Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Кыргыз демократиясын жектеген путинизм


Москва.
Москва.

Демократиялык институттардын таасирин жоюуга кызыкдар күчтөрдүн аракети кызыды.

Андай аракеттердин башында, албетте, демократиялык климатка териси жука Орусия турганы белгилүү.

Расмий Москва адам эркиндигин чектей турган кандай мыйзамдарды кабыл алса, аны илгиртпей илип кетип, жагынгысы келген кыргыз бийлигиндеги бүгүнкү аракеттер эмнени каңкуулайт?

Бийлик өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердигин, жарандык коомдордун активдүүлүгүн көзөмөлдөө керектиги тууралуу мыйзам долбоорун демилгелеген Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкуловдун аракети – кооптоно турган коңгуроо.

Кыргызстан мындан ары декократиялык принциптер менен өнүгөбү же тоталитардык системаны куруу жолуна баратабы? Бул маселе көчөдө эмес, парламентте (!) көтөрүлүп отурганынын өзү эле борбордук бийликтин мандемдүү ишараты эмеспи.

Соңку күндөрү коомчулук арасында бейөкмөт уюмдар менен жарандык активисттерге, “Азаттык” медиа борборуна карата терс пикирлерин жайылткан топтор бекеринен пайда болгон жок.

Демократия баалуулуктары туурасында кеп козголсо эле алар “Булар Батыштын, Американын агенттери” деген жарлыкты тага салганга даяр.

Эң кокую, УКМК жетекчиси Орозбек Опумбаевдин ориентири.

Орусияда жана башка өлкөлөрдө кабыл алынган өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам бүгүнкү күндө эң зарыл”, – деп түйшөлөт ал.

Демек, анын мүдөөсү – Кыргызстанда да бейөкмөт уюмдар менен жарандык активисттерди ооздуктоо зарыл экен. Белимчи болбосоң коё кал. Орусия эмне, Кыргызстандын карана турган күзгүсүбү? Авторитардык бийликти колдон чыгарбоо амалы менен башы ооруп отурган путинизм бийлигинен ала турган өрнөкпү бул же нускабы?

Анын бетке карманган ушул аргументи эле Кыргызстандын өз алдынча күнкорсуз саясат жүргүзө албаган дараметин көрсөтөт. Тек муну, Орусия Опумбаевдин оозу менен айттырып жатат. Арийне, КГБнын чекисти Путиндин иш стилинен чыкпаган биздин коопсуздук кызматы да тоталитардык системанын баскан жолун уланта бере турганын ачык-айкын туюнткандагысы.

Албетте, азырынча бул демилге Кыргызстанды демократиялык багытынан кайтара албайт, тек гана бараткан багытыбыз тоталитардык системага тизгин бурчудай өңүт алганына токтоло кете турган себептер бар: 2019-жылдын соңунда Кремлдин маңдайында Сталиндин 140 жылдыгынын урматына (!) анын портрети илинип, СССРдин гимни жаңырды. Дагы бир маани берчү жагдай: акыркы жылдары соцтармактарда “Коммунизмди курабыз” деген чоң агым пайда болду. Болгондо да жаштар!

Кээси соцтармактардагы өз профилдерине орок-балка символу менен бирге Сталиндин портреттерин жана лозунгдарын жайылтса, Youtube каналы күнү кур эмес Сталиндин зоболосуна сыйынган саясатты эмне үчүн күчөтүүдө?! Түпкүлүгү түз эмес ошол жолго чакырык салуу менен алар "башкаруунун эң мыкты үлгүсү Сталин курган система" деген ойду таңуулоодо. Мындайча айтканда, тоталитаризм, авторитаризм менен демократиянын жөөлөшкөн жол талашы күчөгөн заманга туш келдик.

Кыймылдын өкүлдөрү КМШ аймагындагы өлкөлөрдү кайрадан СССРди тирилтүүгө чакырып, демократия дөөлөттөрүн терс мүнөздө чагылдыруу жолу менен миллиондогон массанын аң-сезимин тумандата турган аракеттер жанданып, Батыш менен Америка курган демократияны эң эле башаламандуу, тартип-таалим, адеп-ахлагыбызды бузган система катары сыпаттаганы күч алууда.

Буга кошул-ташыл эми Кыргызстандын УКМК кызматынын жетекчиси Орозбек Опумбаев менен парламент депутаты Бактыбек Райымкуловдун аракетинде эмне логика жатат?

Орусиянын пропагандалык саясатына Кыргызстандын расмий бийлиги ляппай деп турган соң, демек, жакынкы жылдарда Кыргызстандагы демократиялык институттарды талкалоо көрүнүшү чечкиндүү түрдө улана берет!

Себеби, путинизмдин баш оорусу эле – Орусия империясынын тамыр-бутагын жайылтуу. СССР курамында болуп келген республикаларга кайрадан таасирин күчөтүү. Ошон үчүн Орусия бийлиги өкмөттүк эмес уюмдар менен жарандык активисттердин аракеттерине каршы мыйзамдарды токутат, тизгиндейт. Ал эми бизге эмне жок?

70 жыл бою Орусиянын туткунунан чыкпай келген республикалар күнкорсуз эгемендик кура албай мүдүрүлүп келатканын өз пайдасына колдонууну көздөгөн расмий Москва Сталиндин 140 жылдык маараке урматына анын портретин илдирип, СССР гимнин жаңыртып турганы да жөн саясат эмес – эски замандын ностальгия күүсүн чертүү...

Болбосо бейөкмөт уюмдар менен жарандык активисттердин ишмердигин чектөөгө каршы мыйзамдарды кабыл алган Орусия бийлиги сталиндик канкор саясатты пропагандалаган агымдардын ишмердигин тизгиндөөгө кудурети жетпей калат беле... Жетмек сонун. Тек гана демократиялык баалуулуктарды жайылткан күчтөрдүн аракети путинизм бийлиги үчүн чоң коркунуч, чоң кооптуулук.

Андыктан сталиндик саясат бийлик башкаруунун идеалдуу формасы болгонун мээбизге мыктай кадоо үчүн Кремлдин алдында Сталиндин 140 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Эми сталиндик идеяларды турмушка ашыруу гана калды! Себеби өкүмзор бийлик гана элди кыңк дедирбей башкара аларын түшүнгөн В.Путиндин бийлик кумарынан моокуму кана элек! Андыктан анын саясий долбоорун турмушка ашырууга кыргыз бийлиги шымаланып билек түрүнө киришкени да ошондон...

Баары эл оозунда айтылып жүргөн анекдоттогудай кудум. Адатта, анекдотко адам күлөт. Береги анекдотко күлгөнгө болбойт.

— Орусияга ким ээлик кылат?

— А сиз желектин түсүнө караңыз да. Тамгалары бадырайып турат го – КГБ.

Бул мааниге Улуттук коопсуздук кызматыбыздын жетекчиси Орозбек Опумбаев менен парламент депутаты Бактыбек Райымкулов түшүнүп турушат. Ачыгын айтпайт...

Олжобай Шакир, жазуучу, публицист

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG