саясатынан кантип кутулабыз?» деп жүрчүбүз. Эгемендик алгандан кийин деле кайрадан Орусиянын көзүн караган саясатка моюн сунуп бердик. Орус менен мамиле куруу өзүнчө эле кадыр-барк алып келген жобону иштеп чыгып алдык. Орус лидери менен сүйлөшкөн, жолуккан кыргыз саясатчысы кыйын эсептелип калды. Мен орус элине каршы эмесмин, бирок Кыргызстандын аймагында Орусиянын саясатын жайылтып келатабыз. Аларга ашыкча ийилип, жагынуучулук болуп келди.

«Азаттык»: - Каныбек мырза, «Кыргызстан эгемен өлкө катары өз алдынча иш жүргүзө албайт, анын саясат, экономика боюнча ар бир кадамы ири мамлекеттердин кабак-кашына байланыштуу» деген тезистер көп айтылат. Кыргызстандын жашоосунда сырткы факторлордун таасири канчалык?

Каныбек Иманалиев: - Мындан 100 мурда кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөндөр - Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков ж.б. бакалавр, магистратура, докторантура деген билимдери болгон эмес. Болгону 3-класс билими менен мамлекетти башкарышкан. Биринчиден, алардын улуттук духу күчтүү болгон, жүрөктөрү жарык, таза адамдар болушкан.

Кыргыздын кыйындары 1916-жылы, 1937-жылы, 1941-45-жылдары кырылды, эл баштоочулары жок калган. Биз эми гана эл болуп, эми гана улут болуп келатабыз. Ооба, Москва бизге өндүрүшүбүздү өнүктүрүп, билимдүү-илимдүү кылды. Ошондон улам алардын алдында кулчулук аң-сезимде калдык. Кыргыздын мыкты экологу Эмил Шүкүровдун «кыргыздын чоң аткаминери өзүнө жакшы үй салыш үчүн мамлекетти талкалоого даяр» деп айтканы бар. Мына биздин мүшкүл. Учурда эгемендигибизге кесепетин тийгизе турган сырткы факторлор бар: чет мамлекеттерге, эл аралык каржы уюмдарына карыздар болуп калдык, ар кандай диний агымдар кирүүдө, чек араларыбыз чечиле элек, эң негизгиси - ири мамлекеттердин кысымында калдык. Бул эгемендик үчүн чоң трагедия.

Талкуунун толук вариантын аудиодон уга аласыз.

Элитасы жок эгемендик (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:51 0:00
Түз линк

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG