Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:31

Орусиянын идеологиялык микробу


Олжобай Шакир.
Олжобай Шакир.

Өткөн жумада коррупцияга каршы митинг өткөндөн кийин фейктер жарандык активисттерге асылганын күчөттү.

Күн чыгыштан көтөрүлүп, батышка багыт алгандай эле Кыргызстандын саясий башаты үч кылымдан бери Орусияга көз каранды. Орусия падышачылыгынын Түркстан элдерине жылып келген баскынчылыгын бүгүнкү путинизм саясаты да улантууда.

Болгону башкача формадагы саясат жолу менен ксенофобия куралын колдонууну ылайык таап, Кыргызстанды демократиянын пайдубалын тикелеп алган өлкөлөрдөн обочо болууга тымызын үндөп, колтугубузга суу бүрккөн “түбөлүк достугун” тил учунан жалындуу бүркүп, карап туру.

Орусиянын Батыш жана Америка менен уланып келаткан идеологиялык күрөшү дал ушул күндөрү боркулдап кайнап жатат. Буга 25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында болгон «#REакция» аттуу жарандык акциянын жүрүшү дадил мисал.

Аталган акцияга өзүм да катышып, аянттан белгилүү укук коргоочу Рита Карасартовага орусиячыл айрым жарандар чапкенедей жармашып, “Сен Америкага сатылган шпионсуң! Бузукусуң... тата-пата-тата-пата” деп кыйкырганына күбө болдум.

Бул демократиянын сөөк өчтү душманы айта турган кеп эмеспи. Сөздүн уңгусу – биз жогоруда кеп кылган путинизм саясаты. Аянтта айкырык салгандардын артында Москва турганы сыр эмес.

Соңку жылдары биздеги бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн, жалпы эле адам укугун коргоого алууда эбегейсиз күч жумшаган активисттерди элге суук тумшук көрсөткөн саясат күчөп баратат.

Кыргызстандагы демократия институттары каруу-күчкө толуп, канат-куйругу жетилген сайын Кремлди толгонткон түйшүк арбый берери турган иш.

Андыктан алар эмне кылышы керек? Албетте, демократия баалуулуктарын жайылткандарды коомчулукка мокочо көрсөтөт.

Ошон үчүн Рита Карасартова, Азиза Абдирасулова, Төлөкан Исмаилова, Динара Ошурахунова, Өндүрүш Токтонасыров баштаган укук коргоочулар менен бийликти сындаган журналисттерди “Батыштын коркунучтуу шпиону” катары көрсөтүүдөн башка куралы да, жүйөлөрү да жок!

Демократия менен авторитаризмдин жөөлөшүүсү, жол талашы бул!

... Ошол аянтта орусиячыл активисттердин жосунуна аргасыз күлдүм. Анан Ританы боорума кыса кучактадым. “Сенден айлансын бул жигиттер. Мындай кутумчу эркектердин миңине татый турган Кыз Сайкалсың!”, – дедим. Арийне, бейөкмөт уюмдун өкүлдөрүн элге шпион көрсөткүсү келгендердин кеби бейөкмөт уюмдардын кайратын мокото албаганы үчүн мамлекеттик түзүмдү желедей курчаган коррупция, адилетсиздиктин бети ачылып келатканын унутпайлы.

Агерде Кыргызстанда бейөкмөт уюмдардын аракети болбогондо – жалпы эле күч органдары мындан да ашынган кылмыштуулукка жол бермек. Мындан өткөн зордук-зомбулуктар, тергөө абагында сыздаган тагдырлар көмүскөдө калып, сот системасындагы чириген көрүнүштөрдүн бети ачылбай калмак. Ал эми бийлик курчоосундагы аткаминерлердин көр чеңгели караламан калктын жон терисин эбак сыйрып, сенектик абалда селейип турмакпыз.

Андыктан, Кыргызстандагы демократия, сөз эркиндигинин, ой эркиндигинин жаралышына биринчи кезекте жогоруда аты аталган укук коргоочулардын эмгеги зор. Келечекте дал ушул инсандар өлкөнүн өнүгүү тарыхында өлбөс-өчпөс из калтырып, өмүрлөрүн арнаганын биз эмес, болочок муундагылар гана баалап алаар!

Болбосо өрнөктүү бийлик, өрнөктүү саясий маданиятты калыптандырууда – өздөрүн оппозиция санагандар да, интеллигенция катмары болуп көрүнгөндөр да бейөкмөт уюмдар сыяктуу Кыргызстанда демократия жерпайын түптөөгө туруктуулук көрсөтө алышкан жок. Саясий оппозиционерлердин дээрлик көпчүлүгү бийликтегилер менен аралашып эле келди!

Тек, бизде бейөкмөт уюмдар бийликтегилердин тынчын алып турганы үчүн гана коомдо алга жылуу процесстери жанданып, жарандардын бийликке болгон талабы өсүп атканы – кубаттай турган көрүнүш. Бирок Кыргызстандын минтип демократиялык багыт менен алдыга жылышына Орусия кызыкдар эмес. Тескерисинче, КМШ курамындагы өлкөлөрдө авторитардык режимди кайрадан тирилтип алууну эңсеп, чагымчыл саясатын күчөтө беришмекчи.

Орусия жүргүзгөн саясатты белимчилик менен кайталоо бүгүнкү бийликтин тушунда да уланууда. Буга мисал, Орусия Батыш жана АКШга каршы идеологиялык курал катары колдонгон ЛГБТ темасы!

Коррупцияга каршы «#REакция» аттуу акция уюштуруучуларынын бири, жарандык активист Улан Үсөйүндү ЛГБТнын өкүлү деген жалган ушак, дөдөмөл түшүнүк менен шылдыңга алышканына Ак үйдөгүлөр маашыр!

"Райым миллиондун" апологеттери толеранттуу көз караштагы, кыргыздын прогрессивдүү жаштарын өкүлү Улан Үсөйүндү кумса катары көрсөтүүгө далбас уруп, коллаж-сүрөтүн соцтармактарга жайылтканы эмнеден кабар берет?! Албетте, «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөөгө көлөкө түшүрүүнүн, шек жаратуунун эле ишараты.

Аныгында ким болбосун, ЛГБТ мүчөсү делген адам тагдырын келекелөөгө, шылдыңдоого алганы адамгерчиликке жатпайт! Маселен, адамзат турмушунда эки эм, үч эмес, ал эмес төрт же беш эм төрөлгөн наристелер канча? Макул, эки эм же үч эм төрөлгөндөргө таңгалбасак да, кээде жети эм төрөлгөн наристелерге көбүбүз таңгалабыз. ЛГБТ өкүлдөрүнүн феномени деле дал ошол беш же жети эм төрөлгөн наристелер сыяктуу көрүнүш.

Эне түйүлдүгүндө жаралганда эле лесбиянка, кумса же трансгендер болуп төрөлүп калган адамдарды шылдыңга алуунун өзү кайсы адамгерчиликке жатат?! Мындай тагдыр менен төрөлгөндөрдү шылдыңга алып кордогусу келген бийликтеги ууруларды колдогондордун жосунун иткерчиликке теңегенден башка сөз табуу да мүмкүн эмес!

Бирок мунун баары Орусиянын Кыргызстанга тарап аткан идеологиялык микробу экен! Кантели?!

Олжобай Шакир, жазуучу

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG