Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 20:21

Айтылган насыя ишкерге жетпей жатат


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү ишкерлерди колдош үчүн бөлүүгө убада берген каражат бизнеске жетпей жатат.

Өкмөт коронавирус пандемиясынан улам чыгымга учураган ишкерлерге бөлүп берерин билдирген каражаттар бериле элек экенин моюнга алды. Апрель айында өкмөт пандемия маалында бизнести колдоого атайын план иштеп чыгып, узак мөөнөттүү насыя бөлүүгө убада берген эле. Бул үчүн эки жылда 14 миллиард сом каралып, ишкерлерге таратылары кабарланган.

Бирок дал ушул каражат ишкерлерге жетпей жатканын 14-августта өткөн өкмөт жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов моюнга алып, насыя алуунун жол-жобосун өзгөртүүнү сунуш кылды:

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

«Демек, ишкерлерге бул программа боюнча маалымат жакшы жеткен эмес. Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бул программа алардын киреше табышына багытталып иштелип чыкканын айтып жеткирүү зарыл».

Боронов ишкерлердин арыздарын кароо мөөнөтүн кыскартууну тапшырып, ишкерлер бир жуманын ичинде насыя алар-албасы боюнча жооп алышы керек экенин билдирди. 17-августта болсо премьер-министр бул насыяларды алыш үчүн документтердин саны жетиден үчкө кыскартылганын билдирди.

Өкмөт өз кемчилигин оңдоп, убада берилген каражатты жеткиргенге чейин ишкерлер оор кырдаалда калганын айтышууда. Кыргызстандык бизнес-эксперт Темирбек Ажыкуловдун баамында, жакында ишкерлер арасында экономикалык абалды, бизнес тармагында жагдайды билүү максатында атайын сурамжылоо жүргүзүлгөн. Анын соңунда өлкөдө кыйынчылыкка учураган ишкерлердин катары калыңдап жатканы белгилүү болгон.

Темир Ажыкулов.
Темир Ажыкулов.

«Буга чейин Жаш ишкерлер ассоциациясы бардык аймактарды кошуп 1200дөн ашык ишкердин арасында сурамжылоо жүргүзгөн экен, - деди ал. - Бул абалды билиш үчүн жакшы эле сурамжылоо. Биз анын жыйынтыгына кызыгып: «Кандай болду?» деп сурасак: «Коркунучтуу болду» дешти. Себеби, сурамжылоого катышкандардын 40-50% жакыны банкрот болуптур. Дагы 40% жакыны багытты өзгөртүп, ишти сактап калууга аракет кылып жатыптыр. 15% эле ишкер өз ишин улантып жатканын айткан экен».

Мындай абалды Кыргызстандагы тигүүчүлөрдүн башын кошкон «Легпром» ассоциациясынын жетекчиси Сапарбек Асанов да ырастайт. Анын айтымында, өлкө экономикасындагы жолго коюлган тармак болуп саналган жеңил өнөр жайы да оор кырдаалга туш келди.

«Пандемия шартында негизги керектөө медициналык жабдык, дары-дармек, анан тамак-аш өндүрүүгө байланыштуу болуп жатпайбы, - деп түшүндүрдү ал. - Ошондуктан, чек аралар ачылып, рынок жандана баштаганда гана тигүү тармагынын иши оңоло баштайт деп жатабыз. Азыр болсо ишканалардын көпчүлүгү токтоп калды. Аз-аздап электрондук түрдө байланышып, буюртма алып иштеп жатышат, бирок көлөм абдан эле аз. Азыр бул тармакта канча пайыз ишкана иштеп жатканын айтуу кыйын. Биз бирикменин жандуу мүчөлөрүнүн арасында сурамжылоо кылып көрсөк, ашып эле кетсе 30-40% иштеп жатат. Калгандары учурда ишин токтотууга туура келди»

Ошентип, өкмөт башчы өзү да моюнга алгандай ишкерлерди колдоо боюнча убадалар көп учурда оозеки түрдө гана айтылып, ал каражат алынганча эле абдан көп ишканалар жабылууга аргасыз болуп жатат.

Бийлик мындан үч ай мурун убада берген каражаттын ишкерлерге жетпей жатышына ириде такталган пландын жоктугу себеп болгону экени айтылууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев дал ушул тиешелүү жетекчилердин чабалдыгынан улам азыркы кырдаал жаралып жатканын айтты:

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

«Ишкерлер өкмөттөн кандай жардам алары азыркыга чейин белгисиз. Кандай механизм менен, кимден алышат, кайсы фонддон же кайсы банктан алышат - мунун баары белгисиз. Ошондуктан көпчүлүк маселелер Экономика министрлигине тиешелүү болуп турат. Болбосо четтен алынган жардамды өз учурунда экономиканы колдоого жумшай албаганы өтө чоң каталардын бири болуп калды. Буга чейин 1-июлдан баштап бизнес жанданып, бюджеттеги 28 миллиард сомдук тартыштыкты бүтөгөнгө жардам берет деп пландалган эле. Бирок андай болбой калды».

Быйылкы бюджеттеги тартыштык 28 миллиард сом деп эсептелген. 2020-жылдын биринчи жарым жылында ички дүң өнүм (ИДӨ) 228,3 млрд. сомду түзүп, былтыркыдан 5,3% кемиген. Анын ичинде курулуш тармагы 9,1%, тейлөө 8,2% азайды.

Эл аралык уюмдар быйыл жыл аягына чейин экономика 10% артка кетерин божомолдоп жатышат. Өкмөт бюджеттин тартыштыгын чет элден алынган каражаттын эсебинен толтурууга ниеттенүүдө. Акыркы эсеп боюнча эл аралык финансы институттарынан 742 миллион доллар жардам алынары кабарланган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG