Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:55

«Катаал үнөм» чын эле катаалбы? (3-бөлүк)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Гүлнара Каликова Кыргызстандын экономикасынын абалына сереп салат.

Кыргызстандын келечеги кандай болот? Экономикасы кандайча өнүгөт? Канткенде өлкөнүн жарандары киреше таба алат? Экономиканын өнүгүшү товарлар менен көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмүн көбөйтүүнү, жумуш орундары менен эмгек акыны көбөйтүүнү, адамдардын жашоо сапатын жогорулатууну талап кылат. Бул милдеттер ар бир өлкөнүн лидерлери үчүн эң маанилүү. Кыргызстанда бул маселелер кандайча чечилген? Учурда кандайча чечилип жатат?

Гүлнара Каликова.
Гүлнара Каликова.

Дээрлик 30 жыл ичинде 30га жакын премьер-министр алмашып, жүздөгөн ар кандай мамлекеттик стратегия жана программалар кабыл алынган. Алардын көпчүлүгү ишке ашпай калган. Көп эксперттин айтымында, түрдүү стратегияларга карабастан, Кыргызстан өзүнөн-өзү баш аламан өнүгүп, башка өлкөлөрдөн артта калган.

Учурда экономиканы өнүктүрүүнүн жолдорун эки негизги документтен тапса болот:

2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы (мындан ары - Стратегия). Бул коом менен өкмөттүн ортосундагы келишимдин түрү, коомчулуктун кеңири катышуусу менен иштелип чыгып, өлкөнүн президенти тарабынан бекитилген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдар мезгилине "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" (мындан ары - Өкмөт программасы), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (парламент) тарабынан жактырылган. Документтин экөө тең 2018-жылы кабыл алынган. Макалада өлкөнүн келечегин сүрөттөгөн Стратегияга жана келечекке жетүү үчүн жасалган кадамдар баяндалган өкмөт программасына шилтемелер келтирилген.

* * *

1. Учурда Кыргызстандын экономикалык өнүгүшүнүн максаттары кандай?

"Экономиканын өнүгүү деңгээлине ылайык Кыргызстан киши башына УДК боюнча ортодон жогору кирешеси менен дүйнөдөгү мамлекеттердин катарына кириши керек" (Стратегия, I- бөлүм. Келечек көрүнүшү. Өнүгүүнүн максаты).

"Кирешелери ортодон жогору болгон өлкөлөр тобу" деген эмне? Бул өлкөлөрдө УДК (улуттук дүң киреше) киши башына төрт миңден 12 миң АКШ долларына чейин жетет дегенди билдирет. Башкача айтканда, Стратегияга ылайык, Кыргызстанда киши башына эсептелген улуттук дүң кирешенин көлөмү учурдагы 1,2 миң АКШ долларынан төрт миң АКШ долларына чейин өсүшү керек. Мындан тышкары, Стратегияга ылайык (VI глава. Орто мөөнөттүү баскычтын кадамдары) 2023-жылга чейин Кыргызстан төмөндөгүлөрдүн ичинен алдыңкылардын катарына кошулуш керек:

  • "Бизнес жүргүзүү" рейтинги боюнча 40 өлкөгө (бул бизнес жүргүзүүнүн оңойлугу боюнча рейтинг, 2020-жылы Кыргызстан 80-орунду ээлеген).
  • Дүйнөлүк атаандаштык индексине ылайык 70 өлкөгө (бул өлкөнүн экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн рейтинги. 2019-жылы Кыргызстан 96-орунду ээлеген)
  • Дүйнөлүк бакыт индексинде 30 өлкөгө (бул элдин жыргалчылыгын чагылдырган рейтинг, Кыргызстан 2019-жылы 73-орунду ээлеген)
  • "Transparency International" индекси боюнча 50 өлкөгө (бул коомдо коррупцияны сезгенин чагылдырган рейтинг, анда Кыргызстан 2019-жылы 126-орунду ээлеген).

2. Кыргызстан " кирешеси ортодон жогору өлкөлөрдүн тобуна" кошула алабы?

Мындай суроого жооп бериш үчүн ага канча убакытта жетерибизди билиш керек. Стратегия жетүү мөөнөтүн көрсөтпөйт. Болжол менен 2040-жылга чейинки убакыт жөнүндө сөз болуп жатат. Бирок кыргыздар дагы 20 жыл күтүүгө даярбы?

Коомубуз бир парламенттик шайлоодон экинчисине деген беш жылдык шайлоо мөөнөтүндө жашайт. Дал ошол парламент өлкөнүн экономикасын башкаруучу өкмөттү түзөт.

Элдин шайланган өкүлдөрү катары парламент жана ал шайлаган өкмөт беш жылдык ыйгарым укуктарынын аягында коомду кандай жашоого алып келгендиги үчүн түздөн-түз жооп берет. Ошондуктан, ар бир жаңы парламент өзүнө жана өзү түзүп жаткан өкмөткө өлкөнүн жарандарынын кирешелеринин өсүшүн камсыз кылган так жана өлчөнгөн милдеттерди да койсо туура болот. (Кирешелердин өсүш маселелерин билим деңгээлин жогорулатуу, медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу жана башка социалдык маселелер менен катар чечиш керек, бирок бул маселелер өзүнчө талкууну талап кылат).

Беш жыл ичинде адам башына төрт миң АКШ долларын түзүүчү УДКга (Улуттук дүң кирешеге) жетүү Кыргызстан үчүн оор маселе экенин белгилеп кетиш керек. Анткени бул учурда өлкөнүн экономикасы жылына дээрлик 27% өсүшү керек.

Кыргызстандын экономикасы, мисалга алсак, жыл сайын 10% өсө алабы? Кыйла реалдуу болгону менен оңой-олтоң иш эмес. Ушундай көрүнүш боюнча, 2025-жылга карата калктын киши башына эсептелген УДКсы 1,9 миң АКШ долларына жетип, мындайча өсүш керек:

2020 (ноябрь)

2021

2022

2023

2024

2025 (октябрь)

Өсүү темпи

10%

10%

10%

10%

10%

10%

УДК

(жалпы)

7,8 млрд

АКШ доллары

8,6 млрд

АКШ доллары

9,4 млрд АКШ доллары

10,4 млрд АКШ доллары

11,4 млрд АКШ доллары

12,6 млрд АКШ доллары

Киши башына УДК

1,2 миң

АКШ доллары

1,3 миң АКШ доллары

1,5 миң АКШ доллары

1,6

миң АКШ доллары

1,8

миң АКШ доллары

1,9

миң

АКШ доллары

*Баштапкы сандардын баары 2019-жылга берилген Дүйнөлүк банктын ачык маалыматтарынан алынган.

3. Экономиканын өсүшүн кимдер камсыз кылат?

Экономика жыл сайын 10% өсө турган болсо, мындай кадамдарды кимдер камсыз кылат?

Адегенде учурдагы экономикага ким жана кандай салым кошуп жатканын түшүнүш керек. Мындан ары да ушул иштерди жасоого алардын кудурети жетер бекен?

2019-жылы экономикага эң чоң салымды (дээрлик 47%) тейлөө тармагында - соодада, мейманканалар менен ресторандарда, автоунаа оңдоодо, маалымат менен байланышта, транспорттук кызматта жана башка акы төлөнүүчү кызматтардын түрлөрүндө иштегендер кошушкан. Экинчи ири салымды (39%) куруучулар, айыл чарба жана өнөр жай товарларын өндүрүүчүлөр (кийим тигүүнү кошо алганда), электр энергиясын, кайра иштетилүүчү материалдарды жана башка товарларды чыгаргандар кошкон.

ИДӨгү салымдын басымдуу бөлүгү (85%ы) жеке сектордуку, калган 15% - мамлекеттин салымы. Мындай көрүнүш Кыргызстандын экономикасы негизинен жеке сектордун аракети аркылуу түзүлөт дегенди билдирет. Иш жүзүндө жеке сектор канчалык бат жана күчтүү өнүксө, өлкөнүн экономикасы ошончолук кубаттуу болот. Ошондой эле Кыргызстандагы бардык чарбалык субъектилердин 98% жеке соодагерлер экендигин белгилей кетиш керек. Өлкөдө иштегендердин 84% жеке сектордо эмгектенет. Жеке сектордун олуттуу бөлүгү чакан жана орто ишканалар (мындан ары - ЧОИ) болуп саналат. 2020-жылдын январына карата 715 миң чакан жана орто ишканалар: 23,6 миң кичи ишканалар, 4,3 миң орто ишканалар, 344,2 миң жеке ишкерлер жана 342,2 миң дыйкан чарбалары жана фермерлер иштеген. Жалпысынан, кыргызстандыктар абдан демилгечи калк болот. Эл өзү иш орундарын түзүп, акча тап, мамлекеттик бюджетке салык төлөйт. Чынын айтсак, көпчүлүгү салыктарды жана татаал салыктык жол-жободон качып, “көмүскө сектордо” иштейт (ал ИДӨнүн 44,5% түзөт).

Дагы эле ушул эле суроону койсок: экономиканын өсүшүн кимдер камсыздайт? Жообу - баягы эле жеке ишкерлер болот. Бул кандай шарттарда болушу мүмкүн? Буга жооп Стратегияда келтирилген - мамлекет ишкердүүлүктү өнүктүрүш үчүн шарт түзүш керек.

4. Мамлекет ишкердикти өнүктүрүүгө кандай шарт түзүүдө?

Бюрократиялык көз карашты алганда, абал мындай болгон: 2015-жылы жеке секторду өнүктүрүү программасы кабыл алынган. Ал 2017-жылы токтотулуп, пландаштырылган иштердин айрымдары ошо бойдон иш жүзүнө да ашкан эмес; 2016-жылы ишкердик чөйрөсүн жөнгө салууну жөнөкөйлөтүү боюнча майда-чүйдөсүнө чейин такталган сунуштардын топтому даярдалган, бирок кабыл алынган эмес; 2019-жылдын ортосунда Экономика министрлиги чакан жана орто бизнести өнүктүрүү программасын даярдаган. Анысы да бекитилбеген бойдон калган.

Иш жүзүнө келгенде эмнебиз бар? Кыргызстан «Бизнести жүргүзүү» рейтингинде орду начарлап, 80-орунга түшкөн. Былтыр эле, 2019-жылы, биз 70-орунда элек. Бир кезде 44-орунда элек. Көп коңшубуздан кыйла артта калдык: Грузия 7-орунду, Казакстан 25-орунду, Орусия 28-орунду, Армения 47-орунду, Өзбекстан 69-орунду ээлейт (айта кетсек, Өзбекстан бир нече жыл мурун 138-орунда болгон). Коңшуларыбыздын мындай ийгиликтери кокустук эмес, тескерисинче, ишкердүүлүктү өнүктүрүш үчүн жасалган көп иш-аракетин натыйжасынан келген жетишкендик.

Башка дүйнөлүк рейтингдерде Кыргызстандын орду боюнча абал мындан жакшы эмес.

2019-жылы Кыргызстан Дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индексинде 96-орунга, Глобалдык бакыт индексинде 73-орунга жана "Transparency International" индексинде 126-орунга ээ болгон. Ошентсе да 2023-жылга чейин Кыргызстан алдыңкы өлкөлөрдүн 70, 30 жана 50 катарына кирүүнү көздөйт.

Стратегияда белгиленген милдеттер - өлкөнүн келечеги жөнүндө документ - иш жүзүндө аткарылбай жатат деп айтсак болобу? Ооба, болот. Мындан тышкары, программа да, өкмөттүн пландары да Кыргызстандын эл аралык рейтингдеги ордун жакшыртуу боюнча иш-аракеттерин камтыган жок.

Мамлекеттин иши ишкерлердин жумушуна таасир тийгизеби? Ооба, таасир тийгизет. Мамлекеттин колдоосунун жоктугу, бюрократиянын күчөшү менен тамыр жайышы, көзөмөлдөчү жана укук коргоо органдарынын кийлигишүүсү ишкердик аракеттердин солгундашына, инвестиция менен капиталдын чыгарылышына алып келет.

Акыркы жылдарда чет элдик түз инвестициялардын кетиши көбөйүүдө, бул инвесторлор өлкөнүн келечегине ишенбей тургандыгын көрсөтөт. Алсак, 2017, 2018 жана 2019-жылдары инвестициялардын бир жылдык кайтышы 700 миллион АКШ долларына жеткен. Бул дээрлик 30 жыл ичиндеги рекорддук көрсөткүч болгон. 2020-жылдын январь-март айларында чет өлкөлүк түз инвестициялардын кайтышы алыскы чет өлкөлөргө 2,2 эсе, КМШ өлкөлөрүнө алты эсе көбөйгөн.

Кыргызстанда ишкердик маанай күчтүү экенин адистер белгилесе да, көпчүлүгү өлкөдөгү жеке сектор али начар экенин белгилешет. Ага карабастан, учурда экономикалык өзгөрүүлөрдү жеке сектор гана баштай алат деп ишенишет.

5. Ишкердикти өнүктүрүш үчүн эмнелер керек жана ишкерлер экономиканы кантип көтөрө алат?

Көпчүлүк өлкөлөрдө ишкерлер экономикалык өсүштүн негизги булактары болуп саналат. Мисалы, Германияда чакан жана орто ишканалардын ИДӨгө кошкон салымы 55%, Кытайда 60%дан ашуун, Италияда жана Ирландияда 70% түзөт.

Учурда чакан жана орто бизнестин Кыргызстандын ИДӨсүнө кошкон үлүшү 41,5% түзөт.

Ишкерлер мындан да көбүрөөк салымын кошо алабы? Албетте, кошо алат. Бул үчүн өлкөдө кагаз жүзүндө гана эмес, иш жүзүндө да ишкердик чөйрөнү өнүктүрүү үчүн (Стратегияда айтылгандай) шарттар түзүлүш керек. Ошондой эле (Стратегияда айтылгандай) Кыргызстан иш жүзүндө "бизнес үчүн, инвестор үчүн, ар бир ишкер үчүн жагымдуу" болушу керек.

Ишкердикти өнүктүрүш үчүн эмнелер керек?

Алгач, мамлекет коомго берген убадаларын аткарыш керек, тактап айтканда: мамлекеттик башкаруу тутумун өзгөртүп, ири эл аралык рейтингдер боюнча - башкаруучулук жөндөмдүүлүк жана натыйжалуулук, жөнгө салуу климатынын көрсөткүчтөрү, отчёттуулук жана ачыктык, коррупцияга болгон түшүнүү жана чектөө, мыйзамдын үстөмдүгү, сот бийлигинин көз карандысыздыгы боюнча дүйнөнүн 25% мамлекеттеринин катарына кирүү. (Өкмөт программасынын 9-бөлүмү).

Ошондой эле Стратегияда айтылган бир катар билдирүүлөрдү мүмкүн болушунча эртерээк жүзөгө ашырыш керек, атап айтканда:

  • Кыргызстанды бизнес үчүн, инвестор үчүн, ар бир ишкер үчүн: жергиликтүү жана чет элдик, чоң жана чакан, таланттуу жана чыгармачыл адамдарды өзүнө тарткан жагымдуу жер кылыш керек;
  • жогорку технологиялуу, чакан жана экологиялык таза өнөр жайы бар инновациялык экономиканы түзүш керек;
  • 2023-жылы «Бизнес жүргүзүү» рейтинги боюнча 40 мыкты өлкөнүн, Дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индексинде 70 алдыңкы өлкөнүн, Глобалдык бакыт индексинде алдыңкы 30 өлкөнүн жана "Transparency International" рейтингинде 50 өлкөнүн катарына кириш керек;
  • 2023-жылга чейин ИДӨгү чакан жана орто бизнестин үлүшүн 50% чейин жеткириш керек;
  • катталган күндөн тартып үч жыл ичинде ишкердик субъектилерди мамлекеттик органдардын текшеришине мораторий жарыялаш керек;
  • баарына милдеттүү болгон эрежелерди аныктоо функциясын мамлекетке калтырып, ишкердик ишмердүүлүктү жана рыноктук механизмдерди өнүктүрүүгө дем бериш керек;
  • ишкерлерди административдик кысымдан бошотуп, бизнеске кийлигишүүнү азайтып, лицензия менен уруксат берүүчү документтерди азайтып, негизсиз текшерүү менен куугунтукту токтотуп, экономикалык кылмыштарды криминалдыштыруудан толук чыгарыш керек;
  • салыктын жалпы жүгүн 20% чейин кыскартып, анын ичинде социалдык камсыздандыруу төгүмү менен салыктардын жалпы санын - ишканалардын формасына жана көлөмүнө карабастан, жүгүртүү салыгы жана киреше салыгы, кирешенин кайра инвестицияланган бөлүгүн киреше салыгын төлөөдөн бошотуш керек;
  • жана башка бир катар билдирүүлөр.

Көптөгөн пайдалуу демилгелерды бизнес-ассоциациялар менен эксперттер көтөрүп жатышат. 2020-жылдын май айында депутаттар тобу ишкерлик чөйрөсүн жакшыртуу боюнча мыйзам долбоорлорун сунуш кылган. Бирок, тилекке каршы, сунуш менен демилгелер жоопкерчиликтен качкан мамлекеттик бюрократияга кабылып жок болуп кетип жатат. Ишмердүүлүктү өнүктүрүш үчүн эмне керек деген суроого кайрылсак, анда, биринчи кезекте, мамлекет өзүн кайра уюштуруудан башташ керек.

* * *

Автордон ыраазычылык

Үч макаламды окуп чыгууга чыдамы жеткен бардык окурмандарга чын жүрөктөн ыраазымын. Аны жазуу оюмда да жок эле, айрыкча экономиканы такыр изилдеген эмес элем. Бирок «Эмне үчүн биздин өлкө ийгиликке жетише албай жатат? Эмне үчүн биз ар дайым арттабыз? Биз эмне кылып жатабыз? Кыргызстан өнүгүш үчүн эмне кылыш керек?» деген суроолор тынчымды алып, кыйнап жиберди. Аларга өзүм жооп берүүгө аракет кылдым жана сиздер менен ойлорумду бөлүштүм. Бул коомдо талкууга зар болгон суроолордун аз гана бөлүгү.

Балким менин пикирлерим сиздердикине каршы келер. Андай болсо эң сонун болор эле. Келгиле, талашып, далилдеп, ырастап, четке кагып, макул болуп пикир алышалы. Ушул аркылуу гана өнүгө алабыз. Болбосо тез өнүгүп жана өзгөрүп жаткан дүйнөдө артта кала беребиз. Бардыгыңыздарды пикирди ортого салууга чакырам. Сунуштардын үстүндө иштеп жаткан адамдар бар экенин билип, ойлорун ортого салып, жалпы эл менен бөлүшөт деп ишенем. Учурда Кыргызстанда коомго өсүп-өнүгүү менен жетишкендиктерибиз менен сыймыктана турган идеялар, эң негизгиси, аракеттер керек. Биз караңгы туннелдин аягындагы жарыкты көрүшүбүз зарыл.

Гүлнара Каликова

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын чагылдырбайт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG